Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Президенттин Бабановду мактаганы талкууда


Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов.
Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов.

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында президенттикке талапкерлер тууралуу пикирин билдирди. Өлкө башчысы өзү түптөгөн партиянын талапкери премьер-министр Сооронбай Жээнбековду колдорун, эгер КСДПдан талапкер көрсөтпөгөндө Өмүрбек Бабановду сүрөмөктүгүн билдирди. Президенттин бул билдирүүсү коомчулукта бийликтин бул эки талапкерге көзү түштүбү деген суроолорду жаратты.

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл жээгиндеги маалымат жыйынында күзүндөгү президенттик шайлоого карата бир нече жолу пикирин билдирди.

Ал бийликчил социал-демократиялык партиясы көрсөткөн учурдагы премьер Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдорун дагы бир ирет тастыктады.

Президент “мураскер” операциясын ишке ашырбай турганын, эгер өз партиясы талапкер көрсөтпөгөндө Өмүрбек Бабановду колдомокчу болгонун ачыктады:

- Эгер КСДПдан талапкер көрсөтүлбөгөндө Бабановду колдомокмун. Ачык айтайын, ушул тапта менин көз карашымда Жээнбеков баарынан жакшы талапкер. Калгандары ким утса ошол утсун.

Ошондой эле Атамбаев Өмүрбек Бабановду "көрүнүктүү жигит" деп сыпаттап, аны буга чейин да колдоп келгенин билдирди.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Президент Бабанов ээлик кылат деген НТС каналынын кабарчысынын административдик ресурстун колдонулуп жатканы боюнча суроосуна жооп берип жатып, мурдагы премьер-министрди азыркы бийлик менен тирештирүү аракеттерин токтотууга чакырды:

- Кээде өтө жулунбаш керек. Мына, силер ага жакшы көрүнөм деп, жаманатты кылып жатасыңар. Жакшы баратат, бара берсин. Бабановду 2010-2011-жылдары камайбыз деп келгенде керек болсо мен сактап калгам. Койгула мындай оюндарды. Бабанов көрүнүктүү жигиттердин бири. Бирөөнү шыбап, аны президент кылам десеңер анда жакшы эмес. Бабановду шыбап жаткан Атамбаев же Жээнбеков эмес, алар башкалар. Башка жакты карагыла.

Президент Сооронбай Жээнбековду азыркы шартта мамлекет башчылыкка мыкты талапкер деп экинчи ирет атады.

Буга чейин да Жээнбековду эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары сыпаттап, өзү баштаган иштерди улантат деген ишенимин билдирген эле. Ал эми Атамбаевдин Бабанов боюнча пикири ар кыл талкууларды жаратты.

"Азаттыктын" архивинен
"Азаттыктын" архивинен

Айрым талдоочулар шайлоодо негизги талапкер болот делген саясатчыга карата президенттин жылуу пикирин көңүл алуу аракети катары сыпатташууда. Ошондуктан Атамбаевдин "Б планы" же Жээнбеков шайлоодо жеңишке жетишпесе, Бабановдун көңүлүн жубатуу аракети катары деп түкшүмөлдөп жатышат.

Эксперт Орозбек Молдалиевдин пикиринде, президенттин билдирүүсүн эки өңүттөн кароого болот:

- Бул билдирүүнүн эки жагы бар. Биринчиден, эгер өтүп кетсең кызматташабыз, менин эмгегим бар дегени. Экинчи жагынан, эгер озуп кетсең Текебаев сыяктуу болуп калышың мүмкүн деген да ишара. "Кестирбей койгом, каматпай койгом" деген сөздүн төркүнү ушул жакта. Муну ойлонуп эле жасалган кадам катары санасак болот.

Евробиримдик Атамбаевдин "мураскерин" сурады

Евробиримдик Атамбаевдин "мураскерин" сурады

Президент Алмазбек Атамбаевдин Евробиримдиктин лидерлери менен Брюсселдеги жолугушуусунда Кыргызстандагы быйылкы президенттик шайлоо маселеси көтөрүлдү.

Саясат таануучу Марс Сариевдин баамында, президенттин бул билдирүүсү президенттик шайлоо өнөктүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн:

- Президент учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду мактап кетти. Бул учурда жүрүп жаткан кампанияга таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошол эле кезде Бабановго карата позициясы так болуп жатат. Президент Жээнбеков болбосо Бабановду колдомокмун деп бул жаатта тең салмактуу позицияга ээ экенин көрсөтүүдө.

Анткен менен Атамбаевдин эки талапкерге артыкчылык берип, эл көзүнчө жакташын айрымдар үгүт катары санашууда. Атамбаев биринчи жолу да Жээнбековду президенттикке ылайык деп атаганда айрым талапкерлер артыкчылык берип жатат деп сындап, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Ал учурда БШК мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген.

Бул ирет да президенттин билдирүүсүн жарандык активисттердин бир бөлүгү үгүт катары кабыл алышты. Маселен, "Демократия жана жарандык коом" коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова:

- Президент катары Конституцияны сыйлап, өз статусун бек кармап, кайсы бир партияны тартып же коом алдында сүйлөп жатканда мындай билдирүүлөр менен чыкпаса жакшы болмок. Муну менен башка талапкерлердин да укугун сыйламак.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. Учурда президенттик жарышта ат салышуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазгандардын саны 37ге жетти. Алардын отузу өзүн-өзү көрсөткөн, жетөө саясий партиялар тарабынан сунушталган.

Президент: Жээнбековго ишенем
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:26 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG