Ошто милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
Шайлоо күнү коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардагы 73 шайлоо участкасына 600дой милиция бөлүнгөн. Андан сырткары милицияга элдик кошундан куралган адамдар да көмөктөшөт. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Ош шаарында 159 352 шайлоочу бар. Калаада 73 добушкана иштеп жатат.
Темир Сариев: Бул жолу кара пиар суудай куюлду
Президенттикке талапкер Темир Сариев бул жолку шайлоодо каралоо абдан көп болду деп эсептейт. Бул тууралуу ал добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты жана талапкерлерди токтоолукка жана кечиримдүүлүккө чакырды:
- Үгүт иштери жүрдү. Абдан чоң талаш-тартыш, карама-каршылык болду. Кара пиар суудай куюлду. Талапкерлерге токтоолукту жана кечиримдүүлүктү каалайм. Шайлоонун шайтан оюндары менен мындан ары да өлкөбүздүн ичинде кандайдыр бир чыңалуу болуп кетпеши керек. Шайлоо бүгүн түнү бүтүш керек.
Ошону менен катар Сариев бул жолку шайлоодо бурмалоого эки жагдай шарт түзүшү ыктымал деген пикирин билдирди.
Анын белгилешинче, бюджеттик кызматкерлерди мажбурлап добуш бердирүү жана добуш сатып алуу негизги терс көрүнүштөрдүн бири болууда. Ал эми бюллетендерди топ-тобу менен салуу жана шайлоочуларды ташып алып барып улам бир жерден добуш бердиртүүгө биометрикалык каттоо жол бербейт дейт Сариев.
Өмүрбек Бабанов: Мен өзгөрүүлөр үчүн добуш бердим
Талапкер Өмүрбек Бабанов жубайы менен Бишкектеги №70 мектеп гимназияда жайгашкан №1216 шайлоо участогунда добуш берди. Аны менен добушканага уул-кызы да келди. Бабанов добуш бергенден кийин кыска билдирүү жасап, журналисттер менен маектешти. Ал маанайы бүгүнкү күндөй ачык экенин айтып, ар бир адамдын шайлоо укугу бар эркин өлкөдө жашап жатканыма бактылуумун деди:
- Менин талапкерлигим да эл тарабынан каралып жатат. Мен чоң үмүт жана ыраазылык менен элим туура тандоо жүргүзөт деп ишенем. Бүгүнкү күн өлкөнүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылат деп ойлойм. Мен өзгөрүүлөр үчүн добуш бердим.
Өмүрбек Бабанов өзүнүн жеңишке жетишээрине ишенип турганын, инаугурация тынч өтөрүн жана өзгөрүүлөр башталарын бекемдеди.
Кыргызстандын мамлекет башчылыгына 11 талапкер ат салышууда.
БШК: Бул шайлоодо техникалык мүчүлүштүк болбойт
Мурдагы шайлоолордо автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн жана башка техникалык жабдуулардын бузулган учурлары катталса, бул жолу андай болбойт турганын Борбордук шайлоо комиссиясы убада кылууда. Шайлоого жооптуу мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул тууралуу бүгүн эртең менен түз ободо жүргүзгөн маалымат жыйынында билдирди:
- Буга чейинки болгон мүчүлүштүктөр адам факторунун натыйжасында болуп келген. Бул жолу андайга жол бербөө үчүн автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн операторлорун башка тартипте окуттук. Ар кандай мүчүлүштүк болгон учурда тез арада жоюу үчүн атайын техникалык колдоо тобу түзүлдү. Алар автоматтык эсептөөчү үкөк жана шайлоочуну идентификациялоо үчүн жоопкерчиликтүү. Мындан тышкары жергиликтүү адистер да келип, жардам беришет.
Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат.