Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Күнөө


Гезиттер бийликти да, парламентти да катуу сынга ала башташты.

"Асман преss" гезити айрым атуулдарга кайрылып, Жогорку Кеңештин бүгүнкү абалы тууралуу суроого жооп алды.

Журналист Эсенбай Нурушев: – Жарды Кыргызстанга 120 депутат көптүк кылат. 120 депутатты 1000ден ашык киши тейлейт. Булардын баарына канча каражат кетип жатат? Биздин республика чиновниктердин мамлекети болуп калды. Казынадагы акча көбүнчө ушуларга жумшалууда. Мейли, парламентти тараталы, бирок мындан мыктыларды элибиз шайлай алабы? Кеп ошондо,–деп,

Генерал Мирослав Ниязов:– Бул парламенттин Кыргызстанды кризиске алып келүүдө үлүшү абдан чоң. Мындай парламенттин кереги жок. Мен президент Атамбаевге бүгүнкү финансылык-экономикалык кризисти эске алып, азыркы парламентти таратып, өзү аткаруу бийлигин колуна алып, конституциялык реформага баруусу боюнча сунуш киргизгем. 93-жылдагы мыйзамды негизги мыйзам катары кабыл алып, 30-40 адамдан турган бир мандаттуу парламентти алып келишибиз керек,–деп,

Депутат Токон Мамытов:– Парламентти таратабыз дегендер атайын чакырып чайга отургузсаң да бир жерге отура алышпаган күчтөр. 1-си мурдагы Бакиевдин туугандары, балдары жана ага жан тарткандар. Алардын өткөн жазда Лондондо жолугушуп сүйлөшкөнү, кыргыз элин малга теңегени тууралуу маалыматтар бар. Экинчиси ички күчтөр. Алардын ичинде элим-жерим деген азаматтар да жок эмес. Бирок буларды пайдаланбыз деген саясый шылуундар бар,–деп жооп берди.

"Айат" гезити Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев менен маектешти. Коомчулукта «учурдагы бийлик да мурдагы бийликтегилердин катасын кайталап жатат» деген пикирлерге кандай көз караштасыз деген кабарчынын суроосуна:

– Мурдагы бийликтегилер аз да болсо мыйзамды туурарак жазып алып иш кылса, бүгүн мыйзам өзүнчө, бийликтегилердин кылганы өзүнчө кетүүдө. Бүгүнкүлөргө мыйзамдын кереги жок болуп калды. Бийликтегилерге айтып жеткирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Эгер ар бирибиз мыйзамды сактабасак, анда илгеркидей уруу-урууга бөлүнүп, ар бирибиз өз уруубуздун айткан-дегени менен жашоого туура келгени калды,–деп айтты.

«Учур» гезити Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун «Кыргызстанга тынчтык бербеген саясатчылардын күнү бүтүп баратат» деген темадагы интервьюсун жарыялады. Мелис мырза азыркы башкаруу системасы жараксыз экендигин бир катар жүйөөлөрү менен тастыктап, парламентти коомдун, элдин күчү менен таратуу керектигин, бирок революциялык жол менен эмес, маданияттуу түрдө кетирүү керектигин, басып алуу менен бийликти алмаштыруу экономиканы да, аң-сезимди да талкалаарын жакшы эле көргөзгөнүн, көргөзүп да жатканын айтты.

Мырзакматов маегинин аягында: –Мынакей, дүйнө тамшанган АКШны караңыз, президент Обама элинин жакшылыгына да, жамандыгына да жоопкер, Кытайды караңыз, миллиарддаган кытай элине партиянын бийликтеги катчысы башы менен жоопкер, анан бизди карагыла, эч кимиси эч нерсеге жооп бербеген коомду таңуулап, ким каалашынча жалган айтса, ким каалашынча уурдаса, ким каалаган туугун-уругун, куда-сөөгүн ишке кое берсе, анан ушундай система менен жашайсың дей берсе, кыргыз көнөбү? Ошондуктан бир нукту тандай турган мезгил келди. Кыргыз коомчулугу тез аранын ичинде силкинип, түп тамырынан берүү өзгөрүшү керек,–деди.

"Пресс.kg" гезитине Айзада Абазова шайлоого арналган макаласы “Бардык партиялар сөзү менен Бишкекти Парижге айландырганы калды” деп атап, калпты шыпырта айтып, биз депутат болсок андай кылабыз, мындай кылабыз деп аткандарды шайлагандын ордуна аларды шыпыргы кылып алса – Бишкектин көчөлөрү бир күндө тазаланмагын, болбосо буларды миң жолу шайласак да оңолбой калганыбызды жазып жаны кейиди.

Депутат Равшан Жээнбеков магеинин атын “Атамбаевди Акаев менен Бакиевдин тагдыры күтүп турат” деп атап, ал күчтүү президенттик башкарууга эмес, күчтүү парламенттик башкарууну куруш керектигин, ал бир күндө эле түзүлө калбастыгын белгилеп, президент Атамбаевди бийликти бир колго топтоп атат деп күнөөлөдү.

Мародерчулукка байланыштуу суроого Равшан Жээнбеков, “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын күнөөсү бар дешке али эрте экендигин, эгер Бакиевдердин мүлкүнүн бирөө эле “атамекенчилердин” бирөөсүнүн же бала-чакасынын ээлигине катталган болсо, анда муну мародерчулук десе болорун, ал эми телефон чалынган деген маалыматтар “мародерлук кылган” дегенге далил болуп бере албастыгын айтып жооп берди.
XS
SM
MD
LG