Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова сунуштаган бул мыйзам долбоору мамлекеттик бийлик органдары жемкорлукту жеңе албагандыктан жасалып жаткан акыркы чарабы же жеп-ичкендер менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолубу, адамдардын коопсуздугуна ким, кантип кепилдик берет, дегеле коомдун көйгөйүн чечүүдө жөнөкөй адамдарды катыштыруу канчалык келечектүү иш? «Арай көз чарай» берүүбүздө мына ушул маселелерди талкуулайбыз.
Талкууга Улуттук коопсуздук комитетинин коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов жана юрист-серепчи Ахунбай Кошоев катышты.
“Азаттык”: Ахунбай мырза, жогоруда айтылган коррупциянын бетин ачкан адамга, далилденген сумманын 30 пайызын берүүнү демилгелеген мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Эгер ал үчүнчү окуудан өтүп калса натыйжалуу иштеп кетет, деп ойлосузбу?
30 пайыздык сыйлык акчаны коррупцияны ачкан мамлекеттик чиновниктерге гана төлөйт экен. Мамлекеттик кызматта иштебей эле жөнөкөй жаран катары коррупциянын бетин ачкандарга бул акча төлөнбөйт.Максат Мамытканов
Ахунбай Кошоев: Мен эмнеге бул мыйзамды демилгелеп жатканын жакшы түшүнбөй жатам. Укуктук аң-сезим толук өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик органда иштеп жаткан чиновник өзүнүн директору “ушундай коррупциялык схема кылып, акча жеп жатат” деп айтып коюшу мүмкүн. Бизде укуктук аң-сезим эмес, жөнөкөй эле маданиятыбыз төмөнкү деңгээлде турганда, бул баягы эски замандагы айгактыкты күчөтөт, жардам бермек тургай бардыгын чаташтырууга алып келет. Себеби, жаза берүүнү атайын структуралар аткарбай жатса, жөнөкөй адамдар жакшыртып жибереби? Жүздөгөн штаттык бирдиктери бар милиция, прокуратура жеңе албаган коррупцияны катардагы кызматкер “начальнигим жеп жатат” деп койсо жеңилип калабы? Мындан сырткары бул мыйзам биздин менталитетибизге туура келбейт. Биз, баарыбыз куда-сөөк, тууганбыз, чырмалышып бүткөнбүз.
“Азаттык”: Максат мырза, мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Аида Салянова жемкорлук менен күрөшүү жеке эле укук коргоо органдарынын милдети эмес, ага коомдун бардык мүчөлөрү катышуусу керек деп жатат. Ал канчалык реалдуу жемишин бере алат?
Максат Мамытканов: Ооба, Аида Салянова айткандай, биз баарыбыз коррупция менен биргелешип күрөшүүгө муктажбыз, биздин негизги максатыбыз да ушул. Салянованын мыйзам долбоору боюнча жанагы 30 пайыздык сыйлык акчаны коррупцияны ачкан мамлекеттик чиновниктерге гана төлөйт экен. Мамлекеттик кызматта иштебей эле жөнөкөй жаран катары коррупциянын бетин ачкандарга бул акча төлөнбөйт. Мен алардан сурап жатам, Акаев, Бакиев убагында коррупцияга байланышкан канча мыйзам жазылды, өзгөртүүлөр киргизилди, оңдолду. 2011-жылы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат түзүлдү, дагы эмне керек?
Коррупцияны жалгыз киши жасабайт, милицияда бирөө, прокуратурада экинчиси, өкмөттө үчүнчүсү бар. Ошолордун баары бири-бирине ыңгайлуу шарттарды түзүп алып, киреше табышат.Ахунбай Кошой
“Азаттык”: Ахунбай мырза, коррупциянын бетин ачып, ал сот аркылуу далилденгенде гана айтылган 30 пайыздык сый акчаны алышат экен. Кыргызстанда мындай чуулгандуу иштер үч-төрт жылдап созулганын эске алсак, акчалай сыйлык алууга жөнөкөй адамдар канчалык кызыкдар деп ойлойсуз?
Ахунбай Кошоев: Бизде өтө оор корупциялык схемалар бар. Болуптур, жанагы коррупцияны бетин ачып берейин, эң эле көп болгондо 100 миң сом алат элем деп беш-алты жылдап соттон сотко сүйрөлүп, күбө катары көрсөтмө берип жүргөн адамды коррупциялашкан система көчөдөн эле жазалап, өмүрүнө коркунуч туудурса эмне болот?
Коррупцияны жалгыз киши жасабайт, милицияда бирөө, прокуратурада экинчиси, өкмөттө үчүнчүсү бар. Ошолордун баары бири-бирине ыңгайлуу шарттарды түзүп алып, киреше табышат. Ошондой системаны бир кичинекей кызматкер айтып койсо, аны жөн эле жок кылып коюшат. Бизде жүздөн ашык буюртма өлүм болбодубу? Байкуш кичинекей чиновник бирөөгө ишенип айтып алат, чоң акча жасап жаткандар аны аямак беле? Демек, мындай жол коррупция менен күрөшүүгө жардам бере албайт, майнап да чыкпайт.