Эл аралык комиссия кимдерди айыптаган?
Түштүктөгү өткөн жылдагы кандуу калабаны иликтеген Эл аралык комиссия өзүнүн корутундусунун үзүндүлөрүн жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыялай баштады. Анда Убактылуу өкмөт июнь трагедиясынын алдында улуттар аралык мамиленин чыңалуусун этибар алган эмес, калаба учурунда калкты коргоп калууга жеткиликтүү чара көрбөгөн деп белгиленген. Ошондой эле ал кездеги Убактылуу өкмөттүн түштүк регион боюнча өкүлү Исмаил Исаков, Ош облусунун коменданты Бакыт Алымбеков, Жалал-Абаддын коменданты Кубатбек Байболов өз милдеттерин аткарууда олуттуу кемчиликтерге жол берген деп жазылган. Июнь окуяларынан кийин кармалгандар абактарда кыйноолорго алынган, 21-23-июнда жүргөн тазалоолордо адам укуктары одоно түрдө бузулган, бийлик ага каршы чечкиндүү чараларды көргөн эмес деп белгиленген.
Бирок корутунду расмий түрдө жарыялана элек. Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаровдун айтымына караганда, корутунду менен өкмөт таанышып, ага өзүнүн жообун жазып бүткөндөн кийин жарыяланууга тийиш.
Белгилүү болгондой эл аралык комиссия өзүнүн корутундусун март айында, андан кийин апрель айында жарыяларын билдирген. Бирок ал улам кийинки мөөнөткө которулуп келатат. Кыязы, ага кыргыз өкмөтүнүн корутундуну коштоочу жообу даяр эместиги себеп болууда. Талдоочулардын баамында, Эл аралык комиссия маалымат каражаттарына корутундунун үзүндүлөрүн берүү менен өкмөткө белги берип, мындан ары күтө албасын түшүндүрүп жаткандай.
Комиссиянын корутундусун утурлап...
Эл аралык комиссиянын корутундусуна даярдык көргөндөй 13-апрелде президент Роза Отунбаева күч структураларынын жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, анда июнь окуяларын тергөө канааттандырарлык эмес деп атаган. Андан көп узабай түштүк милициясынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. КСДП фракциясынын мүчөсү Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары, Ош облустук милициясынын башчысы кызматына дайындалды.
Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов кызматтык абалына жараша Эл аралык комиссиянын корутундусу менен тааныш. Ал корутунду үстүрт жазылып калган деген пикирде:
- Комиссиянын алдын-ала жыйынтыгы менен тааныштыгым бар. Баланчанын баланча, түкүнчө деп айтканы, эл оозундагы сөздөр боюнча деген беллетристикалык мүнөзү бар. Өтө калпыс, үстүрт даярдалган документ. Мындай терең изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан мунун юридикалык дагы, моралдык дагы күчү болбойт деймин.
Байболовдун айтымында, Эл аралык комиссиянын корутундусунда геноцид же тукум курут кылуу жөнүндө сөз жок. Бирок ага карабай эл аралык коомчулук Кыргызстанга каршы кандайдыр бир чараларды көрүүсү ыктымал.
Эл аралык уюмдар, өлкөлөр тарабынан кандай чара көрүш мүмкүндүгү тууралуу мурунку юстиция министри Марат Кайыпов буларды билдирди:
- Кыргызстан БУУнун, көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы эл аралык уюмдар Кыргызстанга, бийлигине баа берсе, ошону менен эсептешүүгө аргасыз болобуз. Себеби биз эл аралык уюмдарды каржылаган, аларга багыт берген, керек болсо башкарып турган өлкө эмеспиз. Ошондуктан Кыргызстанга баа берип койсо, же сунуштарын берип, аны аткарасың деп койсо, анда биз аткарууга мажбур болобуз. Антпесек, эл аралык уюмдар бизди тааныбай, бизге болгон мамилелерин тоңдуруп коюушу мүмкүн.
Кайыповдун айтымында, кыргыз өкмөтү тукум курут жөнүндө ар кандай билдирүүлөр чыгып жатканда, анын негизсиз экенин айтып, өз фактыларын келтирбегени кейиштүү.
Түштүктөгү кандуу калабаны Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия иликтеп, өзүнүн корутундусун январь айында жарыялаган. Анда коогалаңдын чыгуусуна себепкер катары Кадыржан Батыров жана жан-жөкөрлөрү, Курманбек Бакиев жана анын жакындары, “үчүнчү күчтөр” аталган.
Ал эми Жогорку Кеңеш түзгөн комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын Эл аралык комиссия баяндамасы жарыялангандан кийин ачыка чыгараарын билдирген.