Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

20:43 15.10.2017

20:42 15.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясынын shailoo.gov.kg сайтында электрондук эсеп боюнча добуш берүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы жарыяланып жатат.

Ага ылайык, учурда КСДП президенттикке көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков 718 миңден ашык добуш менен алдыда баратат.

Андан кийинки орунда 452 миңден ашуун добуш менен Өмүрбек Бабанов турат.

87 миңден ашык шайлоочунун добушу менен Адахан Мадумаров үчүнчү орунда. Кийинки орунда Темир Сариев келе жатат. Алдын ала эсептер боюнча ага шайлоочулардын 33 миңден ашууну добуш берген.

Электрондук эсеп секунда сайын жаңыланууда.

20:02 15.10.2017

Кыргызстанда добуш берүү токтоду. Электрондук эсеп боюнча азыр Сооронбай Жээнбеков алдыда. Андан кийинки орунда Өмүрбек Бабанов, үчүнчү болуп Адахан Мадумаров келе жатат.

Президенттик шайлоо бүгүн, 15-октябрда таңкы саат 8де башталган.

19:59 15.10.2017

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG