Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

16:54 15.10.2017

Социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов "Өмүрбек Бабанов КСДПны" каржылаган эмес деп айтып чыкты.

"Президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы өнөктүгүн Өмүрбек Бабанов каржылаганы тууралуу маалыматым жок. Анткени 2011-жылы мен президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси элем. Ошондуктан шайлоо фонду кайсы каражаттардан турганын жакшы билем. Бабанов бул сөзү менен дагы коомчулукту алдабасын" деп белгилейт Фарид Ниязов.

Билдирүүдө ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин 2009-жылкы президенттик шайлоого катышканы тууралуу да айтылып, анда Өмүрбек Бабанов ошол кездеги өкмөт башчы Игорь Чудинов менен чогуу республикалык шайлоо штабын расмий жетектеп турушканы белгиленген.

"Мен 2009-жылы да президенттикке талапкер Атамбаевдин шайлоо штабында иштегем жана чыныгы административдик кысымды өзүмдүн жон терим менен сезгем. Биздин үгүт роликтерибизди 1-каналдан түн ичинде гана беришчү. Жалпы Кыргызстан боюнча болгону 30 жерге үгүт баннерин илгенге уруксат берилген. Биздин штабдын кызматкерлерин күнүнө эки жолудан МАИ кызматкерлери токтотуп, текшерүүгө алып турушчу" деп билдирген Фарид Ниязов.

Билдирүүдө ошондой эле талапкер Бабановдун 15-октябрдагы маалымат жыйынында добуш сатып алуу үчүн акчаны бийликтин талапкери таратып жатат деген сөзүнө таң калганы туралуу айтылып, "Бабановдун өзүн жана анын тарапкерлерин шайлоочуларга акча таратып жатат" деген айыптоолор элден чыгып жатканы белгиленген.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн маалымат жыйынында 2007-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын штабын жетектеп, каржылаганын айткан. Ал ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевди 2011-жылкы президенттик шайлоодо да каржылык жактан колдогонун, эч качан сатпаганын белгилеген.

16:37 15.10.2017

Кечки саат 16:30га карай Орусиянын Новосибирск шаарында ачылган тилкеде 170 жаран добуш беришти. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган аймактагы Кыргызстандын вице-консулу Бакыт Үмөтов билдирди.

- Албетте кечки сегизге чейин иштейбиз. Дагы добуш бергени келип жатышат. Азыркы учурга карай эреже бузуулар, арыз-даттануулар катталган жок. Новосибирск, Омск, Томск, Кемерово облустары, Алтай республикасы, Алтай крайы бизге карайт. Андагылар Новосибирск шаарына келип добуш берүүгө укуктуу, - деди вице-консул.

Үмөтовдун маалыматына караганда, бул аймактарда расмий эсеп боюнча, 46 миң чамалуу кыргызстандык жашайт. Алардын 688и гана консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматын тапшырган.

Чет жердеги журтташтар добуш берди

16:35 15.10.2017

Түркияда Бурса шаарынан эки автобус менен келген жүздөй журтташ добуш беришти. Андан тышкары Анталиядагы мекендештер да келишкен. Түркиядагы добуш берүүнү кабарчыбыз Элвира Будайчиева чагылдырууда.

16:31 15.10.2017

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG