Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Сот: Салянова жазасын кийин өтөйт


Аида Салянова сотто. 10-октябрь, 2017-жыл.
Аида Салянова сотто. 10-октябрь, 2017-жыл.

Бишкектеги Ленин райондук соту Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын бири болгон "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, бул партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын депутаты Аида Саляновага өкүмүн чыгарды. Салянова бул өкүмдү мыйзамсыз деп эсептээрин айтты.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын бири болгон "Ата Мекен" партиясынын парламенттик фракциясынын мүчөсү, депутат Аида Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды. Бирок ал жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Мындай өкүмдү сотту алып барган судья Кубанычбек Касымбеков окуду:

- Салянова Аида Жеңишбековнага үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен беш жыл эркинен ажыратуу жазасы берилсин. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине ылайык, 2015-жылы төрөлгөн кызы 14 жашка жеткенден кийин жаза өтөйт.

УКМК Cаляновага айыбын угузду

УКМК Cаляновага айыбын угузду

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдиришти. Адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдоорун маалымдады.

Бишкектин Ленин райондук сотунда болгон Аида Салянованын бүгүн акыркы соту жабык өттү. Журналисттер сот жүрүмүнө киргизилген жок. Кийинчерээк гана акыйкатчы Кубат Оторбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиевге процесске катышууга уруксат берилди.

Аида Салянова сот өкүмү чыкканга чейин журналисттерге судья мыйзамды бузуп жатат деген пикирин билдирген:

- Төрт айдан бери саясий кылмыш жараянында бир дагы далил табылган жок. Менин ишимде башынан бери жактоочу болуп келе жаткан Чынара Жакупбековага жарыш сөз берилген жок. Менин акыркы сөзүмдү айтуу укугумдан ажыратты. Демек биздин сөздөрүбүз судья үчүн маанилүү эмес. Менин оюмча мага чыгарылчу өкүм даяр болсо керек.

Буга чейин Башкы прокуратура Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон суранган. Оппозициялык саясатчылар Саляновага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап келишкен.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева бул дооматтарга мындайча жооп берди:

- Мен соттун чечимине эч качан комментарий бере албайм. Бул иш боюнча Салянова юстиция министри болуп турганда лицензияны мыйзамсыз узартып берген. Муну өзү кылганбы же бийликпи?

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн парламенттин макулдугун алуунун зарылчылыгы жок. Эгерде Бишкек шаардык соту да Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырса, БШК Салянованын депутаттык мандатын алуу маселесин карамакчы.

Оппозиционер саясатчы Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма деп белгилеп келет.

Оппозициячыл "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да учурда абакта кармалууда. Ал да өзүнө жана үзөңгүлөшү Дүйшөн Чотоновго коюлган жемкорлук менен байланыштуу айыптарды саясий буюртма катары баалап келет.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG