Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Депутат Исаевдин иши сотко өттү


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитет коррупция боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин ишин тергеп бүттү. Башкы прокуратурадан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, депутаттын иши Биринчи май райондук сотунда жакынкы күндөрү каралып баштайт.

Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде "муниципалдык жер участогун жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыпталууда.

Ошондой эле Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананын жерин арзан баада сатып жиберген деген кине коюлган.

Исаев козголгон иштер боюнча эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде коё берилген.

Эл өкүлү айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирип келет. Канатбек Исаев 2008-2010-жылдары Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG