Жээнбеков: Райым Матраимов мен келгенге чейин иштеген. Азыр иштеген жок, соттошуп жатат. Өткөндө соттон утуп алыптыр. Аны да менден көрүштү. Мен бир нерсени белгилей кетейин, кандай шайлоо болбосун Матраимовдун үй-бүлөсү КСДПга чын дилинен иштеп берген. Сегиз жыл жакшы болуп, мен кызматка келгенде эле жаман болуп калабы? Оштон бажы кызматына орун басар кылып өздөрү алып келишкен. Ушуга таң калам.
Жээнбеков: Фарид Ниязовдор сүйлөсө өздөрү аппак, мен эле жаман. Дагы көп нерсе чыгат. Бажы кызматынын тогуз кызматкери азыр түрмөдө жатат. Калгандары сыртка чыкпоо шарты менен жүрөт. Адамкул Жунусовду кармашкан, азыр алып келе жатышат.