Бабанов дагы бир “Кара бомбага” кабылды” деген баш тема менен бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезити Өмүрбек Бабановдун казак күркүлү Булат Утемуратов менен жолугуп сүйлөшкөнү интернет аркылуу таратылганын мисалдап, буга байланыштуу айрым саясатчылардын ойлоруна орун берди. Суроого жооп бергендердин дээрлик баары бул маалыматтын жалган жана жасалма экендигин белгилешти. Гезит ошондой эле Бабанов бүгүн парламентке келип отчет бере тургандыгын эске салды.
Журналист Семетей Талас уулунун Алманбет Анапияев менен маеги жарыяланды. Алманбет Анапияев Садыркуловдун өлүмүнө эч кандай катыштыгы жок экенин, баары жалаа экенин, Жаныш Бакиев аны пайдаланган деген акылга сыйбай турган нерсе экендигин айтуу менен, азыр алданемедей эле Дубай шаарында жашап, кыргыз спортуна салым кошуп турарын, өзүнүн кеңсеси барын баяндап берди.
“Айат” гезити журналист Жылдыз Мусабекованын макаласын тартуулады. Макалада бийлик ээрге минери менен “Биз деген Акаев менен Бакиевдин кемчилигин кайталабайбыз, таза адамдар менен, таза кадамдар менен алга кадам шилтейбиз” деп бүтүндөй эл алдында убада берген, акыры баягы эле Акаевди, Бакиевди жыккандар эми Атамбаевди жаңылтышты, мүдүрүлтүштү, ошолор түшкөн казанга салышты, эми Атамбаевдин ал казандан чыгышы оңойго турбайт” деп жазды.
“Учур” гезитиндеги макаласында журналист Сабыр Муканбетов Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жүз күндүк отчетун угуп, катаал суроолорду беримиш болгон түр көрсөткөн менен Бабановдун отчетун канааттандырарлык деп тапканын сынга алды.
Ушул эле гезит “Атамбаевдин командасы жарабай калдыбы” деген аталыш менен президенттин насаатчысы Фарид Ниязовду, КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековду, кеңешчиси Бектемир Мурзубраимовду, аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди, басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевди, 2010-жылга чейин Атамбаевдин шоопуру болуп жүрүп, эми бакыйган чиновникке айланган Икрамжан Илмияновду, Аалы Карашевди жана президенттин аппарат башчысынын орунбасары, Данияр Үсөновдун мурдагы жардамчысы, Максимдин жан досу болгон Сапар Исаковдорду сынга алган мүнөздөмөнү тартуу кылды.
“Учурдун” ушул санында депутат Өмүрбек Абдырахмановдун “Мен парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясына 100 миң доллар бергем, Текебаев 100 миң долларымды берсин” деген ат менен, Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун “Бийлик коррупция менен күрөшө албай калды” деген ат менен, депутат Равшан Жээнбековдун “премьерликке дагы ат салышам” деген ат менен маектери басылды.
"Асман пресс" гезити “Көмүрдүн уусу менен чуусу” деген баштеманын алдында көмүрчү деп аталган бирикменин президенти Арстанбек Абдиев менен маекти окурмандарга тартуу кылды.
Депутат Каныбек Иманалиевдин маеги “Кыргыз саясатынын туу башы - Манаста” деп аталды.
Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова мына ушул "Асман пресс" гезитинин кабарчысы менен сүйлөшүп жатып чоңдор тойдо беттери кызарганча 8 саат олтурушат, бирок театрга бир жолу басып келгенге убактылары жок деп айтты.
“Параграф” гезитинде укук коргоочу Качкын Булатовдун “Бийликте, парламентте бакиевчил кылмышкерлер отурат” деген макаласы жарык көрдү. Качкын Булатов анысында “Бир кезде 250 млн. долларды мурдагы транспорт министри болуп ишетеп турган Нурлан Сулайманов Максим Бакиевге которуп берген деп Бекназаров айтып, ага кылмыш иши козголгону тууралуу интервью берген, убакыт өтө берип, мына ушул кылмыш иши жабылып кала берди. Азыр ал Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурат. Мындай мисалдарды айта берсек түгөнбөйт” деп айтты.
“Арена kg” гезити "Замандаш-Современник" саясий партиясынын билдирүүсүн таратты. Гезит ошону менен бирге эле депутат Курманбек Осмоновдун маеги “Атасы-баласы, энеси-кызы, ал түгүл үч бир тууганы тең сот болуп иштегендер бар” деген аталыш менен тартууланды. Курманбек мырза профессионал сот катары сот реформасынын айрым көлөкө жактарын кеп кылды.
Ушул эле гезит "Бир туугандардын бийлиги" деген ат менен бир тууган Шариповдор тууралуу жазып, аларга атайын макала арнады.