Бизнестен саясатка карай...
Темир Сариев саясатка бизнестен келген. Жогорку Кеңештин депутаты болуп алгач 2000-жылы, андан кийин 2005-жылы Сокулук шайлоо округунан шайланган. Мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда өлкө башчыга “көзү түз”, бийликчил депутат болгону айтылат.
Президент Курманбек Бакиевдин учурунда Темир Сариев күтүлүп-күтүлбөгөн саясий кадамдарга барган. 2006-жылы азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар партиясына кирген жана дароо эле партиянын төрага орун басары болуп дайындалган. 2007-жылы ошол кезде оппозицияда жүргөн Феликс Куловдун Бириккен фронтуна кошулган. Фронттун Бишкекте борбордук аянттагы нааразылык акцияларын уюштуруп жүргөн. Андан кийин саясатчылар Кубатбек Байболов жана Бакыт Бешимов менен бирге Демократиялык күчтөрдүн биримдигин түзүшкөн. Ушул биримдиктин негизинде “Ак шумкар” партиясы жаралган жана Сариев төрага болуп калган. Бирок Байболов, Бешимовдор менен жолдору эки ача кеткен.
Оппозициялык күчтөр 2009-жылы Темир Сариевди “Бакиевдер менен ымалалашып кетти” деп айыптап чыгышкан эле. Анткени Бириккен элдик кыймыл ошол жылы президенттик шайлоодо оппозициядан бир талапкерди – Алмазбек Атамбаевди алып чыгышкан. Бирок Сариев болсо шайлоого өз алдынча аттанган.
Деген менен 2010-жылы апрель ыңкылабынын алдында Сариев оппозициялык агымга кайра кошулган. 2010-жылы мартта Бакиев бийлигинин Ынтымак курултайын кескин сынга алып партиялаштары менен митингге чыккан.
2010-жылы 7-апрелде кандуу калабада бир канча жолу Ак үйгө кирип оппозициянын атынан сүйлөшүү жүргүзгөн.
Апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн тушунда вице-премьер-министр, каржы министри болуп турган. Ошол кезде банк уячаларынан алынган ири суммадагы акча боюнча чуу элдин эсинен азыр да чыга элек. Буга Сариевдин Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Азимбек Бекназаров экөөнүн көп суммадагы акча тууралуу телефондон сүйлөшкөнү тымызын жаздырылып алынып интернетке жарыяланып кеткени себеп болгон. Муну убагында Алмазбек Атамбаев да катуу айыптаган. Сариев болсо банк уячаларындагы акча тууралуу дооматтарды такай четке кагып келет.
Реформатор боло алабы?
Темир Сариев экономика министрлигин 2011-жылдын этегинен премьер-министр болгонго чейин жетектеп турду. Өкмөт башчылыкка анын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк көрсөттү. Талапкерге күзүндө партиясы менен парламенттик шайлоого катышпасын деген башкы талап коюлган. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Сариевди өкмөт башчы катары мүнөздөмө берип жатып, өзгөрүү күтпөй турганын айтты:
- Өкмөттүн ичинде салыштырмалуу тыңыраак министрлердин бири болду. Сариевдин басып өткөн саясий жолу азыркы башка министрлерге караганда байсалдуу. Бийликте да, оппозицияда да жүрдү. Премьер-министр катары эч кандай өзгөрүү кыла албайт. Себеби азыркы социалдык-экономикалык, саясий абал премьер-министрге өз алдынча иштөөгө, реформа жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт. Экинчиден, реформанын зарылдыгын түшүнгөнү менен, чоң реформаларды жасаганга жөндөмсүз.
Мындай пикирге дагы бир депутат Өмүрбек Абдрахманов да кошулат. Анын пикиринде, Сариев өзүн саясатчы катары көрсөтө алган жок:
- Коомдун өзгөрүү мыйзамдарын үйрөнгөн жана билген адам саясатчы болуп эсептелет. Бул эски совет доорунун алкагында гана иштеген адам. Муну биринчи жумушчу күнүнөн эле билсе болот. Баягы союздун тушундагы биринчи катчыдай болуп, мэрди, министрлерди ээрчитип алып, “бул тешикти эмнеге бүтөгөн жоксуң, бул көчөнү эмнеге шыпырган жоксуң” деп атат. Ал эми ошол шаарды өзүн-өзү каржылай турган, өзүн-өзү өнүктүрө турган системаны түзүү жөнүндө ойлогон да жок.
“Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимовдун баамында, Темир Сариевдин саясий жолу бир кылка болгон жок:
- Бул Акаевдин мезгилинде көтөрүлгөн, депутат болгон бала болчу. Кичинекей кезинде киного тартылып, ошонун арты менен таанымал болуп калыптыр. Арак чыгарып, бизнес менен алектенип жүрдү. Акчасы көбөйгөндөн кийин саясатка келди. Саясатта аты чыккандай деле зор иш деле кыла элек. Депуттардын арасында жүрдү. Кубатбек Байболовдун жанында жүрдү. “Ак шумкар” партиясын чогуу ачышты. Текебаевден өз убагында “сен саясатчы эмес эле, көчөдө күркөөдө соода кылган аялдай сүйлөйсүң” деп элдин көзүнчө тил укканы да эсимде. Бакиевдин тушунда Сокулуктун жерин коргоп, түштүктөн келгендерге сөз айтып жаман көрүнүп алган жайы бар. Убактылуу өкмөттүн тушунда банк кутучаларынан алынган акча боюнча аты аталып жүрдү.
Сариев - татыктуу премьер-министр
Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 2005-2007-жылдары Темир Сариев экөө парламенттеги “Жибек жолу” деп аталган депутаттык топтун мүчөлөрү болушкан. Ал Сариевдин саясий ишмердигин мындайча баалады:
- Депутат катары абдан принципиалдуу, такшалган, маселени кое билген адам болчу. Бүгүнкү күндө премьерликке эң татыктуу талапкер болду деп эсептейм. Соңку үч жылдын ичинде министрлердин арасынан эң көп демилге көтөргөн, либералдык мыйзамдарды сунуш кылган Сариев болгон. Муну баары эле билет.
Курманбек Молдокулов “Ак шумкар” партиясында 2007-жылдан бери мүчө болчу. Атүгүл соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Кант шаардык кеңешке аталган партиянын тизмеси менен шайланып да келген. Бирок өткөн жылы партиядан чыгып, “Республика Ата-Журтка” кошулуп кеткен экен.
Ал “Ак шумкар” партиясы лидери үчүн иштегени менен, Сариев партия үчүн эч нерсе кылган жок деп айыптап жатат. Анын пикиринде, Сариев “Ак шумкарды” быйыл күзүндө парламенттик шайлоого катыштырбай партиянын келечегине балта чапты. Молдокулов Сариевди ар бир кадамын санаган саясатчы деп сыпаттады:
- Ишке аябай берилип, баш-оту менен кирип иштейт. Ар дайым максатына жеткенге аракет кылат. Саясатчы катары айтсам, ар кандай позицияда жүрөт. Өзүнүн ой-максатына жетиш үчүн кадамдарынын баарын эсептейт. Жөн эле бара бербейт. Эртең, бүрсүгүнү, бир айдан кийин, бир жылдан кийин, беш жылдан соң кандай жыйынтык алып келет деп эсептеп-чоттоп туруп анан кыймылдайт.
Темир Сариев премьерликке көрсөтүлгөндө мындай демилге президент Алмазбек Атамбаевден чыккан деген өңдүү сөздөр болгон. Депутат Равшан Жээнбеков Сариевдин өкмөт башчы болуп келишинде Орусия таасири көп экенин кыйытты:
- Кремлдин тегерегинде Кыргызстанга көзөмөл жүргүзгөн үч-төрт топ бар. Бири Атамбаевди колдосо, экинчиси Темир Сариевди колдошу мүмкүн. Бир аз убакыт өкөндөн кийин Атамбаев менен Сариевдин ортосунда конфликт башталышы мүмкүн. Анткени Кремлдин өзүнүн ичинде да өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Келечекте Сариев Кремлден көрсөткөн президенттикке талапкер болуп калышы мүмкүн. Кремлдегилер биздин ички саясий түзүлүштөн улам түндүктөн жана түштүктөн бирден талапкер көрсөтүшү ыктымал. Сариев бир караганда Атамбаевдин кадры сыяктуу көрүнгөнү менен иш жүзүндө андай деле эмес. Экинчиден, ал шайланып жатканда шайлоого барбайт деген шарт коюшту. Шайлоого деле барышы мүмкүн. Анткени премьер шайлоого барбасын деген Баш мыйзамда жобо жок. Ал жөн гана “жигиттик келишим” болуп калды да.
Шамдагай өкмөт боло алабы?
Жогорку Кеңеш Темир Сариевди премьер-министрликке 30-апрелде шайлады. Ал парламентте программасы менен тааныштырып жатып, өзүнүн өкмөтүн маанилүү маселелерди кыска мөөнөттө, чукул чече алган шамдагай өкмөт болот жана тартип-талап күчөйт деп ишендирди:
- Аткаруу бийлигинде, жергиликтүү бийликте, райондук акимчиликте тартип болот. Мамлекеттин негизги багыттары, мыйзамдары, аларды ишке ашыруу, коомчулукка жеткирүү өкмөттүн гана эмес, жергиликтүү бийликтин, акимдердин, губернаторлордун түздөн-түз милдети. Өкмөт үчүн, өкмөт мүчөлөрү үчүн ишемби-жекшемби, майрам деген болбойт. Биз ыкчам, оперативдүү иштейбиз. Өкмөттүн ар бир мүчөсү барган жеринде эл менен жолугуп, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечип, келгенден кийин отчет жазып берип турат. Талап катуу болот.
Темир Сариев эгемен Кыргызстандын 27-премьер-министри. Анын алдында азыр мамлекет тагдыры үчүн мааниси зор күздөгү парламенттик шайлоону адилет жана калыс өткөрүү, Кумтөр маселесин чечүү жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү, энергетика тармагын кризистен чыгаруу өңдүү маселелер турат.