Партиянын саясий кеңеши муну укуктук негизде күрөштөн майнап чыкпай келе жатканы менен түшүндүрүп, 23-апрелде Жогорку соттон адилеттикти калыбына келтирүү үчүн митинг уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Ошол эле кезде бийликчил саясатчылар «Ата Мекен» партиясынын бул кадамын соттун чечимине басым көрсөтүү аракети катары баалашты.
Саясий кеңештин чечими
«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы Жазык кодексинин негизинде кайра кароо боюнча соттук териштирүү 23-апрелге белгиленген.
Буга чейин Башкы прокуратура бул эки саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчүн четке каккан.
Мындан кийин адвокаттар жасалма далилдердин негизинде чыккан соттун өкүмүнө даттанып, БУУнун Адам укуктарын коргоо комитетине кайрылган.
Ал арада кылмыш иштерин кайра кароого негиз берген жаңы Жазык кодекси күчүнө кирди. Адвокаттар арыз берип, Текебаев менен Чотоновдун ишин жалпы тартипте кайра кароо чечими чыкты.
Бирок «Ата Мекен» партиясы бул эки саясатчыны шайлоого чейин абакта кармоого кызыкдар күчтөрдүн бул жолку сот чечимине карата таасиринен чочулап, митинг уюштурууну чечти.
«Ата Мекен» партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шер маселени саясий кеңештин кароосуна койду:
««Ата Мекен» партиясы буга чейин эч убакта саясий кеңештин чечими менен митингге чыккан эмес. Биз бүгүн бул сунушту сиздердин алдыңыздарга коюп, кеңешели деп жатабыз. 23-апрель күнү бүтүндөй Кыргызстан боюнча биздин партиялаштар жана партиянын тарапкерлери чогулуп, Жогорку соттун астында митинг уюштурууга даярдануу тууралуу сунуш түштү. Бул сунушту колдойсуңарбы? Добуш берип коюңуздар. Каршы, калыс жок. Чечим бир добуштан кабыл алынды».
Сот адилеттигин талап кылуу
«Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин 23-апрелде Жогорку соттун алдында Текебаев менен Чотоновдун боштондугун талап кылган мөөнөтсүз митинг уюштуруу боюнча чечимин партиянын парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы колдой турганы белгилүү болду.
Ушул эле күнү саясатчы Садыр Жапаровдун кылмыш ишин да кайра кароо боюнча сот жараяны дайындалган. Анын тарапкерлери митингге чыгаар-чыкпасы азырынча белгисиз.
«Ата Мекен» партиясынын чечиминде өз партиялаштарынын эле эмес, өлкөдөгү саясий туткун деп эсептелген бардык адамдардын ишин кайра кароо тууралуу талап камтылган.
«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов митинг боюнча республикалык штаб түзүлгөнүн айтып, саясий акция сот адилеттигин калыбына келтирүүнү гана талап кыларын белгиледи:
«23-апрелде Бишкекте эски аянттагы Жогорку соттун астына ар бир айыл аймагынан баштап, район-шаарлардагы жана облустардагы биздин партиянын баштапкы партиялык уюмдарынын өкүлдөрү чогулат. Биз соттон Текебаев менен Чотоновдун ишин адилет кароону суранып, эки жылдан бери күтүп келдик. Биз Конституцияда каралган укугубуздан пайдаланып, митингде сот адилеттигин калыбына келтирүүнү талап кылабыз. Алар Атамбаевдин жеке буйругу менен камалган. Кылмыш ишинин жасалма экени учурунда эле далилденген. Ошондуктан биз Текебаев менен Чотоновдун ишин мыйзамда кандай болсо, дал ошондой негизде карап, акыйкат өкүм чыгарууну соттордон талап кылабыз».
Бийликчил чөйрөнүн маанайы
Анткен менен «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин бул чечимин президент Сооронбай Жээнбековго жакын саясатчылар жактырган жок. Бийликчил саясий чөйрөнүн айтымында, Текебаев менен Чотоновдун кылмыш ишин жаңы Жазык кодексинин негизинде карап, өкүмдү күчүндө калтыруу же өзгөртүү маселеси укуктук талаанын алкагында гана жүрүшү керек.
Мурда парламенттин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы болгон саясатчы Алманбет Матубраимов «Ата Мекен» партиясынын бул кадамын президентке кыр көрсөтүп, басым жасоо аракети катары мүнөздөдү:
«Митингге чыга беришсин. Канча кишиси чыгарын көрөбүз. Бул эми туура эмес да. Алар мурда соттолгон болсо, азыркы бийликтин ага кандай тиешеси бар? Эгер алар президенттен ырайым сурап жазса, ал кечирет. Ал эми жаңы Жазык кодексинин негизинде алардын иши кайра каралып, жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Соттун акыркы өкүмү чыгып калгандан кийин башка жол жок. Сот реформасы жүрүп жатат. Бирок ал бир күндө эле бүтүп калбайт. Бул иш боюнча сот мыйзамдын алкагында карап гана чечим чыгарат. Азыр эми митингге чыгып, кимге нааразылык билдирет? Президенттин сотторго таасир эткидей мурдагыдай ыйгарым укугу жок. Сот азыр өзү гана көз каранды эмес өкүм чыгара алат. Жөн эле кекете берген туура эмес».
«Сот саясий басымдан жогору болушу зарыл»
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев «Ата Мекен» партиясы Текебаев менен Чотоновдун боштондугун саясий ураандар менен эмес, сотто алардын кызыкчылыгын укуктук талаада коргоп, үлгү көрсөтүшү керек дейт.
Анын айтымында, азыр сотто кылмышка шектүү адам өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө укуктук шарттар жетиштүү деңгээлде түзүлүп, бийлик анын ишине кийлигише албай калган экен.
«Биринчиден, алар митинг өткөрөбүз дешсе, негиздеп, Бишкек шаардык мэриясына кабар берип, уруксат алууга тийиш. Сот бул ишти мыйзам чегинде гана карап, чечим чыгарат. Бул жерде митинг аркылуу сотко таасир этүүгө эч кандай жол берилбеши керек. Ишти караган соттор ар кандай басымдан, кысымдан коркпой, мыйзамдын негизинде гана чечим кабыл алууга тийиш. «Митинг менен жеңебиз» деген болбойт. Азыр эми бардыгын президент чечет дегенден кетүү зарыл. Сот бийлиги президенттен, парламенттен, партиялардан же ар кандай митингчилерден көз каранды болсо, анда кайдагы сот адилеттиги? Мага демектен 10 миң адамды алып чыгышсын. Бирок сот ар кандай басымга карабай, мыйзам боюнча гана чечим чыгарышы керек», - деди Кожобек Рыспаев.
Арга кеткендеги аракет
Бирок учурдагы сот тутумунун президенттик бийликтен толук көз каранды эмес экенине «Ата Мекендин» активисттери ишенбейт. Анткени алар сот менен прокуратура буга чейин Текебаев менен Чотоновдун кылмыш ишиндеги жасалма токулган жагдайларды көрүп туруп, аны кайра сот өндүрүшүнө алуудан баш тартуунун өзүндө Атамбаев учурундагыдай эле бийликтин тымызын тапшырмасы бар деп шек санашат.
Саясатчы Асия Сасыкбаева президентке жазган арыздан майнап чыкпагандыктан, партия митинг уюштурууга аргасыз болгонун айтты:
««Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү бул боюнча бир жылдан бери унчукпай келдик. Бийлик алмашкан күндөн бери биз президент Сооронбай Жээнбековго бир катар арыздар менен кат аркылуу кайрылып да көрдүк. Биз андан сот адилеттигин калыбына келтирип берүүнү гана сурандык. Биз «камалган партиялаштарыбызды жөн эле боштондукка чыгарып бер» деп жаткан жокпуз. Бул иште ала тактар аябай көп экенин айтып, жасалма иштин негизинде токулган кылмыш иши боюнча чыккан сот өкүмүн кайрадан карап, мыйзамдын негизинде эле чечим чыгышын күтүп келдик. Бул жолу да биз ошондой талаптарды коюп, митингге чыгабыз. Эгерде бул жолу да биздин талаптар аткарылбаса, мындан да чоң масштабдагы саясий акцияларга чыгабыз».
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген кине менен камакка алынып, сегиз жылга соттолгон. Кийин арыздануучу Леонид Маевский өзү Орусияда ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн камакка алынган.