Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

13:15 24.11.2018

Адвокат Нурбек Токтакунов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түзгөн кылмыштуу системаны колдонуп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” курултайында сүйлөп жатып билдирди

Токтакунов жактоочу катары көптөгөн соттук процесстерге катышып жүргөнүн, андыктан бийликтин буйругун аткарган соттор, прокурорлор жана тергөөчүлөр дагы эле өз ишин улантып жатканын айтты:

- Атамбаевдин эң негизги жоопкерчилиги – ал сотторду, прокурорлорду жана күч органдарын реформа кылбай, тескерисинче, ушул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, саясий душмандарын басып, мыйзамдуу саясий күрөштү өлтүргөн. А Жээнбеков ошол кылмыштуу системаны колуна алып, азыр колдонуп жатат. Жээнбеков да прокуратура-сот-милиция деген уюшкан кылмыштуу топту саясий душмандарына каршы колдонууда, - деди Токтакунов.

13:17 24.11.2018

Нурбек Токтакунов: Азыр мыйзам иштебей калды. Кыргызстанда мыйзам иштесе мен башымды кесип берем. Атамбаев өзүнө баш ийген партияларды алып келген. Азыр Жээнбеков да ошол технологияны колдонуп, өзүнө баш ийген партияларды алып келгиси келет.

13:23 24.11.2018

Курултайды түз эфирден көрүңүз:

13:29 24.11.2018

Курултайда чыгып ыр окугандар да болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG