Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

11:37 24.11.2018

Эмилбек Каптагаев: Алты жылда жети жолу өкмөт алмашкан. Мамлекеттик органдар толук деморализация болгон. Саясий элитаны жаңыртуу идеялары колдоого аларлык болгону менен анын артында башка жаткан. Анын айдоочусу, жансакчылары кызматка келип, жеке адамдын культун түзүү башталган. Өлкөдөгү абал бир кишинин эмоциялык абалына көз каранды болуп калган.

11:45 24.11.2018

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан курултайга келген жок.

Бул иш-чарага чакыруу жөнөтүлгөнүн жарандык активист Адил Турдукулов билдирген.Бирок КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Бул чогулуш Алмазбек Шаршенович бара турган жыйналыш эмес. Чыныгы коомдун өкүлдөрү болгон демилгечилер четте калып, жеке максаттарын көздөгөн уюштуруучулар басымдуулук кылганы оркоюп эле көрүнүп калды" деп жооп берген.

11:59 24.11.2018

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев улуттук нарк-насилди сактоого чакырды. Кыргызстан мөңгүнүн, таза суунун зонасы катары статус алуу керектигин, быйылкы жылды экология жылы деп атоону колдорун айтты.

12:08 24.11.2018

Курултайда саясий ишмер Медеткан Шеримкуловго сөз берилди. Ал мамлекеттеги башаламандыкты токтотуу үчүн жаңы Баш мыйзам жазууну сунуштады. "Мыйзам - бул ар бир адамдын тагдыры, келечеги. Ошон үчүн Конституциябызды жөнгө салып, кайра жаңы жазалы", - деди Шеримкулов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG