"Центерра" компаниясы расмий сайтында аталган макулдашууну аткаруу мөөнөтү узартылганын жарыялады. Буга чейин өкмөт макулдашууну аткаруу мөөнөтүн 24-августка чейин токтотуп туруу чечимин кабыл алган.
Өкмөт бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги макулдашуунун шарттарын кайра кароо эмнеге кечеңдеп жатканы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Исаковдун келишимин аткаруу мөөнөтү узартылды
Кыргызстандын өкмөтү быйыл июнь айында 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кол койгон экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароо ниети бар экенин жарыялаган.
Аталган документке ылайык, "Центерра" жылдык экологиялык төлөмдүн өлчөмүн 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 миллион доллар, онкологиялык борборго 10 миллион доллар которууга макул болгон.
Казылган кенди толтуруу коруна жыл сайын 6 миллион доллардан которуп туруу жагы да макулдашылган. Кыргызстандын өкмөтү анын ордуна 2013-жылы "Центеррага" койгон экологиялык 100 миллион долларлык доодон баш тартмак.
Чечимге ылайык былтыр онкологиялык кызматты колдоого инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллиону которулган.
Кийинки келген Абылгазиевдин өкмөтү "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө кандай жыйынтыкка келгени белгисиз. Ал макулдашуунун шарттарын кайра кароо мөөнөтү эмнеге узартылганы боюнча дагы түшүндүрмө берген жок.
Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов мунун себебин атоодон баш тартты.
Парламент мөңгүлөрдү "көчүрүүгө" уруксат берди
Парламент мөңгүлөрдү "көчүрүүгө" уруксат берди
Парламенттин мурдагы төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков өкмөттүн Кумтөр боюнча позициясы такталбай жатканын сынга алып, аны көз каранды абалга кептеген жагдайларга токтолду:
- Кийинки келген өкмөттөр мурдагыларына эле шылтап коюп, шыбай берген өнөкөт Атамбаевдин учурунда аябай "мода" болбодубу. Ошол келишимде кеткен кемчиликтерди азыркы өкмөт өз убагында өзгөртсө болмок. Анткени Кумтөр кени Кыргызстандын аймагында турат. Эл аралык соттор деле кыргыз мыйзамдарына карашат. Аны создуктуруп жатканы бул өкмөттүн чабалдыгы. Азыр өкмөттүн бюджетти толтура албай шайы ооп турган кези. Маселени убагында чече албай жатат. Ошол эле кезде аны улам артка жылдыра бергенинен бул жерде жеке кызыкчылыктар барбы деген ой кетет. Болбосо эбак эле чекит коюп, бир жактуу чечим кабыл алууга мезгил келип жеткен.
Чечкинсиз өкмөт, жоопкерчиликсиз парламент
Былтыр кабыл алынган макулдашууга ылайык, тараптар соттук териштирүүгө баруудан баш тартып, "Кумтөр" компаниясынын топ-менежерлерине коюлган чектөөлөр алынып салынган.
Ошондой эле 2009-жылдагы макулдашуу толугу менен күчүндө калары макулдашылган. Ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков стратегиялык деп аталган келишимди улуттук кызыкчылыкка төп келген документ катары баалаган. Бирок айрым депутаттар аны чыккынчылык катары кабыл алып, документ парламентте талкууланбай кабыл алынганын сындап чыгышкан.
Сапар Исаков премьер-министрликтен кеткен соң, документти кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлгөн. Бирок андан бери жылыш болбогонун айткан Кубанычбек Исабеков парламент менен өкмөт чечкиндүү кадамга барбай жатканын мисал келтирди:
- Парламенттин буга чейинки чакырылышы кичине кыйкырымыш болгону менен иш жүзүндө кенедей дагы пайда келтире албады. Азыркысы болсо бул маселени көтөрүүдөн качат. Биздин убагыбызда парламенттик бийлик жок эле. Анын ыйгарым укуктары аз болчу. Эгерде бизде азыркы учурдагыдай бийлик болгондо, маселени чечүүгө аракет кылып, бир топ мүчүлүштүктү оңдомокпуз. Мурдагы дагы, азыркы парламент дагы жоопкерчиликти өзүнө алып, чечкиндүү кадам таштай албады. Азыркы өкмөт аман эле болсун. Мен ушул күнгө чейинки өкмөттөрдүн биринин дагы чеке жылытарлык ишин көрө албадым. Мындан ары деле көрө албайт окшойм. Мамлекеттик деңгээлде маселе чечүү деген жокко эсе. Ошондуктан биз ордубуздан жылбай, термелип турабыз.
Парламенттин мурдагы төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун мындай пикирине азыркы учурдагы Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары макул эмес. Алар дал ушул Исабеков парламентте депутат болуп отурган 2009-жылы кабыл алынган макулдашууда Кыргызстандын соттошуу укугу жокко чыгып калган жагдайды эске салышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров сындаганды мыкты билген саясатчылар ишин көргөзө албаганын, азыр деле ошондой абал өкүм сүрүп жатканын белгиледи:
- Азыр сындап жаткандардын баары тең эле мына ошол кезде парламентте депутат болуп отурушту. Анда эмнеге убагында маселени чечишкен эмес? Кумтөр маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилиши кажет. Муну үч-төрт депутат эле чечип коё албайт. Биз буга чейин тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып бердик. Бул боюнча депутаттык комиссия да түздүк. Анан өкмөттүн астында мекемелер аралык комиссия иштеди. Азыркы өкмөт мына ошолордун негизинде эле бир жактуу чечим кабыл алса болот.
"Кумтөр" - Кыргызстандагы эң чоң алтын казуучу компаниялардын бири. Аны жыйырма беш жылдан бери канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип келет. Андагы Кыргызстандын үлүшү башында 67 пайызды түзгөн, кийин 15 пайызга чейин түшүп, кайра 33 пайызга көтөрүлгөн. Учурда кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 26 пайызды түзөт.