Бүгүн жарыкка чыгуучу “Кереге” гезити айрым атуулдарга кайрылып: “Орусиянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамы реалдуубу?” деп суроо салды.
Серепчи Марс Сариев: –Албетте реалдуу, азыр процентсиз 25 млн. доллар берди. Мындан тышкары курал-жарак беребиз деп жатат. Ошол эле маалда ГЭСтерди куруп берсе, электр энергия көбөйүп, Өзбекстандын сууга болгон талабы мыйзамдашат,–деп,
Журналист Турат Акимов: – Биринчиден, азыркы Орусиянын грант катары берип жаткан жардамы реалдуу. Экинчиден “жаман айтпай жакшы жок” дегендей президент Алмаз Атамбаев бийликтен шыпырылып калчу болсо, ал койгон документтердин баары жокко чыгат. Мындай кырдаалдын Орусияга кереги жок. Кыскасы бул жерде Орусиянын стратегиялык чоң кызыкчылыгы жатат,–деп,
Ишкер Анарбек Усупбаев: –Азыр биз Орусияга көз карандыбыз. Суверендүү мамлекетпиз деген менен андай эмеспиз. Суверендүү мамлекет деген башка өлкөлөрдөн карыз акча сурабайт. Өнүккөн өлкөлөрдүн стратегиялык чоң пландары бар. Кытай, Орусия, АКШ тымызын жер талашып жатат. АКШ суу астында калуу коркунучунда турат. Ошол эле убакта Орусия бизге жардам берип жатат деп сүйүнүштүн кереги жок. Анын артында арбын максат жатат, ар бир тыйыны эсептелген,–деп,
Депутат Токтогул Туманов: – Бажы биримдигине кирип алсак атамекендик өндүрүшчүлөрдүн өндүргөн продукцияларын чет өлкөлөргө экспорттогонго жол ачылат, чек аралар бекемделет,–деп,
Серепчи Уран Ботобеков: –Орусиянын убадасы азырынча декларативдүү гана болуп жатат. Грант качан келет? Иш жүзүнө качан ашат? Белгисиз. Орусиянын ар бир кадамынын артында чоң геосаясий кызыкчылык бар экени айтпаса да белгилүү. Бул жардам бюджеттин тартыштыгына жумшалат. Бирок кимдир бирөөнүн сол чөнтөгүнө түшүп кетпей, орду менен пайдаланылса болду,–деп жооп берди.
Журналист Элизат Турсунованын макаласы “Коррупция “короочулары” же “атамандары” кимдер?” деген ат менен жарык көрүп, ушул жылдын башында Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев көмүскө экономикада 130 миллиард сом айланып жүргөнүн айтканын, демек миллиарддаган сом айланган жерде сөзсүз жогорку кызматтагы мамлекеттик чиновниктер да кошо айланарын, андай акчада алардын сөзсүз катыштыгы бар экенин, коррупцияга каршы күрөш күч алды деген менен паракорчулук азайбай эле кайра күчөп баратканын жазды.
“Бүгүн жарыкка чыккан “Көк асаба” гезити Кадамжайдын тургуну Абдинаби Назарбаевдин “Идеологиянын зарылдыгы же элибизди маданияттуу кулчулуктан куткаруу” деген макаласын окурмандарга тартуулады.
Автор Кыргыз мамлекетин жок кылып албаш үчүн кандай идеологияны туу кылып, кандай иштерди жасоо керектигине өзүнүн баалуу ой-сунуштарын ортого салган.
Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун маеги “Алтын доордо кыргыз элинин багы ачылат” деп аталып, айтылуу Калыгул олуя “Алтын доор келет” деп айтып кеткенин, 21-декабрдан баштап же 2013-жылдан тартып жашообузга жаңы чен-өлчөмдөр кирерин, энергия 37 процентке өсүп, адамдык сапаттар жогоруларын, буга байланыштуу келерки жылды Манас жылы болсун деп өкмөткө “Манас эл коому” кайрылганын кеп кылса,
Кыргызстанда жашаган мекенчил жарандар Бишкек шаарынын мэриясы жана Маданият министрлигинин колдоосу менен жалпы элдин ынтымак-ырысын, салт-санаасын, үрп-адатын сактоо боюнча, аны менен бирге эле улуттар аралык биримдикти даңазалоо ниетинде үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрынан 30-декабрына чейинки 41 күндүк мөөнөткө Улуттук тарых музейинин ичине Кут үйү деп аталган боз үй тигишкенин жар салды. Эми мындан ары бул боз үйдө күнү-түнү Бата ыроолонуп, Манас айтылат. Комуз, чоор, кыл кыяк ойнолот. Кыргыз тарыхы, кыргыз тили, кыргыз элинин касиеттери, макал-лакаптары, сыр маанилери жана кыргыз дүйнө түзүмү жөнүндө сөз болот.
“Көк асаба” гезити андан ары мына ушул доор алмашып, аалам тогошуп аткан маалда адамзат адашуу жолуна учурабоосуна багытталган сыйынуу жөрөлгөлөрү болорун, мындай иш-чаралар азыркы учурда дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде АКШда, Индияда, Непалда, Кытайда, Казакстанда, Орусияда өткөрүлүп жатканын маалымдады.
Аталган гезиттин жаңы санында белгилүү күүчү Нурак Абдырахман уулу Арсланхантегиндин күүлөргө баяны, санжырачы Акмат Карыбай уулунун “Кыраан кыз Бурулчанын Нурдөөлөт болушка арызганы” деген арзуу баяны жарык көрдү.