Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бийликтеги коррупция тыйылабы?


Коррупция менен күрөштүн кийинки этабы тартип коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринин катарын тазалоо, "колу туткактардан" арылуу болот.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтылат.

Бул датага байланыштуу Бишкекте соңку алты жылда паракорчулукту тыюу боюнча жасалган иштерди талдаган жыйын өттү.

Кыргызстанда жыл сайын коррупция боюнча жүздөгөн кылмыш иши козголот, жүздөгөн кызмат адамдарына айып тагылат. Бирок алардын басымдуусу жазадан кутулуп кетет.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча жыйында каржы министри Адылбек Касмалиев баяндама жасады. Ал негизинен аталган мекемедеги паракорчулукту тыюу багытында Бюджет кодекси кабыл алынганына жана тендерлерге байланыштуу дооматтарды азайтууга басым жасалганын айтып берди:

- Кыргызстанда биринчи жолу Бюджет кодекси кабыл алынды. Бюджетти түзүү, бюджетти аткаруу, бардык процесстер бир ченемдик-укуктук актыга жазылды. Экинчи эң көйгөйлүү маселелердин бири - мамлекеттик сатып алуулар. Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулар электрондук тартипте жүрөт. Бирок ага байланыштуу көп суроолор да пайда болду. Анын негизги себеби мурда ачык-айкындуулук жок болчу, көп тендерлер билинбей эле өтүп кеткен болсо ар бир тендер, ким утканы ачык жазылып турат.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу Бажы кызматындагы сегиз коррупциялык тобоокелдик бар деп аныктаган жана атайын иш планын бекитип берген. Аталган кызматтын төрагасы Азамат Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиришинче, пландын теңинен көбү аткарылды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен биргелешип иштеп жатат деп ишендирди:

- Негизи биз тарапка коррупция боюнча доомат көп айтылып жатат. Бирок биздин системадагы коррупцияны кыскартуу боюнча өкмөт менен чогуу иш алып барып жатабыз. Төлөмдөрдү чогултууну жакшыртып, маалыматтык системага бир күндүк, бир жумалык мониторинг жүргүзүү үчүн программа орнотуп жатабыз. Андан сырткары анкета менен маалымат топтоп сурамжылоо жүргүзөбүз. Чындыгында биздин айрым кызматкерлерге коррупцияга байланыштуу кылмыш иштер козголгон. Аларды биз өзүбүз таап чыгып ИИМге, Коррупцияга каршы күрөш кызматына бергенбиз. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

Негизи коррупция түп-тамыры менен жоюлбайт, бирок коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу абалды оңдосо болот.
Марс Сариев

Коопсуздук кеңешинин маалыматы боюнча соңку алты жылдын ичинде коррупция боюнча алты миңден ашуун факт катталды. Мамлекеттин казынасына 8,5 миллиард сом кайтарылды. Төрт миңден ашуун кызмат адамы, анын ичинде Жогорку Кеңештин жети депутаты, 12 судья жана 150дөй тартип коргоо жана мамлекеттик мекемелерде жетекчилик кызматтагы адамдар сот жообуна тартылды.

Коопсуздук кеңештин катчысы Алмазбек Курманалиев коррупцияга каршы күрөштөгү башкы жетишкендик деп бардык институттардын биргелешип иштегенин атады:

- Эң негизгиси биз мамлекеттик органдардын бири-бири менен байланышын камсыз кыла алдык. Бул же тигил коррупцияга каршы чараны ишке ашыруудагы негизги проблемалардын бири - мамлекеттик органдардын өз ара макулдашуусу болчу. Мисалы, көзөмөлдөөчү орган аныктачу, өкмөт экономикалык жактан натыйжалуулугун карачу, биз болсо чараларды иштеп чыгуу менен алектенчүбүз. Азыр мындай маселе дээрлик жок. Азыр бардык институттардын чогуу иштеши бир жолго салынып калды. Мурун биз кандайдыр бир иш-чара иштеп чыксак, аны коомго алып чыгып, коом ыраазы болуп, ошону менен эле ал унутулуп калчу. Азыр андай эмес. Башкача айтканда, мамлекеттик органдар кайсы бир чараларды ойлоп чыгарбайт. Ылдыйдан өйдөгө чыгат. Биз проблемаларды анализдеп, ошол проблемаларга жараша коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгабыз.

"Коррупциянын дыңы бузула элек"

Кыргызстанда жыл сайын коррупция боюнча жүздөгөн кылмыш иши козголуп, жүздөгөн кызмат адамдарына айып тагылганы менен алардын төрт гана пайызы эркинен ажыратылып соттолору маалым.

Эксперт Марс Сариевдин пикиринде, коррупция менен күрөш жемишин бере элек:

- Коррупцияны жеңдик деп айта албайм. Паракорчулук системалуу мүнөзгө ээ да. Ошон үчүн ал азыркыга чейин жеңиле элек. Чуулгандуу иштер болгону менен коррупциянын дыңы бузула элек. Негизи коррупция түп-тамыры менен жоюлбайт, бирок коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу абалды оңдосо болот. Бирок абал өзгөрө элек.

Бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Улук Кыдырбаев болсо турмуш-тиричиликтеги паракорчулук көкөйгө тийгенин айтты: ​

- Коррупция менен күрөштү ар бир адам, жаран сезиши керек. Мисалы, маалымдама алышы үчүн акча сурабайт, МАИ кызматкери акча албайт, баламды мектепке берээрде акча бербейм деген абалга жетиши керек. Тилекке каршы мындай көрүнүштөр дагы деле болуп жатат. Чындыгында турмуш-тиричиликтеги коррупция аябай эле болуп жатат.

2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев бийликтеги саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон болчу. Ага ылайык, Коргоо кеңешинин алдында жумушчу топ түзүлүп, бир жылдын ичинде мамлекеттик бийликтин жогорку бутагындагы коррупциянын себептерин аныктап, мамлекеттик мекеме, министрликтердеги коррупциялык схемалардын бетин ачуу каралган.

Кыргызстанда соңку алты жылда коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы этабы "уурулар түрмөдө отурушу керек" деген ураан менен өткөн. Андан кийинки баскычында негизги милдет саясий коррупциянын себептерин жоюу болгон.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков болсо эң ириде укук коргоо, көзөмөл жүргүзүү жана сот органдарынын кызматкерлерин колу туткактардан тазалоону, алардын кирешесин ачыкка чыгаруу чараларын киргизүүнү убада кылып жатат.

Жээнбековдун күчү коррупционерлерге жетеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG