Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

Ушак айтпа!


Гезиттер Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү тууралуу сын пикирлерди жазууну улантып жатат.

“Де-Факто” гезити бул санын “Кыргызстан Алмазбек Атамбаев менен балык жылында” деген баштема менен ачып, “бүгүнкү өкмөт жарамсызбы?” деген суроого жооп издеди.

“Аялым менен Азиз Батукаевдин эч кандай жакындыгы жок” деп маек берген депутат Феликс Кулов, аялы кочкорлук нукура кыргыз болорун, Батукаевдин карындашы деген карандай калп экенин, саясый система кризистин чегине келип такалса, 300 миң кол топтоо менен референдум аркылуу Баш мыйзамды өзгөртүүгө болорун айтты.

Журналист Келдибек Назировдун жыл жыйынтыгындагы кыргыз саясатын талдоого алган макаласы “Апакай КСДП жана 300 миң доллар”, “Жетимсиреген “Ата Журт”, ыргылжың спикер”, “Ушакчылар” менен “Кара жашик”, “7-апрель окуясы– кылым сотубу?” деген темалардан турат.

Башкы редактор Бабырбек Жээнбековдун “Ултан Султандан жооп күтөт” деген “Алиби” гезитиндеги макаласы президент Алмазбек Атамбаевге арналды. Жээнбеков кайрылуусунда гезит ага мындан төрт ай мурда да кайрылганын, бирок жооп албаганын, “Кыргыз гезиттери биримдигин” ачканын, бирок эки күндүн биринде “Фокус.kg” жана “Баракелде” сайттары аркылуу: “Бабырбек Жээнбеков кызмат сурап өлүп атат. Бербесек муунуп өлчүдөй” деп аңкылдап атышканын, антимонопол комитетинде иштеп турганда тендер өткөрүү ыкмасын Орусиядан үйрөнүп келип, кыргыз кыртышына киргизген өзү болгонун, Атамбаевдин “крысалары” миллион жолу күнөө такса да ак экенин айтып, Беларуска безе качкан Бакиевдин мисалын эске салып, Атамбаевди уйкудан ойгонууга чакырды.

“Алиби” гезити ошондой эле бул санына “Азаттык” кимдин жеке менчик лавкасы?” деген чакан кабарында: “Шайлообек Дүйшеев өзү сүрөөнгө алган 2-3 гана гезиттин атын атап, калгандарын такыр унутуп калат. Эсиңе кел, Шаке, “Азаттык” салык төлөөчүлөрдүн акчасынан берилип, бүтүндөй гезиттердин кемчилигин, кем-карчын айтып турсун деп түптөлгөн” деп жазды. “Алибинин” авторуна жооп бере кетейин:
Биринчиден “Азаттык” Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен эмес, АКШнын конгресси тарабынан финансыланат. Тескерисинче “Азаттык” Кыргызстандын бюджетине жыл сайын доллар менен ири суммада салык төлөп турат. 50дөн ашуун кыргыз жарандары эмгектенип, үй-бүлөсүн багып келатат.

Экинчиден, “Азаттык” Кыргызстанда канча гезит чыкса, ошонун баарын окуп турууга милдеттүү эмес. Ага убактысы да жетпейт. Гезиттерге баяндама берип туруу демилгеси жеке менин жана “Азаттыктын” кыргыз кызматынын демилгеси менен, гезит окууга убактысы жана мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн киргизилгенин эске сала кетели. Эгер “Алиби” гезити уккусу келбесе, бул уктурууну эртеңден тартып эле жаап таштоого болот эле, бирок силерден башка да миңдеген угармандарыбыз бар экенин эске сала кетели. Ансыз деле “Азаттыкты”, алтургай менин өзүмдү ак жерден каралап, обу жок шыбаган макалаларды да таңатпай сүйүнчүлөп келатканымды уккандар жакшы билет.

“Жаңы агым” гезити “Жалпы журтту тоңдурган жек көрүндү бийлик жана үмүтүн электр кылган Жыргалбек акын” деген макаласында өкмөттү жана аны азапка салган кыш кыйынчылыгын баяндап, акын Жыргалбек Касаболотовдун: Өкүмөт бүгүн газ берет, өзбек тарап аз берет. Өчпөй тур, эптеп жылыткыч, өлбөгөн жанга жаз келет” деген ырын шилтеме кылды. Кыйналган элди тоңдурганы үчүн өкмөт башчы, спикер, министр кечирим сураганын, эмдиги кезек президентте экенин жазды.

“Кыргыз туусу” гезити “Жылдын айыл өкмөтү, акими, мэри ким болду?” деген баштема менен ачты.

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылган эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган бир катар маданият ишмерлери, жазуучулар, чыгармачыл адамдар кайрылып, мамлекеттик жана коомдук иштерде бир топ тажырыйбасы бар Абдыкадыр Султанбаев сынактан жеңип чыгып, Маданият жана туризм министрлигинин статс катчылыгына сунушталганын, ошондуктан бул татыктуу азаматты дайындап берүү жагын суранышты.

Аталган гезит философия доктору Жолборс Жоробековдун “Элдин ишеними мунай-газга караганда баалуу” деген аталыш менен “Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына пикирин билдирген макаласы да ушул санда.

Гезит ошондой эле эки бетке “жыл мыктыларын” сүрөтү менен басып чыкты.
XS
SM
MD
LG