Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

Өкмөттүн жаш кадры кызматтан кетти


Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Мекемени жарым жылдан ашык башкарган 31 жаштагы Дастан Догоев өзүн жаңычыл көз караштагы жетекчи катары көрсөттү деген баалар айтылууда.

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан өз ыктыяры менен кеткенин, мындай чечимди жеке турмуштук жагдайына байланыштуу кабыл алганын маалымдады.

Ал өзү тараткан маалыматта бул жооптуу кызматты ишенип тапшырганы үчүн президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирген.

31 жаштагы Дастан Догоев Мамкаттоонун башчылыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин үч жылдай ушул мекеменин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Бир катар ири долбоорлорду сунуш кылып жана жүзөгө ашырып жаткан учурда анын кызматынан өз арызы менен кетиши ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев Догоевдин кызматтан кетиши боюнча буларды айтты:

- Кызматтан кетиши өзүнүн жеке маселелерине байланыштуу го дейм. Ал өзү деле ушундай айтты. Мен анын айтканына ишенем. Жеке өзүнүн да пландары бар чыгар. Үй-бүлөгө, ден соолукка байланышкан башка да себептер болушу мүмкүн. Мен аны ишиндеги кемчиликтери үчүн кетти дегенден алысмын. Бул бала абдан жакшы кадр, келечеги кенен.

Мамлекеттик каттоо кызматы былтыр май айынан тартып биометрикалык каттоонун негизинде паспорттун жаңы үлгүсүн чыгара баштаган. Анда жарандын улуту, жынысы, каттоосу тууралуу жеке маалыматтары атайын чипте купуя сакталат.

Ошондой эле былтыр мекеме Кыргызстан боюнча 400дөн ашык маалымат күркөлөрүн ачып, документтерди каттоонун, кабыл алуунун көбүн электрондоштурган. Бул өз кезегинде жарандардын паспорт алуу сыяктуу түйшүктөрүн, коррупциялык элементтерди азайтканы айтылган. Жалпысынан 2017-жылы жарандарга 942 миң паспорт берилген.

Сүрөттө: Дастан Догоев (оңдо), экс-президент Алмазбек Атамбаев (ортодо), премьер-министр Сапар Исаков (солдо). 2017-жыл.
Сүрөттө: Дастан Догоев (оңдо), экс-президент Алмазбек Атамбаев (ортодо), премьер-министр Сапар Исаков (солдо). 2017-жыл.

​Дастан Догоев былтыркы президенттик шайлоодо электрондук шайлоо системасын киргизүүдө да башкы жетекчилердин бири болгон.

Президенттик шайлоо учурунда түзүлгөн "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөсү, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков Догоевди маалыматка ачык жетекчи катары сыпаттады:

- Дастан мырзаны мурда жакшы билчү эмесмин. Бирок ошол кездеги жолугушууларда ал мага жакшы адам катары таасир калтырды. Биринчиден, адамдарды бөлбөй, бирдей мамиле кылганы жакты. Экинчиден, жетекчи катары өз ишин мыкты билет экен. Жалпысынан алганда анын убагында Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо жараяны, дегеле башка идеяларды киргизүүдө жакшы ийгиликтерди жаратты деп ойлойм.

Догоев Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган кезде ишке ашырган акыркы долбоорлордун бири айдоочулук күбөлүк алуудагы коррупцияны жоюуга багытталган программа болду.

Айдоочулук күбөлүк берүү тартиби өзгөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Ушул жана башка жумуштардын баары Сапар Исаков баштаган өкмөттүн “Таза коом” долбоорунун алкагында жасалып жатканы жарыяланып келе жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Догоевдин кызматтан кетишин мындайча чечмеледи:

