Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Гезиттер: Элдин кусуру


Бүгүн жарык көргөн гезиттер саясый, экономикалык турмуштун ар кыл жактарын чагылдырган макалаларды, ошондой эле “Манас” эпосуна байланыштуу интеллигенция өкүлдөрүнүн кайрылуу катын жарыялады.

“Алиби” гезитинин жаңы санында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов экөөнүн ортосундагы мурдагы салкын мамиле оңолгонун, ал ортодо Ош мэри менен президенттин ортосуна спикер арачы түшүп, Мелис мырза бийлик менен коюн-колтук иштешүүгө сөз берген экен деген кеп тарап атканын кабарлады.

Карыя саясатчы Үсөн Сыдыков ушул тапта күндүзү Камчыбек Ташиев баштаган оппозициянын короосунда болсо, түнкүсүн депутат Нариман Түлеевдин үйүнөн чыкпай, ага акыл үйрөтүп жүргөнүн көргөндөр барын, ал арада Нариман Түлеевдин Москвадагы бизнесине орус бийлиги чабуулга өтүп, бизнесин сактап калуу максатында Түлеев Москвага шашылыш учуп кеткенин, дагы бир оппозициядагы фракциянын депутаты Ахматбек Келдибеков Ак үйдүн 7-кабатында отурган таасирдүү адамга жолугуш үчүн чабарманын жөнөтүп жатканын, энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Николай Кравцов Шадиевдин уулуу көмүргө эч кандай тиешеси жоктугун, Шадиевдин жарым жылда жасаганын, башка министрлер таптакыр жасабагандыгын, азыркы саясый оюн Аскарбек Шадиевди кетирүүгө кызыкдар адамдардын гана чалып жаткан буламыгы экендигин маалымдаганын жазып чыкты.

Журналист Болотбек Таштаналиев “Кыргызтелекомдун” багы ачылбай келаткан тагдырын иликтөөгө алган макаласын жарыяласа, Мирлан Кулбаев коррупцияга каршы күрөшүү мыйзам жолунда жүрүп жатабы же жокпу деген суроого жооп издеди.

“Элди тарыхын эсинен, тамырынан ажыратууну көздөп жатышабы?” деген кайрылуу Кыргыз бийлигинин эң жогорку кызматтагы адамдарына багышталды. Кайрылууга Эл жазуучусу Мелис Абакиров башында турган акын-жазуучулар, айтылуу окумуштуулар, белгилүү тарыхчылар бардыгы болуп 30 адам кол койгон. Жарыяланган катта, ушул күндө “Кылым көчү” коомдук бирикмесинин көпчүлүк мүчөлөрү саентология деген диндин мүчөлөрү экендигин, “Кылым көчүнүн” мүчөлөрү Бүбү Мариямдын “Айкөл Манас” дегенин “ыйык китеп” деп какшап жаткандарынын себеби саентология чиркөөсүнүн Библия, Куран сыяктуу ыйык китеби жоктугун, анан алар ушул китепти бетине кармап баш айлантып жаткандыгын айрым фактылар аркылуу белгилеп көрсөтүү менен Кыргызстандын жогорку бийлигине 7 беренеден турган сунуш менен чыгышты. Мисалы анын,

5-беренесинде: Манастын атын жамынып алып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы идеологиялык иштерди жүргүзүп, саентологиянын “ыйык китеби” катары “Айкөл Манасты” даңазалап жаткан “Манас жаңырыгы” телеканалынын жана “Манас эл” коомдук бирикмесинин ишмердүүлүктөрү текшерилсин, деп

6-беренесинде: “Манас” эпосун профанациялап жаткан Бүбү Мариямдын саентологиянын идеяларына каныккан “Айкөл Манас” китебине тыюу салынып, ал китепканалардан, мектептерден, орто жана жогорку окуу жайларынан алынып салынсын”, деп,

7-беренесинде: буга чейин жарык көргөн 10 томдук “Айкөл Манас” китебинин ар бир тому миң нускада, орто эсеп менен 50 млн. сомго чыгарылган. “Бийиктик” басмасынын финансы иштерине аудитордук текшерүү жүргүзүлсүн, бул китептин каржылоо булактары аныкталсын” деген сунуштар менен чыкты. Кайрылууну жазган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүн макала каты “Алиби” гезинин бүгүнкү санында.

