Президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча алдыда бараткан КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков журналисттерге маалымат жыйын курган учурда, кыргыз-казак мамилесине байланыштуу "Азаттык" радиосунун суроосуна жооп берди:
- Ар бир мамлекет кандай болбосун бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышы керек. Ошондо көп нерсе чечилет. Биз ошондой мамиле жасап келгенбиз, мындан ары аны улантабыз. Бул убактылуу нерсе. Бул дагы чечилет.
Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге Кыргызстан карым-катыш жасаган бардык өлкөлөрдүн жетекчилери сыяктуу эле сый көз карашта экенин белгиледи.
Бул тууралуу КСДП президенттик кызматка көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.
Ал шайлоо таза, акыйкат өткөнүн айтып, аны чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге, атаандаштарына жана башка тиешелүү тараптарга ыраазычылык билдирди:
- Шайлоо демократиялык принципте болду. Катуу атаандаштык күрөш менен таза өттү. Алты жылда абдан көп жетишкендик болду, тынчтык менен туруктуулук орноду. Менин негизги максатым - ошону бекемдөө. Алдыда көп реформалар бар. Ошону аяктап, өлкөнү өнүктүрүү менин милдетим. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү, аны сезип турам.
Жээнбековдун бул айткандарын анын тарапкерлери кыйкырык-сүрөөн менен коштоп турушту.