Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:03

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ээлерин тапты


Надия Мурад.
Надия Мурад.

Нобелдин 2018-жылкы тынчтык сыйлыгы ээлерин тапканын 5-октябрда комитеттин төрайымы Берит Рейсс-Андерсен жарыялады.

- Норвегиялык Нобел комитети 2018-жылдагы тынчтык сыйлыгын жыныстык зомбулукту согуш куралы катары колдонуу аракеттерин жана куралдуу жаңжалдарды токтотууга кошкон салымдары үчүн Денис Муквеге менен Надия Мурадга ыйгарууну чечти. Эки лауреат тең ушундай согуш кылмыштарына көңүл буруп, ага каршы күрөшүүгө чечкиндүү салым кошушту, - деди ал.

Доктор-гинеколог Муквеге Конгодогу козголоңчулар зордуктаган аялдарды дарылап келет. Ирактагы езид элинин кызы Надия Мурад "Ислам мамлекети" террор тобуна туткунга түшүп, зордукталган. Бошонуп чыккандан бери согуш учурунда жыныстык зомбулукка кабылгандарды коргоп келатат.

Быйыл Тынчтык сыйлыгына 329 талапкер көрсөтүлгөн. Анын ичинде 112 коомдук жана эл аралык уюм бар.

Нобелдин ар бир сыйлыгына кошо бул жылы 9 млн. швед крону же 1 млн. доллар да берилет.

XS
SM
MD
LG