Исмаил Исаков: Сооронбай Жээнбековду бийликке Атамбаев алып келген эмес. Аны эл алып келген. Мен да колдогом. Алмазбек Атамбаевдин "шайлоого чейин Сооронбай Жээнбековду элдин үч пайызы эле колдочу" дегени туура эмес. Аны ошол кезде элдин 50 пайызы колдогон.
Курултайдын айрым катышуучулары "уюштуруучулар аймактан келген делегаттарга сөз бербей жатат" деп нааразы болуп чыгышты.
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Сакен Бөрүбашев: Өмүрбек Текебаевди бир кычкачты 600 долларга, Тарых музейиндеги бир креслону бир машиненин акчасына алгандар камап отурат. Ошон үчүн саясий куугунтукту кайра карашты колдойм.
Турсунбек Акун: Бүгүнкү курултай элдик курултайдын үлгүсү болуп жатат. Негизи курултайды уюштуруу оор экен. Курултайга президент, спикер, өкмөт отчёт берип туруш керек. Атамбаев "мен революциянын башында турам" деди. Бирок уялыш керек. Эгер "Азимбек Бекназаров революция кылды" десе ишенет элек.