Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:12

Жол


Биздин өлкөнүн баса турган жолу кайсы? “Кыргыз туусу” гезитиндеги аксакалдар ойлорун ушуга арнады.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыйын кезеңде жол көрсөтчү аксакалдар барбы?” деген баштеманын алдында жарыяланган макаланын башында Бишкекте “Абалдан чыгуудагы акскалдардын ролу” деген кереге кеңеш өткөнүн, максат ынтымакка келүү экендигин, Кытай, Жапония, Корея, Малайзия өңдүү Чыгыш өлкөлөрү өз жолун улуттук баалуулуктарына таянуу менен басып өтүп, өнүгүп-өсүп жатканын белгилеп, бул боюнча айрым аксакалдардын ойлорун ортого салды.

Мударис Кусейин Исаев: Бирөөнү кызматтан алып койсо эле топтолуп чыга калгандар акскал эмес, же урууларды топтоп алып, уруулардын курултайын өткөрөм деген да жакшылык эмес. Өз алдынча мамлекет болгонубузга 20 жылдан ашты. Ушуга чейин тактап алган стратегиябызды, тандап алган тарыхый максатыбызды эч бир жетекчи айтып көрө элек.

Кыргыз эл баатыры, академик Миталип Мамытов: Тажикстан, Өзбекстан билим берүү жагынан бизден кыйла озуп кетти. 20 жыл ичинде бизде бир оорукана курулган жок. Айрым балдар ата-энесине кол салган маңкурт болууда. Бул абалдан канткенде чыгабыз?

Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков: Кыргызстандын азыркы саясый шартында эч ким биримдикке келе албайт. 180 партия 180 жакка бөлүнөт. Ал турсун бийликте олтургандардын өздөрү 5-6 партияга биригип алган, ошондуктан президенттин алдындагы аксакалдар да бириге албайт. Көп партиялуулук каяктан келген? Тарыхты окугандар билет. Мындан 2 миң жыл мурда Жакынкы Чыгыштан бир эл куулган. Алар ошол барган жеринде эл-жерди бөлүү үчүн саясий партияларды түзө баштаган. Азыр Кыргызстандын эли биригип, өз бактысын куруп кетсин деп каалап турган дүйнөдө бир да мамлекет жок. Биримдик болуш үчүн көп партиялуулуктан арылышыбыз керек. Ансыз да башынан уруу-урууга бөлүнүп келген кыргызды 40 эмес 100 партияга бөлгөн саясий партиялар жоюлмайынча элибиз эч качан бирикпейт. Баш мыйзамды өзгөртө турган болсок, анда Баш мыйзамга парламентти кандай жол менен шайлаштын, кандай кишилерди алып келиштин формаларын киргизиш керек. Ошондо гана саясий партиянын муктаждыгы болбой калат, – деп айтты.

Ушул эле “Кыргыз туусу” гезити белгилүү публицист Үсөн Касыбековдун “Журналисттер ушак жазганга маш болуп бүттү” деген маегин тартуулады.

Оппозицияга чыккан “Алиби” гезити жаңы санын айтылуу публицист Кубан Мамбеталиевдин “Деги оңолор оюңуз барбы, урматтуу президент?!” деген макаласы менен ачты. Макалада “Кумтөр”, Жерүй алтын кендери, банк ячейкалары, тышкы жана ички саясат, “Ата Мекен” партиясы, анын лидери Текебаев жана мародерчулук жөнүндө кеп салып келип, аягында: “ Эмне себептен сиз Акаев менен Бакиевдин кландары чыгарып кеткен “финансылык активдерди” кайтарууга жол ачпайсыз? Ушундай активдерди кайтарып бере турган атайын адистештирилген эл аралык топ “көмөктөшөбүз” деп даяр турат. Бирок сиз муну укпай койдуңуз. Атамбаевдин режиминин бүтүп баратышынын белгиси көрүндү” деген ой эл ичинен чыга баштады. Бул “ушактын” белгиси эмес, бул чындыктын белгиси. Мындан качпаңыз. Эркекче кабыл алыңыз. Чычалабаңыз. Артыңызда сизге көз салып турган кыргыз эли турат. Биз ошол элдин катарындабыз. Түшүнүңүз. Жолуңузду тазалаңыз. Ниетиңизди оңдоңуз. Колуңуздан келбесе, өз ыктыярыңыз менен ажолуктан баш тартыңыз. Сизге айта турган сөзүбүз ушул” деп жазды.

“Фабула” гезитине журналист Баратбай Аракеевдин “Президенттик жол сыдыргыга салгандай болбойт” деген аталыш менен сүрөттүү баяны басылды. Анда президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн башына келгенине бир жыл болгонун, Бакиев кеткенден кийинки Убактылуу өкмөттүн жолу, андан кийинки мезгил талдоого алынды. Автор андан ары азыр бюджетибиз эптеп дем алып, кыйын абалда турганын, бирок буга президент Атамбаевдин түздөн-түз күнөөсү жоктугун, анткени анын президенттик бийлиги экономикалык абалга жеке жооп бергенге жетпестигин эске салуу менен бир кезде Акаев коррупцияга каршы күрөштө Манастын арбагына таянса, Атамбаев күч органдарына таянып иш жасап атканын, ал жагынан бир катар ийгиликтер болгонун, артынан “Атамбаев баланча акча жеп алыптыр, түкүнчө тууганын кызматка коюптур” деген кеп-сөз ээрчий электигин, кыскасы анын президенттик жолу жаман жол менен уланбаганын баяндады Баратбай Аракеев.

Бул санда депутат Токон Мамытовдун “Депутаттык кызматтан башка кызматка кетсемби деп ойлоп калдым...” деген ат менен маеги жарыяланды.

Аталган гезитте “Азамат Текебаев камакка алынды”, “Ташбаевдин камалганына таң калган киши жок”, “Оппозициялык азчылык парламентти таркатабы?” , “Алымбай Султанов алгылыктуу иштөөдө”, “Карганбек Самаковдой иштебейсиңерби?” деген майда кабаралар да бар.
XS
SM
MD
LG