Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:46

Депутаттарды бөлгөн мэр


“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин президент А. Атамбаевге үч соболун басты.

“Айбат” гезити бул санын эл көбүрөөк кеп кылган беш саясий партиянын шайлоо алдындагы жүрүшүн талдоого алган макала менен ачты. Бул санда жазуучу Талип Ибраимовдун “Уруу-уруу, жердешчилик сыяктуу көрүнүштөргө алдыра берсек, кантип биримдиктүү эл боло алабыз?” деген, “Кочкордо чупакабра бүтүп эми гейлер чыкты” деген, “Нариман Түлеев акчанын күчү менен жол тостургусу келет” деген макалаларды басты. “Ошентип” деп жазат акыркы макаласында аталган гезит: “Айкөл Манастын Жолой, Шыпшайдар баштаган тарыхый душмандарынын айкелдерин Ала-Тоо аянтына орноттуруп бир таанылган, бейкүнөө кыргыз балдарынын канын суудай төккөн канкор Бакиевдин “уулу” боло калып бир таанылган Нариман Түлеевдин жактоочулары Бишкек-Торугарт жолун бууйбуз деп турганы менен жалпы нарындык мекендештерибиз буга макул болмок тургай тескерисинче элди бузуп, көкүтүп жаткандарга нааразы болуп жатканын, үч фазасы барларга ток кымбаттаарын, бирок үч фазалуулар жалпы Кыргызстан калкынын 10 процентин гана түзөрүн, калган 90 процент эл токту мурдагыдай эле 70 тыйын менен жага берерин, энергия Түлеевди жактагандардын эле шылтоосу экендигин жазып чыкты.

“Алиби” гезити журналист Канышай Мамыркулованын “Көкүрөктү өйүгөн Көк-Сай же Таластагы НКВДыны ким тыят?” деген макаласын басты. Анда Таластын Көк-Сай айылына кирип калган Чоң Шынаа аймагынан чыккан чырдуу жагдайлар туурасында сөз болот. Буга улай эле “Кара көл үнү” гезитинин башкы редактору Жолдошбек Алиевдин маеги “Каракөлгө гестапо керекпи?” деген ат менен жарык көрдү. Андан кийинки макала “Ай дээр ажосу, кой дээр кожосу жок Кара-Балтанын мэри” деп аталса, мэрдин кылган кылыктарын андан ары улаган Кара-Балта шаар кеңешинин 8 депутатынын “Данияр Шабданов депутаттарды “жакшы” менен “жаманга” бөлүүдө” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу кат жарык көрдү.

“Фабуладагы” кезектеги макаласында Баратбай Аракеев Атамбаевдин президенттик укугу мурдагы качкын эки президенттикине салыштырмалуу аябай эле чектелүү экендигин, ушул экөөнүн, бөтөнчө Бакиевдин куйруктары Атамбаевди ар тараптан алсыздандыруунун айла-амалын жасап, элге жаманатты кылганы менен майнап чыкпай келатканын белгилеп, президентке эмнени каалайт элек, биринчиден алгачкы ишин катуу баштаган баш прокурор Аида Салянованын ишин мурунку күүсүнө келтирүү керектигин, ички иштер министри Суранчиев кандай дурус адам болсо дагы ордун профессионалга бошотуп берсе, эч кимди тоготпой акча үчүн жадагалса башкесерди бошотуп салууга даяр турган, ансыз да жеп-ичкен далайларды бошотуп жаткан сотторду тартипке салуунун накта жолун тапса, коррупциясы жылт эткен министрлерди, акимдерди дароо иштен айдагыдай абал түзүүнү колго алса мамлекетибиз эки жылда эмес, жарым жылда эле мыкты деген атка конор эле, - деп жазды.

“Де-факто” гезити Жакшылык Бердибек уулунун “Өлкө башчысы өлкөбүздү өнүктүрүүгө чакырды” деген ат менен президенттин көз карандысыздыктын 23 жылдык майрамында сүйлөгөндөрүн талдоого алды. Нурлан Жукеевдин макаласы “Замандаштын залпы же Маманов максатка жеткиреби?” деген ат менен тартууланды. 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Биометрикалык базага кирүү калктын басымдуу бөлүгүнө ыңгайлуу”, энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин “Элибизге электр энергиясын тынымсыз берүүнү чечип жатабыз”, саясатчы Камчыбек Ташиевдин “Саясат деп койсо эле таптакыр адамгерчиликтен чыгып кеткен болбойт” деген маектери басылды.

“Жаңы агым” гезити журналист Олжобай Шакирдин “Курманжан датка”-кыргыз кереметин улаган жаңы шедевр” деп аталган макаласын кинодогу сүрөттөрдүн коштоосунда тартуулады. Макаланын автору Олжобай Шакир аталган фильм коомчулук күтпөгөн факт болгонун белгилеп, “бул тасма кыргыз кино өнөрүндөгү жаңы бурулуш, жаңы доор, жаңы дүбүрт, жаңы мектеп, жаңы бийиктик. Совет доору менен бирге “кыргыз керемети” атанган кино көчү да үзүлдү деген басыңкы маанайды кайрадан дүрт эттирип жандырган фильм болду деп атады.

Журналист Жанар Акаев:- Тасманы көрдүм. Бирок мен кыргыздын илгерки тарыхый тасмаларындай болот деп ишенгем. Бул тасмада маалымат деле аз экен. Албетте режиссердун эмгегин баалап, ыракмат айтсак болот, бирок аны укмуш мактап, улуттук баатырга теңеген болбойт. Кадимки эле тасма болуптур. Трейлерин көрүп укмуш болгон го деп ойлопмун,-деп;

Элиза Кыргызбаева:- Элдин баары тикесинен тик туруп кол чаап жатканы тасма мыкты болгонунан кабар берет. Миң уккандан бир көргөн, деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG