Президент өкмөттүн ишине кийлигишип жатабы, дегеле бийликтин башка бутактары Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын сактадыбы ж.б.у.с. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздөн кеп кылабыз.
Талкууга юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жана Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев катышты.
“Азаттык”: Бекбосун агай, парламентте отчет берип жаткан баш прокурорго Улуттук коопсуздук комитетинин алдында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөнүнүн мыйзамдуулугу боюнча берилген суроо жоопсуз калды.
Бул маселе мурда да көтөрүлгөн, анда да жоопсуз калган. Ошого карабай суроону дагы көтөрүүнүн себеби эмнеде?
Өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат дегенибиз менен “ошол ички-сырткы саясатты кайсы мамлекеттик орган аныктары" Баш мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.
Бекбосун Бөрүбашев: Мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктары жөнүндөгү маселе бүгүнкү күндө өтө актуалдуу. Кептин баары Баш мыйзамда. Анткени Баш мыйзамда эреже кандай жазылса, мамлекеттик бийлик ошого жараша иштейт.
Баш мыйзамдын 64-беренесинин 4-пунктунда “президент коргоо, улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилерин жана орун басарларын дайындайт” деп турат.
Мындан сырткары “Коррупцияга каршы аракеттер жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинде “коррупция менен күрөшүү саясатын президент аныктайт” деп турат. Демек, дал ушул эки мыйзамдын негизинде президенттин Улуттук коопсуздук комитетинин алдында атайын кызматты уюштурууга акысы бар. Ал эми аталган мыйзамдар логикалык жактан канчалык туура жазылган, ал башка маселе. Дагы терең карай турган болсок, коргоо, коопсуздук органдарынын өкмөттүн курамына киргенине карабай президент өзү дайындап, бошотуп жатат.
Баш мыйзамдын 3-беренеси “мамлекеттик бийликтерди түзүүнүн принциптери” деп турат. Анда бийликтин үч бутагы – аткаруу, мыйзам чыгаруучу жана сот бийлиги көрсөтүлгөн. Ал жерде президенттин орду көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле убакта Баш мыйзамдын 6-беренесинде “президент – мамлекеттин башчысы” деп турат. Ушундай башаламандыктар бар.
“Азаттык”: Бакыт мырза, жогоруда айтылгандай Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети аткаруу бийлигинин курамында, анын жетекчилери өкмөттүн мүчөсү болгонуна карабай, аларды президент дайындап, бошотуп жатышынын негизги төркүнү кайда?
Президентке берилген бийликтин айынан Жогорку Кеңеш да конституциялык ыйгарым укугун пайдалана албай жатат. Парламенттин Бишкек ЖЭБине байланышкан мыйзамды бир күндө үч окуудан өткөрүп бергени мунун бир мисалы.
Бакыт Аманбаев: Маселенин башкы төркүнү - 2010-жылдагы кабыл алынган Конституцияга ылайык аткаруу бийлигинин эң негизгиси ыйгарым укуктары президентке берилип калганында.
Коргоо, коопсуздук, прокуратура органдарынын президентке берилиши – Кыргызстандагы башкы көйгөйлөрдүн бири. Мурдагы президент Атамбаев ушул бийлик органдарына таянып алып, парламентти, өкмөттү, сотту да өзүнө баш ийдирип, оппоненттерин каалагандай калчап, жок жерден кылмыш ишин токутуп, түрмөгө каматкан. Натыйжада мамлекетте президент башында турган мафиялык топ түзүлгөн. Алар Кыргызстандын байлыгын каалагандай калчап, сырттан келген жардамдарды да өзүнүн кызыкчылыгына жумшаганын баарыбыз көрүп жатабыз.
Президентке берилген ушундай бийликтин айынан Жогорку Кеңеш да конституциялык ыйгарым укугун пайдалана албай жатат. Парламенттин Бишкек ЖЭБине байланышкан мыйзамды бир күндө үч окуудан өткөрүп бергени мунун бир мисалы.
“Азаттык”: Мыйзамсыз ыйгарым укуктарды оңдоонун кандай жолу бар?
Бакыт Аманбаев: Анын жолу оңой эле. Биз сол жаккабы же оң жакка кетебизби, тандашыбыз керек. Оң жагы – Кыргызстан толук түрдө парламенттик башкарууга өтүшү керек. Анда жогоруда айтылган күч түзүмдөрүнүн тагдырын өкмөт башчы гана чечет. Президенттин ыйгарым укуктары дагы кескин түрдө азайышы керек. Ошондо парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда тең салмактуулук түзүлөт.
Сол жагы – АКШнын мамлекетти башкаруу тибиндей системага өтүшүбүз керек. Аларда президент бир эле учурда мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси. Өкмөттүн курамын түзүүгө ага толук укук берилет. Парламент, сот бийлиги президентке көз каранды эмес. Ошондо жоопкерчиликтүү саясий система, экономикалык өнүгүү болот. Биздеги азыркы система менен өнүгүү болбойт.
“Азаттык”: Конституциянын 6-беренесинде “президент өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат”, ал эми 88-беренеде “өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат” деп жазылган. Натыйжада Кыргызстандагы тышкы-ички саясатты ким чечет, деген суроо бар…
Бекбосун Бөрүбашев: Биздин дагы бир чоң катабыз – “өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат” дегенибиз менен “ошол ички-сырткы саясатты кайсы мамлекеттик орган аныктары" Баш мыйзамда жок. Биздин мамлекеттин жоопкерчилигин ким алат, деген суроо талаада калган…
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.