- “Таза коом”, электрондоштуруу деген иштерди жасоого коррупциядан, өң-тааныштан алыс Догоевдей балдар-кыздар керек болчу. "Өзү арыз жазды" деген нерсе – "мен бул өкмөт менен иштеше албайм" деген сөз да. “Таза коом” долбоору үчүн Догоев бардык жагынан төп келет эле. Чет өлкөдө билим алган, жаш. Шайлоо жараянында Мамлекеттик каттоо кызматын уят кылган жок, жаш экенине карабай ишин так аткарды. Тилекке каршы, ушундай балдардын кетип жатканы азыркы өкмөткө абийир алып келбейт. Алардын ордуна мурда иштеп кеткен эски кадрларды алып келип жатышат.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Дастан Догоев мындан эки жумадай мурун Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында мамлекеттик корпорация түзүү жөнүндө сунуш киргизип, ал боюнча иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Корпорация мамлекеттик негизги документтерди жасоодон тышкары ишкер чөйрөгө кызмат көрсөтөт.

Өкмөттүн сайтындагы негиздеме-маалыматта “идея улуттук каттоо системасын жакшыртуу, кызматтардын сапатын көтөрүү, материалдык базаны өз учурунда алмаштыруу үчүн" иштелип чыкканы жазылган.

Догоев мамлекеттик корпорация түзүлсө жарандарга көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапаты оңолуп, баасы арзандай турганын айткан. Кыргыз өкмөтү түзүүгө ниеттенип жаткан корпорация “Жаңы доор” деп аталмакчы.

- Башкы максат - калкка сапаттуу, социалдык багыттагы кызмат көрсөтүү. Ошол эле учурда бул корпорациянын негизги кирешеси бизнес чөйрөгө кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражат болот. Башкача айтканда, биздеги маалыматтарды колдонуп, жеке түзүмдөргө, компанияларга бизнес-аналитика жана кайсы бир кадамдарды иштеп чыгуу боюнча талдоочу материалдарды даярдайбыз. Бул система кирешелүү боло баштаганда анын эсебинен биз калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын чыгымын жаап, элге бекер кызмат көрсөтө алабыз. Азыркы тажрыйбабыз көрсөткөндөй, биздин системаны, технологияны, инновациялык кадамдарыбызды башка өлкөлөрдө да колдонсо болот. Ошондуктан бул корпорациянын негизги кирешеси ишкерлик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүдөн жана эл аралык рынокко чыгуудан түшө турган каражат болмокчу, - деген эле Догоев 6-февралда "Азаттык" менен болгон маегинде.

Дастан Догоев менен президент Сооронбай Жээнбеков (ортодо).
Дастан Догоев менен президент Сооронбай Жээнбеков (ортодо).

Ал кызматынан кетип жатып тараткан билдирүүсүндө “алдыга коюлган дымактуу максаттарды ийгиликтүү жана сапаттуу ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик каттоо кызматын Мамлекеттик корпорация кылып түзүү аркылуу түп-тамырынан реформалоо" зарыл экенин белгилеген.

Мурда кыргыз паспортторун жасап келген "Интел линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов Догоевдин мамлекеттик корпорация түзүү тууралуу сунушун мамлекеттик башкаруу саясатын билбестик катары сыпаттады:

- Алар түзө турган мамлекеттик корпорация өзүн-өзү каржылаган мекеме болот. Ошондо ал мамлекеттин атынан жумуштарды кантип жасайт? Бул абдан туура эмес кадам. Анда Чек ара кызматын, Улуттук коопсуздук комитетин, Коргоо же Ички иштер министрлигин да өзүн-өзү каржылаган мекеме кылып которуп коюш керек. МАИ кызматкерлерине "өз айлык акыңарды жолдон таап алгыла", Чек ара кызматына "маянаңды, кийим-кечеңди таап, үйүңдү өзүң салып ал" деш керек. Бул деген мамлекеттик башкарууну такыр билбегендик.

Дастан Догоев 1986-жылы Каракол шаарында туулган. Лондондогу Кавендиш колледжин жана Кингстонск университетин аяктаган.

2012-2014-жылдары Финансы министрлигинин алдындагы долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, "Инфо-система" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2014-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, 2017-жылдын июнь айында анын жетекчиси болуп дайындалган.

Өкмөт башчынын башка бир буйругуна ылайык, Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Ал 2014-2015-жылдары да Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Шаикова декабрь айында эле Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору болуп дайындалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG