Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Эмне үчүн?


Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010
Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010

Гезиттер парламент, Кыргызстандагы 7-апрель революциясы, өлкөнүн тышкы саясаттагы кадамдары тууралуу макалаларга басым жасады.

“Фабула” гезити коррупцияга каршы күрөшкө парламент ачыктан ачык эле бут тосуп жаткандыгына коомчулуктун кыжыры келе баштагынын билдирүү менен “Парламент Шадиевди, Пирматовду актап, сот, прокуратуранын милдетин аткарып жатат дегенге эмне дейсиз?” деген суроо менен кайрылды.

Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев: Жогорку Кеңеш күнөөлүүлөрдү актап чыга турган орган эмес. Эгер депутаттар антип коррупционерлердин баарын актай берсе анда бизге сот бийлигинин эмне кереги бар?

Коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов: Парламенттин келгенине бир жарым жыл болду. Ошол аралыкта канчалаган комиссия түзүлдү. Бирок бирөөнү дагы күнөөлүү деп таап, элге жагарлык иш кыла элек. Президент Атамбаев коррупция менен күрөшүп аткандан кийин депутаттар аны колдоп иш кылса болмок.

Депутат Туратбек Мадылбеков: Депутаттардын күнөөлүү адамдарды суудан кургак чыгарып актап жатканы мени катуу өкүндүрөт. Шадиевди кайрадан министр кылуу туура эмес. Ошондуктан аны кайра чакыртып отчет алалы деп атабыз. Ошону менен бирге Исках Пирматов да жооп берүүсү зарыл.

Депутат Турсунбай Бакир уулу: Башкы прокуратура Шадиевдин күнөөсү бар экенин аныктай алган жок. Ал эми Исках Пирматовду Скрипкина башында турган депутаттык комиссия күнөөсү жок дегенден кийин биз да аны күнөөсүз кылып колдоп берүүнүнү туура көрдүк.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: Депутаттар бүгүн сот бийлигинин ыйгарым укуктарынын баарын өздөрүнө ыйгарып алышты. Эгер минтип күнөөлүүлөрдү күнөөсүз, күнөөсүздөрдү күнөөлүү кылып олтурса, азыркы парламенттин өмүрү узак болбойт. Албетте Шадиевдин канчалык деңгээлде күнөөсү барын билбейм, бирок Исках Пирматовдун кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү болушу мүмкүн.

Журналист Үсөн Касыбековдун АКШ жана Орусиянын Кыргызстанга болгон геосаясый таасирин талдоого алган макаласы жарык көрдү. Автор Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн тышкы карым-катнаштарында мурдагыдан кыйла өзгөчөлөнгөн чечкиндүү, принципиалдуу кадамдарын кеп кылды.

Журналист Үсөн Касыбеков Атамбаевге чейинки президенттердин тышкы саясаттагы ордун сөз кылып, Акаевдин тышкы саясаты көп векторлуу болгону менен акыры кайрымы тийген мамлекеттин гана сөзүн сүйлөгөн күнкордук саясатка айланганын, акыры Кыргызстан суверендүү тышкы саясат жүргүзгөнгө жөндөмсүз, бекем жана туруктуу позициясы жок өлкөгө айланганын, экинчи президент Курманбек Бакиев болсо тышкы саясатта адам катары деңгээлинин тайыздыгын көрсөткөнүн, баарынан да ага мүнөздүү болгон убадага турбагандыгын, бүгүн айтканын эртеси качан айттым эле деп танып баса бермейин, эки жүздүүлүгүн, ыгы келсе заматта сатып жибермей деген ал үчүн кадыресе эле иш экенин, мына ушундайга жөндөмдүүлүгүн ал сырткы саясатка колдоно баштагандан кийин анысы өз башына сокку болгонун сөз кылды.

Үсөн Касыбеков макаласын аяктап баратып, Кыргызстан тышкы саясаттын жаңы фазасында так жана ырааттуу багытты иштеп чыга алганын көргөзгөнүн, бул барып келип эле стратегиялык өнөктөш болгон Орусия менен АКШнын ортосундагы карым-катыштардын тең салмактуулугун сактоого өбөлгө түзүп бере аларын белгилейт деген жыйынтыкка келди.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Тынчтык Алтымышевдин “Акыбети кайтпаган апрель ыңкылабы” деген макаласы менен ачты.

Акын Темирбек Алымбеков “саясый арнгорафия” деген рубриканын алдында Арстан Алай деген жаранга ыр тартуулады.
XS
SM
MD
LG