Жээнбеков: Үй-бүлөлүк маселе көтөрүлүп жатат. Аймактарга чыкканда да бул суроого жооп берип жатам. 1995-жылдан бери үч жолу депутат болдум. Кантип ошого жол берейин? Эл коркуп жатат, мен аны туура түшүнөм. Ошол коркунучту мага каршы колдонуп жаткан атаандаштар бар. Мен үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол бербейм.
Жээнбеков: Бир эжем бейтапканада иштейт, бейтапкананын номерин айтпайм. Аны да издеп барбагыла.
Жээнбеков: Массалык маалымат каражаттары силер мага үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейсиңер. Мына жакында кудамдын кызматка дайындалып жатканын силерден билдим. Арыз жазып кетип калды силер жазгандан кийин. Буюрса, жарандык коомду дагы күчтүү кылабыз. Мен убада берем, эч качан үй-бүлөлүк, кландык башкаруу орнобойт.