“Де-факто” гезити буга чейин жумасына 2 жолудан чыгып келсе, эми эки саны биригип, жумасына 1 гана жолу 32 бет болуп чыгарын, бирок окурмандардын капчыгын эске алуу менен мурдагыдай эле кала берерин, эми “Де-фактону” дайыма ар жуманын 4-күнү сатып алса болорун гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова гезит окурмандарына “Азаттыктын” гезит баяндамасы аркылуу кабарлап коюуну өтүндү.

“Фабула” гезити кабарчы, журналист Эртабылды Аттокуровдун “Жолу болбогон жоогазын революциясы...” деген аталыштагы макаласын окурмандарга тартуулады. Макалада автор кыргыз эли үй-бүлөлүк жана кландык башкаруудан жадагандыктан калкыбыз парламенттик башкарууга өтүүгө жашыл жарык бергенин, бирок үмүт мындан да актала электигин, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү деген деле коррупциянын бир элементине айланганын, “акчалууларга гана жол ачкан” мындай парламенттик шайлоодон кийин депутаттардын тагдырын шайлаган эл эмес, партия чечип калганын, бул деген айланып келип эле партократиялык түзүлүштү калыбына келтирип жатканга окшошуп жатканын белгиледи.

Журналист андан ары революция деген бир фигураны экинчиси менен гана алмаштырганына, анын эң жаман жагы кызматынан ажырагандар эми жек-жаат, урук-туугандарын топтоп, кайрадан баягы жыргамай мансабына ээ болуш үчүн пикет, ызы-чуу, ОБОНчу катындар аркылуу жеткенге шарт түзүлгөнүнө, бийлик айрым жутунмайлардын аталарынан мураска калгандан бетер зордукчул аракеттерге өтүп алганына, мажүрөө бийлик болсо алардан коркуп, пикетке чыгып койсо эле, мурдагы ордуна же ошого тете кызматка койо коймойго мажбур болуп жатканына жаны кашайды. “Ушундан улам ар бир партия өзүнүн “хандык” башкаруусун күчөтүү үчүн далбас уруп жатканын белгилеп, иштен бошотуу же орун алмаштыруу деген жеке адамдардын эрки эместигин, бул деген бийликтин негизги милдети болорун, эгер бийлик сен кетесиңби же койо турасыңбы, же пикетке чыгайын деп атасыңбы деп ар кимдин макулдугун сурай берсе, анан ошого жараша иш кыла берсе анда кайра баягы таш доорундагы үңкүрдөгү жашоого кайтып барышыбыз керектигин кеп кылды.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин “Кокодон алган коррупция эле Кыргызстанды паракорчулуктун өлкөсүнө айлантып салды” деген аталыш менен президенттин “Интерфакс” маалымат агенттигине курган маегин кыргыз тилине которуп жарыя кылды. Президент Алмазбек Атамбаев маегинде ЕвраАзЭШтин өнүгүүсү жана Кыргызстан менен Орусиянын, ошондой эле “Манас” авиабазасынын тагдыры тууралуу айтып берди.

Орус кабарчысынын:

-Кыргызстанда эң башкы көйгөйлөр кайсы?-деген суроосуна президент

"Бул-коррупция, бул-улутчулдук жана жердештик, бул-маңкуртчулук, булардын түбү бир",-деп айтты.

“Фабула” гезитинин ушул эле санына Талас губернатору Койсун Курманалиеванын, Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун “Өкмөткө милдет кылып, мааракемди өткөрүп бер деген абдан уят” деген аталыштагы маектерин, журналист Эрнис Балбаковдун “Мыйзам бузгандарды иштен албай, чачынан сыйлайбызбы, сот аке?” деген макаласын, ошону менен бирге эле белгилүү коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин журналист Бөкөнбай Боркеевдин “Фабула” гезитинин ушул жылдын 16-мартындагы жарык көргөн макаласына каяшасын окуйсуздар.

Аталган гезитте ошону менен бирге эле “Курманбек Байтерековдун өзүм билдемдигине качан чекит коюлат” деген жалпы теманын алдында айрым жарандардын ойлору да басылып чыкты.
XS
SM
MD
LG