Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Момбеков: Өкмөттүн иши көзгө көрүнгөн жок


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кенештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүлдү. Айрымдар «өкмөт толугу менен кызматтан кетсин» деп талап кылышты. Алардын бири, КСДПнын мүчөсү Рыскелди Момбеков өкмөткө ишенбеген себептерин «Азаттыкка» айтып берди.

«Азаттык»: - Акыркы убакта өкмөттүн дарегине көп сын-пикирлер айтыла баштады. 20-март күнү парламентте айрым кызматташтарыңыз премьер-министрди баш кылып кызматтан алууну сунуш кылып жиберишти. Сиз да аткаруу бийлигин дайыма сындап келесиз, өкмөттү кетирүүгө кандай негиз бар?

Рыскелди Момбеков: - Азыркы өкмөттүн кызматтан кетиши тууралуу маселе бүгүн биринчи жолу көтөрүлдү. Менимче маселе бышып жетип калган. Былтыр күздөн тартып эле өкмөттүн дарегине сын-пикирлер көп айтылып келди. Бирок өкмөт сындан жыйынтык чыгарган жок, тескерисинче кол шилтеп койду. 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылган жок, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогултулбай калды. Орто Азиядагы мамлекеттердин ички дүң өнүмү эң азы - Кыргызстан. Бул Кыргызстан экономикасы эң начар өлкөгө айланды деген кеп. Бир да реформа ишке ашкан жок. Курулай сөз менен эле курсак тойгузуп келди. Эч кандай экономикалык негиздер жок. Кадр саясатында калпыстыктарга орун берилип жатат. Эл ичинде да азыркы өкмөткө ишеним жок. Апрелде өкмөт парламенттин алдында отчет берет, менимче канааттандырарлык болбойт.

«Азаттык»: - Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ишине парламент депутаттары да, активисттер да канааттанбаганы көп эле айтылып келе жатат. Бирок өкмөт башчы айрымдарына сөгүш жарыялап, эскертүү берүү менен чектелүүдө. Бизде татыктуу кадрлар жокпу?

Рыскелди Момбеков: - Жогорку Кеңештин депутаттары министрлерге ачуу сын айтып эле тим болбой, аларды айныгыс фактылар менен далилдеп берсе да өкмөт башчы ага чара көргөн жок. Мисалы, саламаттык сактоо министрин Жогорку Кеңештин Конституцияны коргогон комитети кызматтан кетирүүнү сунуш кылып чечим чыгарып берди. Бирок анын ордуна сөгүш берип койду. Президент Сооронбай Жээнбеков «тоо-кен тармагында коррупция токтогон» жок деп Коопсуздук кеңешинин жыйынында катуу сөз айтып, өкмөткө өктөм сөз айтса, анын башчысын калтырып, үч орун басарын алып койду. Айыл чарба министрлигине, Транспорт министрлигине канча сын айтылат, бирок өкмөт башчы алардын бирине да көңүл бурган жок. Өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине эл тарабынан, президент тарабынан, парламент тарабынан баа берилип, айтылып жатса да, алты акимди иштен алып, алты министрге сөгүш берип коюп отурган премьерге не десе болот? Абылгазиев жок дегенде Сооронбай Шариповичтин деңгээлинде «чык эшикке» деп катуу айта албай койбодубу! Анан бул премьерден эмнени күтсө болот?

«Азаттык»: - Кайсы бир тармактардын жетекчилерин президент өзү кабыл алып, ишти жакшы алып барууну талап кылган учурлар бар. Ушундан улам президенттин өзүндө азыркы өкмөткө ишеничи жок сыяктуу деген бүдөмүк ойлор жаралгансыйт...

Рыскелди Момбеков: - Менимче президент өкмөт башчынын ишине ичи чыкпай жатат. Анткени, өкмөт өзү да четтеп калды. Мындайча айтканда, элден да, Жогорку Кеңештен да качып калды. Бул чындык. Муну көрүп турган президент өзү сунуш кылгандыктан, аткаруу бийлигиндеги айрым министрлерди өзү алып, өзү дайындап атканы да аргасыздан болуп жаткан иш. Президент аткаруу бийлигинин ишине аралашпашы керек эле, ал айла жоктон киришип жатат. Мамлекет башчы чек ара маселеси боюнча да өкмөттү катуу сынга алды. Бардык бийлик бутактарынан эң начар иштеп атканы - өкмөт.

«Азаттык»: - Азыркы өкмөт курамы ишке киргенден бери колго илинерлик, көзгө көрүнөрлүк кандай иш жасады деп айтсак болот?

Рыскелди Момбеков: - Бул өкмөттүн тушунда бир да ири инвестициялык долбоор ишке ашкан жок. КСДП фракциясы инвестициялык климат маселесин караганда өкмөткө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин башчысынан: «Канча сомдук инвестиция тарттыңар?» деп сурадык. Жообу күлкү келерлик. Анткени алар тогуз ай ичинде болгону тогуз млн. сомдук долбоорду ишке ашырыптыр, ал эми өздөрүнүн айлык маянасына 22 млн. сом кетиптир. Ачыгын айтуу керек, мурунку Сапар Исаковдун өкмөтү төрт айдын ичинде төрт млрд. сомго жакын профицит менен келсе, азыркы өкмөт жети айда 6,5 млрд. сомду чогулта албай келип атпайбы. Азыркы булар айтып жаткан «Коопсуз шаар» долбоорунан ушул убакка чейин 100 млн. сом түшүп калууга тийиш эле. Бул долбоор деле азыркы өкмөттүн мактана турган долбоору эмес. Бул коммерциялык долбоор. Чынын айтканда, азыркы жарым-жартылай ишке ашып жаткан долбоорлордун баары «Таза коомдун» убагында башталган иштер болчу. Булар элдин көзүнө көрүнө тургандай иш деле кылган жок. Мен көргөн жокмун.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG