“Айат” гезити “ Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн губернаторлугуна кайрадан Мирбек Асанкуновду дайындап, көлдүн эли буга ыраазы болуп жатат” деп,
“Бийликтегилер издеп жүргөн Жаныш Бакиев жакында Алматы шаарында 1 млн. доллар жумшап, уулун үйлөнтүп, чоң той бериптир. Тойго чакырылгандардын арасынан качып жүргөн кадимки Данияр Үсөновду жана Мурат Суталиновду көрүшүптүр. Дүйшөбаев менен Рысалиев кимдерди издеп жүрөт?” деп,
Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлигинин из кубарлары Баткен облусунун губернатору, “Республика” партиясынын өкүлү Арзыбек Буркановду экономикалык коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен чырмалышкан деп күтүүсүздөн камакка алып, түнү менен сурак берген Арзыбек мырза тергөөчүлөргө Жаныш Бакиевдин, Ахматбек Келдибековдун, Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын кримавторитеттер Камчы Көлбаев жана Алманбет Анапияев менен тыгыз байланышып, алардын колу менен кимди уурдап, кимди тоноп, атүгүл өлтүргөндөрүнө чейин көрсөтмө берип салыптыр. Кыскасы, Буркановдун оозу менен өлкөбүздө чоң “бомба” жакын арада жарылганы турат” деп,
“Темир Сариев ажолук аламан байгеде Алмаз байкесин сүрөмөй болду. Акыры ага-ини тил табышты” деп,
“Кечээ коңшу Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун коммерциялык башкармалыгы расмий билдирүү таратты. Ага ылайык жарым жыл ичинде бул райондон Кыргызстанга 1 млн. 600 млн. долларлык товар өткөнү кабарланды. Биздин бажы кызматынын эсеп-кысабына ишенсек Кытай менен товар жүгүртүүнүн жарым жыл ичиндеги көлөмү 301, 1 млн. долларды гана түзүптүр. Ал эми Уйгур автономиясынан келген 1 млн. 300 миң долларлык товар каякка житип кетти? Буга бажы башчысы Кулматов эмне деп жооп берер экен?” деп кабар таратты.
“Де-факто” гезити Кыргызстандын алтын кендери кандай иштетилип жаткандыгы, кимдер иштетип, пайдасын кимдер көрүп жаткандыгы жөнүндөгү макалалардын топтомуна окурман көңүлүн бурду.
74 тонна алтыны бар Жерүй колдон колго өтүп, иштетем дегендер улам бир фирмага сата берип, 20 жылдан бери иштебей келатканын, 19 тонна алтыны, 70 миң тонна жези бар Андаш кени да талашка айланган боюнча тагдыры чечилбей турганын, 70 тоннадан ашуун алтыны бар деген Чүйдөгү Талды-Булак кени адегенде малайзиялык бир компанияга берилип, белгисиз себептер менен ал кеткенден кийин токтоп калганын маалымдады.
Тоо - кен өнөр жайына жакшыраак уюм түзүп, адистерди иштетүү боюнча Акаевге да, Бакиевге да кайрылган сунуш аткарылбаган бойдон кала бергенин, мына ушунун айынан канчалаган фирмаларга лицензиялар ой келгендей берилип келатканын, эң күйдүргөнү берилген лицензияларда Кыргызстандын үлүшү жоктугун, көпчүлүк кендер кытайлыктарга берилгенин, кендин Кытай фирмаларына берилишине каршы экенин, анткени алар экология дегенге такыр көңүл бурбастыгын өлкөнүн Тоо-кенчилер жана геологдор биримдигинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев билдирди.
Геология илимдеринин доктору Кубат Осмонбетов бүгүнкү күндө канча алтындын сыртка кетип жаткандыгы тууралуу так маалымат жоктугуна токтолду.
“Де-факто” гезити белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен маекти басты. Чоротегин маегинде борбордук аянттагы “Эркиндик” эстелигин алып салгандар Манасты сыйлагандан эмес, анын рухун түшүнбөгөндөн улам ушундай кадамга барышканын, ошондой эле борбор шаардын аты Манас деп аталышын жактаган ойлорго да каршы экендигин, ошондуктан Бишкек тарыхый аталышын сактап калышы керектигин айтты.
Бул санга “Мелис Мырзакматовдун өз чындыгы. Берилбей калган БТР, Ош Республикасын түзүү сунушу, житип кеткен көзгө атарлар ж.б. тууралуу” деген баштеманын алдында Мырзакматовдун жаңы жарык көргөн “Мен издеген чындык” деген китебинен айрым үзүндүлөр жарыяланды.
Анда 2010-жылдын апрель-май айларында Кыргызстанды түндүк менен түштүккө бөлүү аракети абдан күч алганын, маселен 10-апрелде Орусия Федерациясынан келген бир телеграммада “Сиздер Ош Республикасын түзүшүңөр керек. Ташматов Хамидге кайрылсаңыздар жардам берет” деген сөздөр жазылганын, бул каттын көчүрмөсү азыр да сакталып турганын, мындай арам максатты ишке ашыруу үчүн белгисиз бирөөлөр 400 млн. долллар акча сунуш кылганын, Кыргызстанды бөлүп-жаруу ишин Ош шаар башчысынын колу менен жасагысы келгенин баяндады Мелис Мырзакматов.
“Учур” гезитине КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын “Туфлийим менен башка чапкан эмесмин” деген аталыштагы маеги басылды.
Ыргал айым массалык маалымат каражаттарындагы ага карата айтылган сөздөр жалаа экендигин, эгер Мурас Маташев өзү “Ыргал мени туфлийи менен чапканы чын, мени Ыргал сабады” деп айтып арызын жазса, анысын сот далилдесе мойнуна алганга даяр тургандыгын билдирүү менен ошол күнкү окуя кандай болгонун толук баяндап берген.
Карыя журналист Бекбай Алыкуловдун макаласы “Калыстык каалгасын ачып” деген ат менен тартууланды. Макалада Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевдин ишмердиги, анын үстүнөн опосуз жалаа, көөлөп-шыбамай жаңы жылдан тартып, айрыкча февраль айынан баштап күчөп, үстөккө-босток кетип жатса да Эмилбек мырзанын “чындыкты канчалык көөлөсөң да чындык бойдон калат” деп моюбай келаткан алпейимдигин, кенендигин баяндап, Каптагаев жөнүндөгү макаласын “жакшылыккка жакшылык - ар адамдын иши, жамандыкка жакшылык - эр адамдын иши” деген сөздөр менен аяктаган.
“Параграф” гезити бул санын президент болом деп жарышка аттангандардын тизмесин жарыялоо менен ачып, аны “Өмүрбек Бөлтүрүковдон Камчыбек Ташиевге чейин” деп атады.
Гезит ушу тапта шайлоого барбаган партиялар, коомдор “Кимди колдойбуз?” деген өңдүү жыйындарын өткөрүп жатканын, жакында ошондой жыйындардын бири “Республика” партиясында өтүп, бир тарабы Алмазбек Атамбаевди колдойбуз десе, жаштар канаты Өмүрбек Суваналиевди колдойбуз деп ызы-чуу салганын, “Ар-намыс” партиясынын жаштары да Феликс Куловго кирип "биз Суваналиевди колдойбуз" деп чыкканын маалымдады.
“Параграф” гезити ошондой эле “Асаба” партиясы Бедел, Ак-Өгүз ашууларында үркүндө каза болгондордун арбагына куран окутуп жүргөнүн, партиянын мүчөлөрү андан ары Үркүнгө багышталып өткөрүлө турган Каркыра жайлоосундагы эскерүү жыйынына катыша тургандыгын кабарлады.