Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Тажикстандын борборунда өткөн кезектеги саммити негизинен аймактык коопсуздукка басым жасаганын кабарлап, ага атайын макаласын арнаган “Кыргыз туусу” гезити “ Назарбек Байжигитовдун “Кыргыздар көчмөндөр ким экенин көрсөттү” деген эки беттен турган макаласын тартуулады.
Макалада кандай мелдештер болуп өткөнү, анда кимдер жеңгени жадыбал түрүндө толугу менен берилген. Гезит ошону менен бирге эле чет өлкөлүк гезитер, телеканалдар менен радиоуктуруулар "Көчмөндөр оюнундагы" кыргыз элинин маданиятын, салтын, туристтик мүмкүнчүлүктөрү мыкты экендигин өз көздөрү менен көрүп таашыканын, чаап баратып ат үстүндө жаа тартып, жалындаган от менен бараткан, ат жалында сызып баратып тыйын эңгенин, көчмөн элдин көкбөрүсүн, кыз куумайын, башкаларын көрүп таңданышып, Кыргызстанда туризмди дүркүрөтүп өнүктүрсө боло турган укмуштай керемет жаратылыш бар экендигине, элинин маданияты менен меймандостугуна таң калышканын, бул саланат айрыкча жагымдуу өткөнүн чет элдик маалымат каражаттары жабалактап жазып чыгышканын кубануу менен маалымдады.
Ушул эле "Көчмөндөр оюну" тууралуу “Алиби” гезити “Көчмөндөр оюну Кыргызстандын кадырын көтөрдүбү?” деген суроо менен айрым жарандарга ккайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алды.
Кинорежиссер Садык Шернияз:- Биримдигибизди, ынтымагыбызды көрсөткөн алгылыктуу маараке болду,-деп;
Төкмө акын Азамат Болгонбаев:- Жүрөккө таасир эте алган жок. Кийинки иш-чараларда кемчиликтерин кайталбайт деп ойлойм,-деп;
Продюсер Тынчтыкбек Кожобеков:- Улуу элдин урпагы экендигибизди далилдеген чоң окуя болду. Андыктан жакшыбы, жаманбы, өлкөбүз үчүн өзгөчө кут алып келгеннин эч ким таналбайт. Муну жыл сайын өткөрүп, элди биримдикке уютуп туруу керек. Жарыбаган акчага ушунча зор жумуш жасалып, ойлогондон да ашып түштү,-деп;
Депутат Абдыманап Кутушев: - Элдин патриоттук духу аябагандай көтөрүлдү. Иш-чара жалпы элдин колдоосуна, урматтоосуна ээ болду. Дүйнө жүзүндө биринчи жолу жаңдуу, салтанаттуу "Көчмөндөр оюну" дүйнөдөгү эң байыркы эл болгон бизде өткөнү андан бешбетер мыкты болду,-деп;
Журналист Айбек Мусаев:-Канча жылдан бери кубанганды да унутуп бараткан элибиз кубанганды, мекенчилдикти туу тута турган мезгил эми келгенин баамдадым. Мындай салтанаттар көп болсо, элибиздин уруу-уруу болуп бөлүнмөй адаты жоголуп, жалпы кыргыз деп ураан чакырып каларына көзүм жетти,-деп жооп беришти.
“Фабула” гезитинде саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин интервьюсу “Кылтыйып алып чуунун баарын депутаттар жасап жатат” деген аталыш менен жарык көрдү. Шайлоого бир жарым жыл калганына карабастан депутаттар шымаланып, акча-тыйынын жыйнап, “колдоп койсоңор, биз бийликке келерибиз менен чечилбеген маселеңерди чечип беребиз, биз жыргатабыз” деп, элди бөлүп-жарып, тышкы мамлекттерден колдоо сурай баштаганын, 23 жылдан бери элди чалкасынан да, көмкөрөсүнөн аласалдырып көнгөн шылуундар шылуундугун кыла баштаганын, элди алдаганды булардан кыйын эчким билбестигин, буга бир мисал, Келдибеков эми келбей тургандыгын, чоң сыйыртмактан чоң акчасын чачып жатып бошонгон Келдибеков кайра келип сыйыртмакка мойнун тосуп бербестигин, ошондой эле Батукаевди да алып келе албастыгыбызды, соттордун болсо ишпалдасы чыгып, тааныш-билиш менен акчага карап иш кылганын токтотмок тургай ийгиликтүү улантып жатканын, мыйзамдар элибиздин менталитетине карата жазылбай башка өлкөлөрддөн көчүрүлүп жазылган мыйзам экенин белгилеп кетти.
“Фабула” гезити сандан санга жарыяланып келеткан айтылуу инсан, эл баатыры Мамбет Мамакеев агабыздын “Автобиографиялык мемуарынан” үзүндү басуусун улантууда.
Журналист Меңдибек Асылбековдун “Атанын азабы” деген баяны да ушул санда.
Өлкөбүздүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен “Улут жүзү” деп атлган коомдук фонд жар салган “Кыргыз эл бийи” сынагына катталуу аяктап калганын, ушул учурда көптөгөн бий топтору баш байгеси миллион сомдук бий сынагына ат салышуу үчүн даярданып жатканын, сынакты кыргыздын ишкер азаматы Рустам Маманов уюштурганын, буюрса мунун арты менен бийибиз көбөйүп, өнүгүп-өсөрүн белгилеп, гезит окурмандарды бул ирет “Санжыра” бий тобу менен учкай тааныштырды.