Президент Жээнбеков арызды эмне үчүн канааттандырбады? Мурдагы мамлекет башчынын командасынын азыркы президентке таасири азайдыбы? Дагы кайсы аткаминерлер кызматтан кетиши мүмкүн? Бийликтеги салмакты көрсөтүү үчүн дагы кандай саясий жүрүштөр болушу ыктымал?
“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана саясий серепчи Сейтек Качкынбай катышты.
“Азаттык”: Каныбек агай, маалым болгондой бүгүн таң эрте Интернетте "президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов кызматтан кетүү туралуу арыз жазды" деген маалымат окудук эле, эки саат өтпөй "президент арызды канааттандырган жок" деген маалымат тарады. Бул окуяны кандай түкшүмөлдөп, төркүнүн кандай чечмелеп жатасыз? Эмне үчүн ал кеткиси келди?
Каныбек Осмоналиев: Мен бул көрүнүштү таң калбай эле кабыл алдым. Ниязов мурдагы президенттин эң жакын кишиси болгон, акыркы эки жылда анын аппаратын башкарган адам. Азыркы жаңы президенттин шайлоо штабын башкарган, эстафета уланып жаткандай сезилген. Бирок Жээнбеков аны дароо аппарат башчысы кылып дайындаган эмес, кеңешчи кылып койгон, андан көп өтпөй кайра аппарат жетекчилигине койгондо эле бир маселе бар экендиги, көпкө узабай турганы байкалган.
"Эмне үчүн өз арызы менен келген кишини президент кызматтан кое бербей жатат? Эмне себептен аппараттын ичинде жөнөкөй эле боло жүрчү маселе резонанстуу болуп жатат? Маселени сыртка чыгарбай эле койсо болот беле?" деген суроолор жаралат. "Ниязов күчтүү кадр болгондуктан алмаштыра албай жатат" деп айткандарды уктум. Мен буга ишенбейм, болбогон кеп. Астейдил издесе андан күчтүү кадрларды тапса болот. Менимче, мурдагы президенттин таасири күчүндө тургандай сезилүүдө. Кандайдыр бир соодалашуу жүрүп жаткандай.
Фарид Ниязовду арыз жазууга эмне түрттү?
Фарид Ниязовду арыз жазууга эмне түрттү?
Фарид Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешкен аткаминерлердин бири. Ал өзү эмнеге кызматтан кеткиси келип жатканы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Андыктан аткаминердин бул арызына байланыштуу кабар кош бийлик тууралуу талкууга жем таштады.
“Азаттык”: Сейтек мырза, арыз жазып жаткандан кийин кайсы бир жагдай түрткү болсо керек да? Ниязовдун аппаратта таасири начарладыбы же Жээнбековдун кланы менен түшүнүшө албай калдыбы?
Сейтек Качкынбай: Мындай учурду саясат таануу илиминде бийликтин командасындагы адамдарды “кыргыйлар” жана “көгүчкөндөр” деп шарттуу түрдө экиге бөлөт. Азыр бийликте Атамбаевдин учурунан бери келаткан команданын адамдары, анан Жээнбековду жанында колдоп келаткандар жүрөт. Мендеги маалыматтар боюнча Фарид Ниязов мурдагы бийликтегидей таасир берүүчү күчкө ээ болбой калды, аны менен азыркылардын көбү эсептешпей калышкандай. Көп чечимдер “Ниязовду айланып өтүп” кабыл алынып жатат деген маалыматтар бар. Ошондуктан Ниязов азыркы аппаратта өзүн жалгыз сезип жатышы да мүмкүн. Ал жердегилер эсептешпей калгандан кийин балким кетейин деп чечкендир? Башка жагынан алганда президенттин жаңы командасы тарабынан “силердин заман бүттү, эми башкалар да иштесин” деген сигнал деп түшүнсөк болот.
Каныбек Осмоналиев: Президент Жээнбековдун шайлоо учурундагы эң күчтүү куралы “мен президент Атамбаевдин ишин улайм”, “көч улана берет” деген ураандар болчу. Ошондой сөзү үчүн азыркы президент экс-президенттен катуу, күчтүү колдоо алган. Атамбаевдин кубаттуу ресурсу пайдаланылган, анын арты менен президент болду.
Бүгүнкү абалдын түзүлүшүнө Жээнбековдун акыркы Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөздөрү, кадамдары түрткү бердиби деп ойлойм. Анда президент Жээнбеков каалайбызбы-каалабайбызбы, саясий күчтөрдүн поляризациясы болорун эскерткендей болду. Бардык маселелерге жооп бере турган учурлар келатканын “кыргыйлар” сезе баштагандай. Жээнбековдун ооругун бекемдөөгө камынып жаткан адамдар айланасына топтолууда. Алардын дымагы, талаптары болуп жатса керек. Ошондуктан президент Жээнбеков Ниязовдун арызына кол койбой, бир жумага эмгек өргүүсүнө кетирип, тыныгуу ала турууну туура көрдү окшойт.
Сейтек Качкынбай: Азыр Жээнбековдун айланасындагы аура башка. Ниязовдун феномени өткөн чакта болуп калды. Менимче, Ниязов президент азыр кое тур десе эле кайра ордуна барып үн дебей отура берчү жигит эмес. Жээнбековдор да Атамбаевдин командасы менен эч убакта ачык жаңжалга барбайт. Бирок алар кырдаалды дипломатиялык түрдө “эми бул команда иштеп көрсүн” деп жеңилдетеби деп ойлойм.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)