Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Жүк


Гезиттер учурдагы саясый абалга баа берүү менен кайрадан коалиция маселесинин тегерегиндеги ой-пикирлерди жандантты.

“Айат” гезитине маек курган саясат талдоочу, экономист Жумакадыр Акенеев жаңы өкмөттүн жасап жаткан ишин талдоого алды. Кыргызстан жаңы системага өтүп, парламенттик башкаруу менен иштеп аткандан кийин өкмөттүн иштешине убакыт берүү керектигин айтты. Өкмөттүн 100 күн ичинде жасаган ишинин буруш жана дурус жактарын белгиледи.

Ошону менен бирге эле Акенеев Бажыканадагы коррупция Акаев менен Бакиев убагында кандай схема менен иштеп келсе так ошондой эле схема менен иштеп келатканын сынга алуу менен бир катар сунуштарын айтты.

Коалиция тарайбы?-деген суроого ал тарай турган да, тарабай турган да шарты барын, азыр саясатта чоң оюндар жүрүп жатканын, жакында жаңы шайлоо кодекси менен таанышып чыкканын, эгер бул кодекс алынып калчу болсо президенттикке коём деп турган таанымал саясатчылардын бири да өтпөй калышы мүмкүндүгүн, ошондо эл күтпөгөн, ойлобогон адам келип калышы ыктымалдыгын, парламенттик мамлекетте 1-орунда спикердин орду чоңдугун, ал эми каражат дайындоо жагында премьер-министр турарын, президент болсо тышкы саясатты көзөмөлдөп, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарып, кабыл алынган кээ бир мыйзамдарга кол коёрун, демек азыркы Конституция боюнча президент 3-орунда турарын, ошондуктан мындан ары президенттик кызматты талашчулар азаярын, анткени президенттин бюджетке да, парламентке да тийешеси жоктугун, болгону 2 министрликти гана башкара аларын, анын символикалык гана орду же кыргызча айтканда президент деген аты гана калганын саясатчылар түшүнүшү зарылдыгын кеп кылды.

“Айгай”
гезити Жолдошбек Токоевдин 7-апрелде курман болгондордун ариетинен кийин пайда болгон ойлорун ортого салып: “Алмазбек Атамбаев башынан эле харизматтык саясатчы. Ал эгер прагматик болгондо 7-апрелдин аркасы менен келген жеңишке терең баа берип, коррупционерлердин баарын кустуруп, камачусун камап, түрмөгө отургузуп жиберсе эл артынан ээрчип кетмек. Ага эчким сөз тийгизмек эмес. Азыр ага мен да сын айтканга даамак эмесмин. Тилекке каршы Атамбаев, Отунбаева, Текебаев үчөө андайга жарабады же жалганбы?” деп жазды.

Аталган гезит андан ары Алмаз Атамбаевдин “Медиа-Форум” алдында сүйлөгөн сөздөрүн мисалга тартып, ага каяша ойлорун билдирди.

Бишкектин 1-Май райондук сотунда айыптоочу тарап Урмат Барктабасовду 18 жылга күчөтүлгөн режимде түрмөгө олтургузууну сурап жатканын, таң калыштуусу анын мындай жаза ала тургандай деле ашынган күнөөсү болбогондугун, ага караганда контрреволюция жасагысы келген Үсөн Сыдыков суудан кургак чыгып кеткенин, Кыргызстанды кыйратып кеткен Суталинов, Балкыбеков, Бакиевдер чет жактарда чардап жүргөндөрүн баяндаган катты Жалал-Абаддан Дастан Турусбеков жолдогон.

“Мурдагы убактылуу өкмөткө, азыркы бийликке” деген рубриканын алдындагы кайрылуу кат өлкө жетекчилерине багышталып, аты “Өмүрбек Текебаев: “Шейит кеткен баатырлардын максат-тилектерин аткара албасак, бизди Бакиевдердикинен да жаман тагдыр күтөт. Ошол тагдыр башыңарга келбес үчүн эртерээк ойлонгула!” деп айткан сөзү менен аталды.

“Учур”
гезити бүгүнкү санын “Байболов Бабановду ала жатты!” деген баяндамачы Сабыр Муканбетовдун макаласы менен ачты. Автор анысында коалициянын туруксуздугунан тажаган Алмазбек Атамбаев бир жагынан “атажуртчулардын” амбициясын канааттандырып, экинчи жагынан кеңири коалиция идеясына макул болуп “Ар-Намыс” фракциясына аэродром даярдап, үчүнчүдөн, президенттик шайлоо алдындагы өзүнө ыңгайлуу жумуштарды баштады десек болот. Эми Феликс Кулов, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Муктарбек Өмүракуновдун аткаруу бийлигине өтүшү Түндүктөн президенттикке талапкер болом дегендердин санын кыскартып, Атамбаевдин мүмкүнчүлүгүн жогорулатары айтпаса да түшүнүктүү” деген жыйынтык чыгарды.

Ушул эле гезит “Генерал Феликс Кулов Маскөөгө учту, Кремль кожоюндары менен сырдашканы” деген кабар таратты.

Бүгүн 5-саны жарык көргөн “Азат” гезити 7-апрелде окко учуп, жерге көмүлгөндөрдүн арасынан тирүү чыгып, азыр Россиянын Свердлов шаарында иштеп жүргөн Маралбек Максымбековдун маегине окурмандардын назарын бурду. Гезит кабарчысы Наралы Асанбаев атайылап барып, ага жолугуп кайткан.

Маралбек учурда Свердлов шаарында турарын, 2 жылдан ашып калганын, шаардын маршруттук таксисин айдаарын, аны өлгөн жигиттердин катарына кошуп, алтургай айылдагылары ага куран окутуп коюшканын кечээ жакын арада эле укканын, анын үстүнө өзү да ага-туугандары менен көптөн бери байланыша электигин баяндаган.

-Өлгөн кишинин жанынан сиздин паспорт чыккан деп жатат. Аны качан жоготтуңуз эле?-
деген суроого Максымбеков:

2007-жылдын күзүндө жоготуп, жоготкону тууралуу Ленин райондук паспорт бөлүмүнө арызын жазганын, аялы 2005-жылы эле кайтыш болуп, 4 баласы калганын, эми быйыл күздө туулуп-өскөн жери Ала-Букага кетейин деп турганын айтып берген.

“Асман преss” гезити окурмандарына “Мени сындыруу оңой эмес” деген ат менен Феликс Куловдун маегинин корутунду бөлүгүн сунуш кылды.

Ушул эле гезитке Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов маек куруп, бүгүн парламенттеги коалициянын урашына Бабановдун салымы чоң болгонун, аны оппозиция ыдыратпай эле өздөрү ичинен иригенин, ошондуктан коалиция жакында өз конфигурациясын өзгөртүшү мүмкүндүгүн белгиледи. “Ата Мекен” фракциясынын дептутатынын айтымында, КСДП менен “Ата-Журт” партиясы калып, “Республика” коалициядан чыгып, оппозициядагы фракциялардын бирөөсү кирип, көпчүлүктү түзүп калышы ыктымал.

“7-апрель жаштар кыймылы” деп аталган партиянын теңтөрагасы Мирлан Бекитаевдин маеги “Азыркы бийликте партиялык трайбализм болуп жатат” деген ат менен жарык көрдү. Аталган кыймыл Ички иштер министрлигине мыйзам долбоор сунуштаганын, өзү Жапониядан билим алып келгенин, Жапонияда миң акылдуу болсоң да, миң ирет чиновниктин же байдын баласы болсоң да белгилүү бир баскычтардан, сыноолордон өтмөйүн мамлекеттик кызматтарга жолотпосун, бул элде улуттук биримдик, ыйман өтө күчтүү экендигин кеп кылды.
XS
SM
MD
LG