Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54
Тосулган жол, 4-июнь, 2013.
Тосулган жол, 4-июнь, 2013.

LIVE BLOG: Жол тосулган жерде...

Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүндө 2-июндан бери тосулган Бишкек-Ош жолу ачылды.

22:17 4.6.2013

УКМК Медербек Үсөновду кайра камаганы айтылууда

Бул тууралуу "Азаттыкка" Медербек Үсөновдун адвокаты Искендер Журабаев кабарлады. Анын айтымында, Үсөнов жеке кепилдик алдында чыгарылган соң Ошко учуп кетиш үчүн “Манас” аба майданына бараткан. Бирок жарым саат өтпөй УКМКга түшүнүксүз жагдайда кайра алып кетишти. Адвокат учурда УКМК Үсөнов кандай негизде кармалганын түшүндүрбөй жатканын кошумчалады.

УКМК басма сөз кызматынан болсо "Азаттыкка" бул окуя боюнча эч кандай маалымат бере албастыгын айтышты жана Үсөновдун кайра камалганын тастыкташкан да, төгүндөшкөн да жок.

2-июнда камакка алынган Медербек Үсөновго бир аз мурда эле Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу боюнча айып угузулуп, жеке кепилдик менен бошотулган эле. 31-майда Жалал-Абад облустук акимчилигин ээлеп алган топ аны "элдик губернатор" деп жарыялашкан. Ал камалгандан бери Жалал-Абаддагы тарапкерлери лидерин бошотуу талабы менен Бишкек-Ош жолун тосуп турушат. (BkA)
21:05 4.6.2013
20:53 4.6.2013
19:43 4.6.2013
Жол тоскондор лидерин күтүп жатышат

Сузактын Барпы айылында Бишкек-Ош жолун тосуп тургандар Медербек Үсөнов Жалал-Абадга келген соң гана жолду ачаарын билдиришүүдө. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, учурда нааразылык акциясынын 500дөн ашуун катышуучусу Үсөновдун Жалал-Абадга келишин күтүп жатышат.

31-майдагы Жалал-Абад облустук акимиятын басып алуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Медербек Үсөнов жеке кепилдик менен бүгүн бошотулуп, Бишкектен Жалал-Абадга жөнөп кетти. Ал үчүн ким кепилдик алганы белгилүү боло элек.

Үсөновго Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча айыптар тагылууда. (BkA\SE)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG