Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:49
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

12:32 24.11.2018

Акматбек Келдибеков: Курултайдагы сындар эске алынышы керек. Убагында эки жолу бийлик алмашканда сынды эске алган эмеспиз.

Курултай Конституцияда каралган саясий институт болуп эсептелет. Кыргыз эли аз эл болгону менен кылымдар бою сакталып келаткан элбиз. Биздин Башкы мыйзам кыргыздын үрп-адатын камтыганда гана толук кандуу Конституция болуп эсептелет.

12:32 24.11.2018

Акматбек Келдибеков: Мамлекеттик органдарда жоопкерчилик болбой жатат. Акыркы алты жылда Кумтөрдөн 120 тонна алтын казылып кетти. Кумтөр боюнча келишимди эч коркпой туруп дененсациялоо керек эле. "Кыргызгаз" да элдин байлыгы. Биз мамлекеттүүлүктү унутуп жатабыз. Биз ошол мамлекеттин өзөгүн түзгөн байлыктардан айрылып жатабыз.

12:36 24.11.2018

Жарандык активист Айбек Мырза: Бул парламент Сапар Исаковду шайлаган. Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди шайлады. Депутаттардын ишине да баа берилиши керек. Жалаң бизнесмендер келип алып, үн чыгаргандан коркуп отурушат.

12:38 24.11.2018

Айбек Мырза: Сооронбай Жээнбековдун да кемчиликтери бар. Бул киши сындан коркпошу керек. Кадр саясатын терең ойлонуп жүргүзбөсө болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG