Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:50
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

11:21 24.11.2018

Равшан Жээнбеков: Каалайбызбы же каалабайбызбы Медеткан Шеримкуловдун убагында күчтүү парламент болгон. "Ата-Журт" партиясын Акматбек Келдибеков жетектеп турганда бийликке күчтүү оппозиция болгон. Ошондой парламент болушу керек. Өткөн президенттер менен күрөшүү жеңил. Биз бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек. Кыргызстанда 27 жылдан бери бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталган эмес. Азыркы бийликтин тушунда да сакталбай жатат. Эгер азыркы бийлик муну жөнгө салбаса, Атамбаевдин тагдыры, Бакиевдин тагдыры учурдагы бийликти да күтүп турат.

11:25 24.11.2018

Равшан Жээнбеков: Парламент менен өкмөттүн башында күчтүү президенттик институт турат. Ошондуктан күчтүү Жогорку Кеңеш болбой жатат. Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын жетекчилери өкмөт башчы болгон. Азыркы президенттин мурдагы аппарат башчысы да премьер-министр болуп турат.

11:27 24.11.2018

Равшан Жээнбеков: Биз мамлекетте саясий реформаларды жасабасак, эч качан экономикалык реформаны жасай албайбыз. Биз сот реформасын жасабасак, экономикалык реформа болбойт. Экинчиден, шаар мэрлерин, облус башчыларын эл шайлагандай кылышыбыз керек.

11:33 24.11.2018

Эмилбек Каптагаев: Мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге саясий баа берилип, аларга "экс-президент" деген макам берилген эмес. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин убагында кландык башкаруу орногон. Натыйжада өлкөдөгү сот түзүмү, прокуратура, күч түзүмдөрү бир кишиге кызмат кылып калган. Атамбаевдин алты жылдык ишине баа берели. Бул үчүн Жогорку Кеңеште атайын мамлекеттик комиссия түзөлү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG