Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери шаардын бир эле Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери соттолуп, он алты милиция жумуштан четтетилгенин жарыялады. Бирок Акыйкатчы институту кыйноо усулдары дагы деле тергөөдө кеңири колдонуларын айтып, милиция кызматкерлеринин ишин баалоодогу кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчү жоюлмайынча абал өзгөрүүсүз кала берерин эскертүүдө.
Тазаланууга ташталган кадам
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмү буга чейин погончон кылмыштуулуктун уюгу катары сыпаттала баштаган. Анткени соңку жылдары бул бөлүмдүн арасынан ишкерлерге кол салуу, пара талап кылуу, жасалма кылмыш ишин козгоо жана кыйноо фактылары боюнча шектелгендер көп катталган. Жыйынтыгында быйыл Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 19 кызматкери жумуштан айдалып, айрымдары жоопко тартылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казыбаев муну менен аты булганып калган бөлүмдү колу таза эмес кызматкерлерден арылтууга аракеттер көрүлгөнүн айтты:
- Мына ошолордун бардыгын прокуратура тергеп, аныктап чыккан. Анын ичинде акча талап кылуу, пара алуу, жасалма кылмыш ишин уюштуруу жана кыйноо жолу менен кылмышты моюнга алдыруу фактылары бар. Өзү негизи бир нерсе болсо эле Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө болуп, анын аты кийинки учурда чатак иштер менен байланыштуу болуп калган эле. Мына ошол аныкталган жат көрүнүштөрдүн бардыгы боюнча чара көрүлдү. Бул чаралар башкаларга дагы сабак боло тургандай таасир калтырды.
Көрсөткүчтү көбөйтүүнүн “маниясы”
Ички иштер органдарында шектүүлөргө кыйноо жолу менен кылмышты моюнга алдыруу усулу кеңири таралган өнөкөт бойдон калууда. Буга кылмыштын бетин ачуунун көрсөткүчү боюнча коюлган пайыздык милдеттенме негиз болгон. Акыйкатчынын өкүлү Камалдин Жапаров милицияда азыркы кезде кылмыштын бетин ачуунун эң эле оңой жолу - кыйноо менен моюнга алдыруу өнөкөтү болуп жатканын белгиледи:
- Жаңы министр келгенден бери бир аз бул көйгөйдү жолго салгандай болуп жатат. Бирок канааттандырарлык деңгээлде эмес. Анткени кыйноо жолу менен кылмышты моюнга алдыруу фактыларынын 80 пайызга чукулу ички иштер органдарына таандык. Мисал үчүн бир милиция бөлүмү кылмыштуулуктун бетин ачууну 75 пайыздан кем көрсөтпөшү керек. Андай болбосо ал бөлүм начар иштеди деп табылат. Мына ошондуктан алар жанталашып ал адам жасабаган кылмышты да жасады кылып, кыйноо жолу менен моюнга алдырууга аргасыз. Жыйынтыгында мыйзамсыз иштин натыйжасында милиция өзү кылмышка барып жатат. Ошондуктан биз кылмыштуулуктун бетин ачуунун көрсөткүчү боюнча баалоо критерийин жоюну сунуштап келе жатабыз.
Убактылуу кармоо жайларындагы жана тергөө абактарындагы адамдарды кыйноо жолу менен кылмышты моюнга алдыруу боюнча 2012-жылы 39 факты катталган. 2013-жылы мына ушундай эле арыз менен өлкөнүн 44 жараны акыйкатчыга даттанган. Быйыл он бир айдын жыйынтыгы боюнча 36 арыз кабыл алынган. Ички иштер министрлиги деле тергөө учурунда кыйноо усулдары колдонуларын четке какпайт. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мына ошондуктан ички иштер органдарынын ишин баалоо критерийлерин өзгөртүү боюнча жобо даярдалып жатканына токтолду:
- Бул процентомания деген түшүнүк. Мына ошону кыскартуу үчүн биз ички иштер органдарынын ишмердигинин баалоо критерийлери боюнча жобону иштеп жатабыз. Бул мына ошол милицияны реформалоо боюнча долбоордун он эки шартынын бирөөсү. Бирок бул кылмыштуулуктун бетин ачуунун көрсөткүчү такыр эле жоюлат дегенди түшүндүрбөйт. Болгону критерийлер өзгөртүлүп, жанагы пайыздык көрсөткүчтөрдөн арылуу жагы каралат.
2010-жылдагы элдик толкундоолордун натыйжасында өлкөдө бийлик алмашкан соң ички иштер органдарын реформалоо демилгеси көтөрүлгөн болчу. Анда милициянын катарын паракорлордон тазалоо, кылмыштын бетин ачуудагы кыйноо усулдарынан баш тартуу жана тергөө амалдарынын бейтараптуулугун камсыздоо боюнча бир катар сунуштар айтылган. Бирок ушул күнгө чейин мына ошол реформалык сунуштардын бири дагы иш жүзүндө турмушка аша элек.