Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Сот “Кумтөрдү” акчалай айыпка жыкты


Кумтөр кени. 2013-жыл
Кумтөр кени. 2013-жыл

Бишкектин райондор аралык соту “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясын экологияга келтирген зыяны үчүн 6,7 миллиард сомго чукул акчаны төлөөгө милдеттендирди.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясы келтирген зыяндын ордун калыбына келтирүү боюнча сотко төрт доо арыз берип, анын биринчисин дагы утуп чыккан. “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясы бул жолку чечимге каршы даттанарын айтып, бул боюнча ишкана жетекчилиги атайын маалымат жыйын өткөрө турганын билдирди.

Беш жылдан берки алгачкы соттук териштирүү

Бишкектин райондор аралык соту “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясын мөңгүлөрдүн үстүнө кенден казылган топурак-шагылдарын төгүп, анын натыйжасында муз катмарынын эрип жок болушуна өбөлгө түздү деп айыпка жыкты. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бул доо арызында “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясы тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз мөңгүлөргө экологиялык зыян келтирген деп доо койгон.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева сот бул экинчи доо арызды толук канааттандырганын айтты:

- Кечээ күнү сотто экинчи доо арыз каралып, судья 6 миллиард 698 миллион 878 миң сомду “Кумтөр голд” компаниясынан төлөтүүнү милдеттендирген чечим кабыл алды. Анда экологиялык чен-өлчөмдөрдү сактабастан, айлана-чөйрөгө зыян келтирилгени үчүн анын ордун акчалай түрдө калыбына келтирүү боюнча койгон биздин экинчи дообуз канааттандырылды. Азыр биздин юристтер кийинки эки доонун сотто каралышына байланыштуу даярданышууда.

Кумтөр кени. 2013-жыл
Кумтөр кени. 2013-жыл

Буга чейин өкмөттүн тапшырмасы менен мамлекеттик экотехинспекция “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясы алтын кен казылган аймактын экологиялык коопсуздугун бузду деген негизде сотко төрт доо арыз менен кайрылган. Буга чейин экотехинспекция биринчи доо арыз боюнча да соттон утуп чыккан болчу.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев коюлган доонун жалпы суммасы 7 миллиард 50 миллион сомго барабар экенин белгиледи:

- Доо арыздар негизинен төрт багыттагы экологияга келтирилген зыяндар боюнча эсептелип чыгарылды. Биринчи доодо соттон жанагы калдыктар боюнча 693 миң сомго утуп алдык. Экинчиси - кенден казылган топурак менен шагылдын мөңгүлөргө төгүлгөнү боюнча кечээ каралган иш. Мындан башка дагы эки доо арыз жакында карала турган болду. Алардын бири жер кыртышынын бузулушу болсо, экинчиси - сууну пайдаланууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесине байланышкан.

Эл аралык арбитраж эмне дейт?

“Кумтөр оперейтинг голд” компаниясы экологияга келтирилген зыян боюнча соттун доону мамлекеттин пайдасына өндүрүү чечимине макул эместиги белгилүү болду.

2013-жылы берген маалымдамасы боюнча мөңгүлөрдүн үстүнө топурак-шагыл төгүү үчүн өкмөттөн уруксат алынган. Биздин өкмөт ушундай кыла бергиле деп алардын жылдык тоо-кен иштеринин планын бекитип берип жатса, каяктагы доо?
Орозбек Дүйшеев

Учурда компаниянын юристтер тобу сот чечимин колуна алары менен аны бузуу боюнча кийинки соттук инстанцияга даттана турганы айтылды. Азырынча сот чечимине расмий комментарий берилбей турганын айткан компания өкүлү 27-майда жетекчилик коюлган экологиялык доонун маани-маңызы туурасында маалымат берерин айтты.

“Кумтөр оперейтинг голд” компаниясынын кызыкчылыгын коргогон, Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев доону канааттандырган сот чечимин эл аралык арбитраж жокко чыгарышы мүмкүн экенин билдирди:

- 2009-жылкы келишимде ага чейинки доолордун бардыгы кечирилип, кол коюлган болчу. Эми мына ошол келишим күчүндө турганда Кыргызстан эл аралык соттон кантип ута алат? Ал жакта деле тиешелүү документтерди карап, анан ага ылайык чечим чыгарышат да. “Кумтөр оперейтинг голд​” компаниясы 2013-жылы берген маалымдамасы боюнча мөңгүлөрдүн үстүнө топурак-шагыл төгүү үчүн өкмөттөн уруксат алынган. Биздин өкмөт ушундай кыла бергиле деп алардын жылдык тоо-кен иштеринин планын бекитип берип жатса, каяктагы доо? Эл аралык тажрыбайда сууга жана жер катмарына келтирилген зыян үчүн доо коюу деген жок. Алардын чен-өлчөмүн биздин өкмөт каяктан алды?

Бишкек райондор аралык сотунун “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясын айыпка жыккан чечими мыйзам боюнча он күндөн кийин күчүнө кирет. Бул аралыкта канадалык “Центерра голд” корпорациясынын оперативдүү башкаруусундагы “Кумтөр оперейтинг голд” компаниясы аталган сот чечимине даттанууга акысы бар. Учурда “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын үлүшү 33 пайызга чукул. Парламент 2013-жылы экологиялык зыянды төлөтүп алуу жана “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн теңдештирүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок өкмөт келишимди кайра кароо боюнча “Центерра голд” компаниясы менен бир пикирге келе элек.

Кумтөрдөгү эрип бараткан мөңгү. "Азаттыктын" архиви. 2012-жыл

XS
SM
MD
LG