Жети жылга кесилген түрмө кызматкерлери кармалган адамдарды уруп-согуп, күнөөнү күчтөп мойнуна алдырган деп айыпталууда. Адам укугун коргоочу уюмдар жабык жайларда кыйноо көп катталса да, жазага тартылгандар сейрек экенин билдиришүүдө. Ал эми күч органдары кыйноону токтотуу боюнча керектүү аракеттер көрүлүп жатканын айтып келишет.
Эки жылга созулган сот
6-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кылмышка шектүүнү кыйноого алган деген төрт абак кызматкерин жети жылдан эркинен ажыратты. Сотто кыйноого кабылгандардын укугун коргогон "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулованын айтымында, абак кызматкерлеринин күнөөсүн далилдөө эки жылга созулду:
- Айткожо уулу Тимур жана Искендеров Нуркемел аттуу эки адамды Бишкектеги №47 абактын жетекчисин бычактоого катышыңар бар деп кармаган. Бирок алар кылмышка тиешеси жок экенин, жада калса бири-бирин тааныбай турганын да айтышкан. Буга карабай Бишкектеги №1 тергөө абагынын үч кызматкери жана Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери эки адамды кыйнап, уруп-согушкан.
Абдирасулова кошумчалагандай, кыйноого айыпталган абак кызматкерлери сот залынан камакка алынды. Эми алар жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин да үч жылга чейин бул тармакта жетекчилик кызматты ээлөө укугунан ажыратылды. Ал эми кыйноого кабылган Айткожо уулу Тимур жана Искендеров Нуркемел болсо дале тергөө абагында камакта.
Азиза Абдирасулова Кыргызстанда кыйноого шектелген абак кызматкерлерине алгачкы жолу сот өкүмү чыкканына көңүл бурууда. Анын айтымында, буга чейин жабык жайлардагы кыйноо фактылары боюнча негизинен милиция кызматкерлери жоопко тартылып келген.
- Буга чейин тергөө абагында, абактарда кыйноо боюнча арыздар түшүп келген. Бирок алардын ичинен териштирилип, сотко жеткендери боло элек эле. Бул жолу абак кызматкерлерине алгач ирет сот чечими чыкты.
Бийликтердин убадасы
Ал эми Жазаларды аткаруу кызматы жабык жайлардагы адамгерчиликсиз мамилени толугу менен жок кылуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтууда. Аталган кызматтын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттыкка" билдиришинче, акыркы окуя да орган жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн:
- Биздин кызмат камераларга видеобайкоо коюп, көзөмөлдү күчөткөн. Ошондой эле кармалып тургандар суракка кетип жатканда атайын дарыгерлер тарабынан текшерүүдөн өтүп турат. Негизи эле биздин кызматка караштуу абактарда кыйноо жок экенин баары билишет. Бирок бул жаатта биз өз ишибизди улантып жатабыз.
Кыргыз бийликтери жабык жайлардагы кыйноо факттарына каршы күрөш күчөтүлгөнүн билдирип келет. Буга акыркы учурда бул жаатта кылмыш ишинин көп козголуп, чектен чыккан милиция кызматкерлеринин жазага тартылып жатканын жүйө келтирүүдө.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулаймановдун айтымында, жабык жайлардагы ур-токмокко туш болуп даттангандар дале болсо арбын:
- Былтыр жалпысынан 167 кайрылуу келип түшкөн. Бул сан мурунку жылдарга караганда азыраак, бирок биз каалаганчалык төмөн эмес. Мунун себеби кыйноолордун көбөйгөнү деле эмес, зордук-зомбулук болгондо ачык айтып жатканы болсо керек деп ойлойм.
Кыргызстанда жабык жайларда кыйноо фактылары кеңири жайылган көрүнүш экени айтылып келген.
2010-жылдан соң бул жаатта иштер күчөтүлүп, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Башкы прокуратурада кыйноого каршы атайын бөлүм да иштей баштаган. Бирок былтыр декабрда өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык, мындан соң кыйноо фактыларын Башкы прокуратура эмес УКМК тергей баштайт. Укук коргоочулар мындай өзгөртүү кыйноолорго каршы күрөштү солгундатабы деп чочулап жатышат.