Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:25

ИИМ реформасы: жөжөнү күзүндө санайбыз


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов ички иштер тармагын реформалоо ордунан жылбай жатканын белгилеп, бир айдан кийин реформа тууралуу отчет берүүсүн министр Зарылбек Рысалиевден талап кылды. Он жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлүп келаткан Ички иштер министрлигин реформалоо өз натыйжасын бере электигин жарандык уюмдар да белгилеп келишет.

13-июлда болгон өкмөттүк жыйында премьер-министр Ички иштер министрлигинин иши алдыга жылбай жатканын белгилеп, буга министр менен анын орун басарларынын өз ара келише албай жатканын күнөөлөдү:

- Буга чейин ички иштер органын реформалоо ыксыз создуктурулган. Азыр болсо системаны өзгөртүүгө министр менен анын орун басарларынын өз ара түшүнбөстүгү бут тосуп жатат. Эгер жетекчилик орун басарлары менен чогуу реформага киришпесе, анда биз чукул кадамдарга барабыз.

Өмүрбек Бабанов ички иштер министри Зарылбек Рысалиевден күзүндө министрликте жүргүзүлгөн реформа тууралуу маалымат талап кыларын эскертти.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоонун башталышы 2000-жылдарга барып такалат. Кыргыз милициясынын беделине көө жапкан Аксы окуясынан кийин ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын көмөгү менен тармакты реформалоо активдүү жүрө баштагансып, бул үчүн эл аралык уюмдар тарабынан атайын акча да бөлүнүп берилген.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов
Саясий активист, “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов тармакты жаңыртууга кызыкдар болбогон адамдар бул иштин башына туруп калганы үчүн реформа болбой жатат деп эсептейт:

- Ошол эле полковниктер 2002-жылы да реформа жүрүп жатат деп макулдатып келишкен. Андан бери 2005-2010-жылдары эки бийлик алмашты. Ошол эле кишилер бүгүн да маалымат каражаттары аркылуу милиция реформа болуп атат деп ишендиришүүдө. Ал эми иш жүзүндө кана натыйжа? Туура айтат премьер-министр, аларга карата чукул чараларды көрүш керек.

Ички иштер тармагын реформалоо маселеси акыркы жарым-бир жылдан бери кайра-кайра көтөрүлүп келүүдө. Өкмөттүн демилгеси менен тармактар аралык атайын комиссия ИИМди реформалоонун концепциясын иштеп чыгып, өкмөткө тапшырган. Анда милицияны саясаттан алыс, ачык, демократиялуу, жарандык орган кылып өзгөртүү сунушталган.

Бул концепцияны жазган комиссиянын теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков милицияны реформалоо үчүн эң биринчиден саясий эрк керек деген пикирде:

- Мурдагы президенттерде милицияны реформалоо кызыкчылыгы жок болчу, анткени аларда тескерисинче милицияны өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдалануу негизги максат болчу. Тилекке каршы азыркы бийликке деле биз милицияны реформалоо боюнча айтып келе жатабыз, мен бир-эки ай мурун бул маселе боюнча президент менен жолукканда айткам. Президент бул иш менен өкмөт башчы иштейт деди. Биз ички иштер тармагын реформалоо тууралуу концепцияны өкмөткө өткөрүп бергенибизге эки-үч айдын жүзү болуп калды, азырынча жылыш көрүнбөйт. Мына кечээ эле өкмөт башчы реформа менен ИИМ министри алектенет деп айтты, эми министр орун басарларына жүктөп, аягына чыкпай калбаса болду. Менимче милицияны реформалоого саясий эрк жетпей аткансыйт.

Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргызстандын ички иштер тармагын реформалоону каржылап келген эл аралык уюмдар натыйжасы жок ишти каржылоодон баш тартышкан.

Ошентсе да азыркы өкмөт ИИМди реформалоого кызыкдар экенин көрсөтүүдө. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 13-июлдагы жыйында ИИМ реформасы тууралуу концепцияны күзгө чейин карап, парламентке өткөрүп берүү зарылдыгын белгиледи:

- Бул концепция кабыл алынгандан кийин ИИМ коомдук тартипти сактоого жана уюшкан кылмыштуулукка каршы гана күрөшөт. Эч кандай экономикалык кылмышты тескей албайт, муну менен Каржы полициясы жана коопсуздук кызматы иштейт.

Премьер-министрдин бул сөзү, албетте, муз ордунан жылды деген үмүттү пайда кылат, бирок өкмөттүн бул аракети качан ишке ашарын убакыт көрсөтөт. Анткени ички иштер тармагын реформалоо өтө көп каражатты талап кылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG