Де-факто” гезити саясат таануучу Аалыбек Акуновдун “Кыргызстан адам болсо, саясатчы, аткаминерлер ага жабышкан кенелер” деген маеги менен бүгүнкү санын ачты.
Саясат таануучу кыргыз бийлигинин жүргүзүп жаткан саясатына баа берип: “Коррупцияны жасагандар да мамлекеттик органдардын кишилери, кайра эле коррупция менен күрөшкөндөр да мамлекеттик органдагылар. Ошентип мамлекеттин бир органы өзүнүн экинчи бир органы менен күрөшүүдө. Чыныгы күрөш болсо чекесинен эле камай берсе болмок. Ал эми биздеги күрөш тандалма түрдө жүрүп, көп учурда саясый атаандаштарды алсыратуу максатында болуп калууда” деп мүнөздөдү.
“Де-факто” гезитинде мындан тышкары майда кабарлар, “Көзүрү бар Бабанов, “машинага” айланган Юсупов” деген макала бар.
“Жаңы агым” гезити бул санын “Көлдүктөр кайра толкуйбу?” деген маалымат менен ачып, Жети-Өгүздөгү митингдин катышуучулары өлкө башчысы менен өкмөт башчысына, “Кумтөрдүн” жетекчисине район элинин атынан кайрылуу жолдоп, алтын кениндеги мамлекеттин үлүшүн 70 процент кылуу, уу калдыктарды көмүү, митинг лидерлерине каршы куугунтукту токтотууну талап кылуу менен бийлик башындагыларды 17-июнь күнү район борбору Кызыл-Сууга дагы бир жолу келип кетүүгө чакырганын маалымдады.
Ушул эле гезитте Уланбек Эгизбаевдин “Үч жашка чейинки генийлер же жапондор балдарды кантип тарбиялайт?” деген кызыктуу макаласы бар.
Он миң нускадагы “Планета” гезитинин бешинчи номуру жарыкка чыкты. Жаңы санын бир катар саясатчыларга багышталган “Оңтойсуз суроолор” менен ачкан “Планета” гезити депутат Улукбек Кочкоровдун “Элдин бийликке ишеними кеткендигин байкадым” деген маегин, “Жакында парламенттеги “Республика” фракциясы кайрадан көпчүлүк коалицияга киргени турат. Эмне, парламентке Кыргызстан оюнчукпу?” деген баш теманын алдында айрым жарандардын ой-пикирлерин жана ырчы кыздар менен интервьюларды тартуу кылды.
“Алиби” гезити бул санын президент Алмазбек Атамбаевдин “Бириксек, колдон келет!” – Биригүү колдон келеби?” деген аталыштагы макаласы “Супер инфо” менен “Вечерний Бишкек” гезиттерине басылганын эске салуу менен президенттин макаласын баштан-аяк талдоого алган Азамат Кыязовдун макаласын жарыялады.
Автор президент айтып жаткан биригүү үчүн бир эле шарт бар болгонун, ал – мыйзамды сыйлоо экендигин, биригүү үчүн бир тилектүү элита, бирдиктүү таза бийлик калыптанышы керектигин, андай болбосо, коррупциянын алдында биротоло тапталып бүткөн, аң-сезими акча менен гана чектелип калган, кадыр-барктан караманча кол жууп бараткан бүгүнкү биздин коомду биригүүгө үндөөнүн өзү тозокко айланып жатканын жазды.
Депутат Равшан Жээнбековдун “түз байланышка” берген жоопторунун баштемасы –“Мамлекет кайрадан авторитардык багытка түштү” деген ат менен жарык көрдү.
“Фабула” гезити саясатчы Эмил Өмүракуновдун “Оппозиция, позиция деп бири-бирибизди жеп атып Кыргызстан жок болуп кетмей болду” деген сөзүн шилтеме кылуу менен ачты. Эмил мырзанын маеги “4-5 жыл оппозициясы, позициясы жок эле жашасак жакшы болмок” деп аталды. Майда кабарлардан тышкары Айбек Шамшыкеевдин “Фархат Үсөнов Амановду тапанча менен эки жолу атып, бирок...” деген, Курсантбек Улукбековдун “Аликбек Жекшенкуловдун “акыйкаты” деген макалалары бар.
Депутат Канат Исаевдин интервьюсу “Кумтөр мамлекеттин пайдасына чечилерине көзүм жетпейт” деген аталыш менен тартууланды.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Нарын жергесиндеги жолугушуудагы сөзү “Керек болсо мен кетейинчи, Кыргызстанды сактап калалы!” деген теманын алдында жарык көрдү.
“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санындагы башкы макаласын “Нарын дайрасы – энергетикалык өгүгүүнүн башаты” деген баштема менен атап, анда Нарындагы ГЭСтердин курулушун баштоого байланышкан окуяны чагылдырууга арнады. ГЭС куруу иши боюнча жергиликтүү элдин айрым өкүлдөрүнүн ойлору басылды. ГЭСке байланыштуу керектүү маалыматтар берилди.
Ушуга улай эле президент Алмазбек Атамбаевдин “Жол тоскондун ордуна, жол салалы!” деген аталыштын алдындагы нарындыктар менен жолугушкандагы сүйлөгөн сөздөрү басылып чыкты.