“Фабула” гезити журналист Үсөн Касыбековдун “Авгийдин атканасы” деген макаласын жарыялады. Макалада туташ коррупцияланып кеткен финполицияны түп тамыры менен жоюп, ордуна экономикалык кылмыш менен күрөш боюнча мамлекетттик кызмат түзүү, ага конкурстук негизде кадрларды тандап алуу бир далай саясатчыларга жакпагандыгын, мындай тандап алууга депутат “Ата-Журтан” Ахматбек Келдибеков, “Республика” фракциясынан Бегматов, “Ата-Журттан” Дастан Жумабеков нааразы болушканын белгилеп: “Сынактын өзгөчөлүгү майлуу кызматка жутунгандар көп болду, сынактын төрагасы Жоомарт Оторбаевдин билдиришинче, депутаттардын 14ү, министрлердин үчөө өз туугандарын түрткөн, бирок алар биринчи турда эле кулап калышкан. Алардын артындагылар кимдер экенин Оторбаев ачык айткан жок. Бирок булар ким экенин финансы полициясынын жоюлушу менен тестирлөө сынагына каршы чыгып жаткан мыктылардын ичинде жатканын билсе болот” деп жазды.
Үсөн Касыбеков андан ары сот реформасы тууралуу сөзүндө: “Азыркы 400гө жакын сот корпусун жоюп жиберип, ордуна жаңысын алуу кыйынчылык деле туудурбайт эле. Алардын ордуна такшалган, интеллектуалдык коэффициенти бийик адвокаттар, юристтер жетиштүү. Анткени азыркы соттор моралдык жагынан деградацияланып бүттү, кесиптик деңгээли да төмөн. Сот системасын реформалабай туруп коомдун алга жылышы мүмкүн эмес” деп жыйынтыктады.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Жусупжан Жээнбеков “Фабула” гезитине курган маегинде Бакиевдер, Үсөн Сыдыков, Азимбек Бекназаров тууралуу кеп кылды ошондой эле ал Руслан Шаботоевдин жоголгонун алгач президент Бакиевден өзүнөн укканын, дагы бир топ нерселерди шардана кылды.
Кубат Болот аттуу автор “Фабула” гезитиндеги өз макаласында: “Таласта митинг өткөргөндөрдүн беткабы сыйрылды, көрсө бакиевчилер, же энергобарон Алексей Ширшов кыргыз бийлигине каршы чабуулга өткөн экен” деп жазат.
“Алиби” гезити Таластагы митингди башка өңүттөн талдоого алып, Сагынбек Момбеков ырдап бүтөлөктө эле белгисиз бирөөлөр курултайчылардын кетишин талап кылып, уюмдун символикасы тартылган баш кийимдерди жана желектерди өрттөп жиберишкенин, гезиттер да өрттөлүп сууга ыргытылганын, бул окуя бир жагынан Түптөн түрүлгөндөр оппозицияны жумуртка менен койгулап тосуп алган жорукту эске салганын, “Кыргызстандын жаңы күчтөрү” аталган бул кыймыл жакынкы күндөрү кайрадан Таласта тынчтык митингин өткөрөбүз” деп жатышканын, анысы эмне менен аяктаар экен, көрө жатарбыз” деп жазды “Өрттөлгөн гезит, өпкөгө муш жеген кыймыл” деген макаласында.
“Алиби” гезити дагы бир кабарында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаров каражат издеп Даняир Үсөновду ортого салуу менен Англияда жашаган банкир Мухтар Аблязов менен сүйлөшүп жатыптыр” деп кабарлады.
“Алиби” гезити булардан сырткары бүгүнкү санына гезиттин башкы редактору, “Манастын урпактары” кыймылынын уюштуруучусу Бабырбек Жээнбеков президент Алмаз Атамбаевге, премьер-министр Өмүрбек Бабановго, башкы прокурор Аида Салянова менен ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кайрылуу катын жолдоду. Катта Таластагы митингге бут тоскондор жазаланышы керектигин, Гитлер бийликке келгенде да бийлигин чыңдоону өзүнө жакпаган китептерди өрттөөдөн баштаганын, бул жагымсыз окуя бүгүн өкмөт башында турган Бабановдун ысмы менен байланыштырылган “имиштер” аркылуу Таласты аралап жатканын, эгер Бабанов бул окуядан жыйынтык чыгарбаса, жаманаттысы ага каларын эстетип, бул иштин аягына күч органдарынын жетекчилери ак-карасын талдап чекит коюшу керектигин, антпесе Түптөгү окуя сыяктуу эле көөсү Талас элине каларын белгиледи. Бабырбек Жээнбеков аягында Талас элинен мындан ары мындай митингдерди жасаардан мурда акыл калчап, токсон толгонуп анан гана кадам ташташ зарылдыгын суранды.
Журналист Темирбек Алымбеков “Орусиянын оюну же кыйчалышта калган Кыргызстан” деген макаласында бүгүн Орусия жаңыча оюн баштаганын, айтылуу “Дастан” заводу тууралуу сөз болсо эле “анын жабдуулары эскирген” деген шылтоону, ГЭС курууга келгенде “Өндүрүлгөн энергияны сатуу кыйын, чыгымдарыбызды жаба албай калабыз” деген болбогон шылтоолорду айта баштаганын, эгер жабдуулары эскирсе анда “ал жактан чыгып аткан торпедолорду албай эле койбойсуңарбы?” деген аргасыз суроо өзүнөн өзү пайда болорун, демек орустардын мунусу жөн эле куру шылтоо экенине токтолду.
Темирбек Алымбеков андан ары орустун гезиттери “Кытайга эле барбаса кайда барат?” дегенсип табалап турганын, андыктан Кытай болобу, АКШ болобу, Түркия же Европа өлкөлөрү болобу, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн баары менен сүйлөшүп көрсө болорун белгиледи.