Бүгүн - Улуу Жеңиш майрамы. Адамзатты гитлердик-фашисттик алааматтан сактап калган жоокерлерибиздин өлбөс-өчпөс эрдиктери эбегейсиз. Аларсыз дүйнө тынч болмок эмес. Биз бүгүн курман болгондордун, катарыбызда жоктордун арбактарына куран окуу менен Улуу Жеңиш күнүн майрамдаганы отурган бардык ардагерлерибизди майрамы менен “Азаттык” радиосунун миңдеген окурмандарынын жана эмгек жамаатынын атынан чын жүрөгүбүздөн куттуктап, сиздердин оору-сыркоодон алыс жүрүшүңөрдү, күүлүү-күчтүү, бекем ден соолукта болушуңарды каалайбыз!
“Кереге” гезити Элизат Турсунованын “Бейөкмөтчүлөрдүн бети качан ачылат?” деген макаласы менен жаңы санын ачып, анда жарандык коом деп аталган көп сандаган коомдук уюмдардын ак-карасын жакшылап ылгап, кимиси чындап Кыргызстан үчүн жардам берип, кимиси элди элге тукуруп, адамдардын аң сезимин чаңдатып келаткандыгын ылгап ала турган кез келгенин баса белгиледи.
Ушул боюнча айрым атуулдардын ойлоруна орун берди.
Саясий талдоочу Карыбек Байбосунов: Бейөкмөт уюмдар төрт топко бөлүнүп калды. Булар көңүлгө толорлук эч нерсе кылган жок,-деп,
Журналист Турат Акимов: Буларды чет өлкөлүктөр финансылап, ошолордун саясатын жүргүзүп жатканы баарына маалым. Мисалы, сот реформасын алсак, эч кандай билими жок укук коргоочулар отурат. Батыштын саясаты боюнча аял киши бир нерсеге бачым берилип, ишти айткандай жасайт деп көбүнчө аялдарды коюп алышкан. Мында чоң саясат жатат. Негизи коомчулукка бул уюмдар кайсы бир деңгээлде керек,-деп,
Ишкер Табылды Эгембердиев: Бейөкмөт уюмдар жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Бийликтин кемчилигин бетке айткан ушул уюмдар. Элдин аң-сезимин ойготкон да ушулар. Бизге мындай уюмдар керек. Мындай уюмдардын карапайым элге зыяны жок, бийликке зыяны тийиши мүмкүн,-деп,
Саясатчы Аликбек Жекшенкулов:- Бул уюмдардын кылган иш-аркеттери бүт Батыштыкы. Ошондуктан мамлекет бул уюмдардын максатын тыкан иликтеп, анан жыйынтык чыгаруусу зарыл. Негизи жакшы да, жаман да жагы бар,-деп жооп берди.
Мурдагы депутат Улукбек Ормоновдун “Кереге” гезитиндеги маеги “"Дастан” заводун Орусияга беришибиз керек” деген ат менен жарык көрдү.
Улукбек мырза “Дастан” заводуна Орусиянын кызыкканы бекер эместигин, анткени заводдун тутумунда Ысык-Көлдө жайгашкан торпедо сыноочу жайы, “Кой-Сары” аскер базасы, булардан тышкары Кара-Ой айылында пансионаты барын айтуу менен бүгүн заводго бир жагынан Индия, бир жагынан Түркия мамлекеттери кызыгып турганын, эгер заводду Аскер Деңиз куралдарын чыгаруучу стратегиялык көзгө басар завод катары кармайбыз десек Түркия мамлекетине бербөө керектигин, анткени Түркия НАТОго мүчө өлкө экенин, НАТО болсо Орусияга карама-каршы аскердик күч болуп саналарын белгиледи.
Улугбек Ормонов ошону менен бирге эле: “Бул завод Орусия үчүн гана керек. Орус өкмөтүнүн “Дастандын” 75 процентин сурап жаткандыгы Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин өзгөргөндүгү. Бирок мен президент Алмазбек Атамбаевдин “келишим аткарылыш керек, мурдагы эле 48 процентин алгыла” деп айтканын колдойм” деп айтты.
“Кереге” гезити булардан тышкары Атай Өмүрзаков өткөргөнү жаткан бий фестивалына 25 өлкөдөн 1000 бийчи катыша тургандыгын кабарлап, бул боюнча атайын макала тартуулады.