“Асман преss” гезити Гүлкайыр Эшимованын Коомдук 1-каналдын директору Кубат Оторбаевден алган маеги менен жаңы санын ачты.
"КТРК бийликтин цензурасына айланды деген пикирлер айтылды. Буга кандай дейсиз?" деген суроосуна:
Кубат Оторбаев: Бийликтин цензурасы таптакыр жок. Азыркы КТРКны 2007-2008-жылдагы абалына окшоштурууга болбойт,–деп жооп берди.
Ушул эле Гүлкайыр Эшимованын “Азаттык” радиосунун азуусун ким сындырды?” деген макаласы да бар. Автор радиону бийликчил радио болуп кетти, “Азаттыктын” атын атагысы келбеген журналистинин айтымында, анын 60 жылдыгына чакырылган оппозиция өкүлдөрү Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана башкалар мааракеге келүүдөн баш тартышкан” деп жазды.
Гүлкайыр Эшимова радиону карапайым калктын көйгөйлүү маселелерин чагылдырбайт деп кеп кылуу менен “Азаттыктын” Кыргызстандагы жетекчиси Султан Жумагуловду сындады, ошону менен бирге Шайлообек Дүйшеев бийликти жактаган гана гезиттерди күйүп-бышып сөз кылып, айрым гезиттерди карап да койбойт” деп мени да сөзгө кошуп кеткенин угармандарыбызга айта кетели.
Аталган гезит бул санына “Атамбаев айтты да эй!" деген теманын алдында анын Нарындагы сүйлөгөн сөздөрүнө каяшасын басты.
“Асман преss” гезитинде бул материалдардан тышкары “Сариевдин саясаты”, “Атамбаевде кайсы амал бар”, “Ташиевди жактырышпады”, “Мырзакматовду оодарыша турган болду”, “Ташиевдин тормузу “Томаспы?”, “Ошто “кошуналар” ойгонобаштады”, “Тилге каршы чыккан чиновниктер маңкурттар” деген макалалар бар.
“Айат” гезити экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев менен айрым маселелер жана “Кумтөр” боюнча аңгемелешти.
"Азыркы экономикалык абал кандай?” деген суроого:
Айылчы Сарыбаев: –Абал өтө начар. Алкоголдук продукция жана тамеки чыгара турган өнөр жай мекемелери менен бирге эле алардын ппродукцияларын чыгарууну да, сатууну да мамлекет өзү көзөмөлгө алышы зарыл. Ал эми аларды көп санда чыгарууга уруксат берген мыйзамды сунуштаган адамдарды мамлекеттин душманы деп түшүнсөк болот,–деп айтты.
Экономист андан ары Кумтөр алтын кени мамлекеттин күчтүү көзөмөлү астында чечилиши керектигин, анын мамлекетке эч пайдасы жок иштеп жатышына өкмөт күнөөлүү экендигин, түзүлгөн келишимди кайра карап чыкса, же аны такыр токтотуп койсо эле Кумтөр боюнча эч кандай маселе жаралбастыгын айтты.
“Учур” гезити Фейсбук социалдык тармагындагы 700дөн ашуун мүчөсү бар “Кыргыз көчү” деп аталган мекенчилдер тобунун президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусун басты. Анда кыргыз тилине байланыштуу көйгөйлөр козголду.
Журналист Алишер Токсонбаев Оштон жазган макаласын “Кырдаалды курчуткан күчтөр баш көтөрүп жатышат” деп атаса, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун “Учур” гезитиндеги интервьюсу “Мыйзам азыр буйлаланган төө эмей эле, чынжырланган кабаанак ит болуп калды” деп аталып, анда Байболов сот иштери, “Ата-Түрк” паркындагы жер тилкеси жалгыз эле түштөн кийин кесилген Данияр Үсөновго таандык эместигин, азыр ал жерде Ак үй менен Көк үйдө отургандар ээ болуп алганын көргөзүп: “Данияр тартылган кылмыш жоопкерчилигине булар неге тартылбайт?”деп суроо койду.
Байболов түштүктөгү кан күйгөн күндөрдү эске салды. Ташиев менен Барктабасовду салыштырып, Барктабасов Ак үйдүн темиринен эле секирбестен анын 7-кабатына чейин чыгып кеткенин, эгер мыйзам баарына бирдей болсо, ал эмне үчүн 4 жылга соттолуп, эки жылда чыгып кете бергенин, анткени Барктабасовго байланышкан сот иштерин Кеңешбек Дүйшөбаев жок кылганын, мыйзам иштесе жалпыга бирдей иштеши керектигине токтолуу менен бийлик мыйзамды өзүнө керек учурда иштетип, кереги жокто ыргытып жибермей адаттан арылбаганын айтып чыкты.
Ушул эле гезит “Чындык” деп аталган саясий партиянын лидери Кубаныч Кадыровдун “бул бийлик шал болуп калды, элибизге жакшылык алып келбейт” деген аталыштагы, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун “Кудай колдогон “сыйкырдуу күч” менен кызматымды сактап келем” деген аталыштагы интервьюларына орун берди.