Кыргызстан социал-демократтар партиясынын маалымат кызматы билдиргендей, буга Абдрахмановдун партия чечимине баш ийбей президенттикке талапкер болгону, Самудиновдун партиянын ички тартибин бузганы себеп болгон.
Бирок аты аталган эки адам партиянын ишин сындаганы үчүн куугунтукталып жатканын айтышууда.
КСДПнын активдүү мүчөсү экенин, эки ыңкылапка тең катышканын айткан Сагынбек Абдрахманов быйыл күздө боло турган президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.
Саясий кеңештин чечими тууралуу бизден укканын айткан Абдрахманов, талапкер катары бара турганы мурдатан белгилүү болгонун, бул жерде партиянын уставы бузулбаганын айтууда.
- Бул жерде баары айтылган, белгилүү болгон. Фарид Ниязов менин чыгып жатканымды билген. 17-майда сурамжылоого коюшкан, андан мен уткам. Мен аны Фарид Ниязовго көрсөткөм. Баары жазылып турат. Ал жерде Сооронбай Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, бешинчи кылып мени кошушкан. Ошондо мен 53 пайыз алгам. Азыркы премьер-министр 20 пайыз алган.
КСДП таптаган Жээнбеков
КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.
Буга чейин КСДПнын жаштар канатынын төрагасы катары ар кандай иш-чараларда сөз сүйлөп жүргөн Ренат Самудинов өздөрүн катыштырбай, маалымат бербей туруп мүчөлүктөн чыгарууну туура эмес деп эсептейт. Ал партиянын эски мүчөлөрү куугунтукка кабылып жатканын билдирүүдө.
- Буга чейин революцияга катышкандарды куугунтуктоо башталды. Биз эски партиялаштар менен сүйлөшүп жатабыз. Азыр Саясий кеңешти карасаңар партиянын эски мүчөлөрү жок. Жаңылар биригип алып, мурдагыларды куугунтуктап жатышат. Мен 2004-жылдан бери партиянын иши менен жүргөм, 2005-жылы партиянын билетин алгам.
Ренат Самудинов партиянын 15-июлдагы курултайына делегаттар тизмесинде жок деген негизде киргизилген эмес. Мунун алдында жаш активист президенттик шайлоого КСДПнын атынан аттанчу талапкерди праймериз аркылуу тандоо демилгесин көтөргөн болчу.
КСДПнын саясий кеңеши 37 кишиден турат. Партиянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, парламент спикери Чыныбай Турсунбеков, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, партиянын төрага орун басары Фарид Ниязов, президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары мүчө. Партиянын саясий кеңешинен Абдрахманов менен Самудиновдун айткандары боюнча жооп алууга мүмкүн болбоду.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков алдыдагы саясий жарышка талапкер катары катышарын айтып, кийин андан баш тарткан.
Мунун алдында, КСДПнын курултайында сөз сүйлөгөн Фарид Ниязов талапкер болуу дымагы бар мүчөлөрүнө кайрылып, партиянын буйруктарына баш ийбегендерге КСДПда орун жок экенин айткан.
- Бизде демократия бар. Бирок съезддин чечими чыккандан кийин аны КСДПнын ар бир мүчөсү аткарышы керек. Буга милдеттүү экени Уставда жазылган. Ким аткарбаса, ага партияда орун жок. Ал же партиядан чыгарылат, же өзү чыгат.
Ошондой эле Ниязов партиянын ичиндеги алдын ала сурамжылоодо 12 кишинин ичинен Жээнбеков алдыга чыкканын айткан болчу.
Буга чейин "позициялар дал келбей калды" деген негизде депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан чыгарылган.
Ал эми аталган партиянын негиздөөчүсү, президент Алмазбек Атамбаев быйыл 24-июлда Ысык-Көлдө өткөргөн маалымат жыйынында 2020-жылдагы парламенттик шайлоого КСДПны таптай турганын айткан. Анда Атамбаев аталган фракциянын айрым депутаттарына нааразы экенин да белгилеген.
КСДП сынды сүйбөйбү?
Бийликтеги партиянын бул кадамдарын айрым серепчилер шайлоо алдындагы сын айткан мүчөлөрүнөн арылуу, тазалануу аракети катары сыпаттап жатышат. Кээ бирлери бул абал Кыргызстанда партиялардын классикалык үлгүсү жоктугун көрсөтүүдө дешет.
Партиялар классикалык партиялык эреженин негизинде түзүлүшү керек. Ошондо гана идеологиялык базасы болуп, тескери басып кеткен тарапташтар жок болот.Айдар Жоробеков
Коомдук ишмер Айдар Жоробеков Кыргызстанда партиялар бир идеянын эмес, жеке симпатия, тааныш-билиштикке негизделип түзүлөт, анын жыйынтыгы ушундай көрүнүштү пайда кылат деп эсептейт.
- Бизде партияга кошулуу жеке симпатия, ишеним жана тааныш-билиштикке негизделет. Ошондуктан партиянын иштөөсүндө, өмүрүндө убакыт өткөн сайын же партиянын актуалдуулугу жоголгон сайын көз карандысыз пикирлердин саны көбөйө баштайт. Партиялар классикалык партиялык эреженин негизинде түзүлүшү керек. Ошондо гана идеологиялык базасы болуп, тескери басып кеткен тарапташтар жок болот.
Ал эми саясий серепчи Эмил Жороевдин пикиринде, айтылган сындар мүчөлөрдү катардан чыгарып коюу менен чечилбейт. Тескерисинче, айтылган сунуштар боюнча диалог жүргүзүү партиянын өнүгүшүнө пайда алып келет деген ойдо.
- Шайлоого карата даярдык жүрүп жаткан кезде өздөрүнүн ичинен чыккан сынды кабыл алуу айрым партиялар үчүн кыйынга турат окшойт. Бизде партиялык маданият, уюштуруу иштери өтө чабал. Көбүнесе бир линияны карманган, лидердин сөзүнөн алыс чыкпаган адамдардын биригүүсү деп кабыл алынып калган. Мындай көрүнүштөрдүн болушу партиялык уюмдун калыптанбай жатышынан келип чыгат. Конструктивдүү айтылган сындар же сунуштар боюнча диалог жүргүзүү ар бир партия үчүн маанилүү. Бир лидерди же талапкерди гана колдоо, ашыкча суроо бербей буйрукту аткаруу советтик доордогу КПССтен кабар берет. Мындай жол менен өнүгүү абдан кыйын.
Жыйында мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабековага байланыштуу маселе каралып, кийин кайра кайрылуу чечими чыкты. Ошондой эле КСДПнын секретариаты түзүлүп, ага жетекчи болуп партиянын 2007-жылдан берки мүчөсү Таалайбек Усубалиев шайланды.