Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Парага азгырылган "погончондор"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматкери жана мурдагы ички иштер органында иштеп кеткен эки адам пара менен кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Бул кабар элдин милицияга болгон сынын ого бетер күчөттү. Милицияда терс жоруктарга баргандар бар экени жана алар органдын аброюна көлөкө түшүрүп жатканы министрликтин 24-январдагы коллегиясында да айтылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" билдиргендей, быйыл 22-январда Бишкектин тургуну арыз жазып, кылмыш ишин козгобоо үчүн милиция кызматкерлери 3 миң доллар талап кылганын айткан.

24-январда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлгөн иш-чарада үч киши 2500 доллар акча алып жаткан жерден кармалган.

- Кармалгандардын бири Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматкери. Экинчиси ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери. Биз тактап көрсөк, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган деп издөөдө жүргөн. Үчүнчүсү Ленин райондук милициясында мурда иштеп кеткен. Алдамчылык боюнча издөөгө алынган.

Осмонбаев кошумчалагандай, кармалгандар боюнча январда күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, аны УКМК тергеп жатат. Ал эми шектүүлөрдүн баары атайын кызматтын тергөө абагында. Сөз болгон кылмыш ишине тиешеси бар башка тараптарды да издөө иштери уланып жатканы кабарланды.

Кыргызстанда милиция кызматкерлеринин бул өңдүү кылмыштуу иштерге аралашканы тууралуу маалыматтар биринчи жолу чыгып жаткан жок.

Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү, "Мыйзамдуулук жана акыйкаттык үчүн антикоррупциялык комиссиясы" коомдук бирикмесинин башчысы Таалайбек Алыбаев акча алып кылмыш ишин жаап коюу бир эле милиция эмес, башка укук коргоо органдарында тамыр жайган коррупциялык схемалардын бири деп эсептейт:

- Мындай көрүнүштүн кайталанып жатышынын эки себеби бар. Буга милиция кызматкерлери да, жарандар да өздөрү түрткү болуп жатат. Акча берип ишин кыскарта турган адам да күнөөлүү. Таанышын, тууган-туушканын ортого салып, ар кандай шылтоолорду айтып, акча чогултуп туугандарын чыгарып алып жатышат. Ошолорго да чара көрүлүшү керек. Бизде бир тараптуу болуп, аларды бошотуп жиберип жатпайбы. Ортого түшкөн ортомчуларды да жазалоо зарыл. Бардык тарапты жазалап, катуу чара көрүлсө, ушундай окуялар болбойт эле.

Ички иштер министрлигинин 24-январдагы былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында да чуулгандуу кылмыш иштердин ачылбай калганы белгилүү болду.

Министр Кашкар Жунушалиев 2018-жылы резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууда милиция башчылары чабал иштеп жатканын айтып, сынга алды. Ал кайсы кылмыштар ачылбай калганын так айткан жок, аларды ашкерелөө боюнча кошумча тапшырмаларды берди.

Жыйынга катышкан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын беделине көө жапкан көрүнүштөр бар экенин белгилеп, буга чет жактан кымбат баалуу автоунаалардын уурдалышына ички иштер органдарынын кызматкерлери аралашкан деген маалыматты мисал келтирди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Ички иштер министрлигинде иштеген ар бир кызматкер үлгү болушу керек. Көбүңөр мамлекетке ак кызмат кылып келе жатасыңар, бирок араңарда бир эле кылган иши менен баарыңардын бетиңерге көө жаап койгон көрүнүштөр бар. Мисалы, уурдалган машинелерди айдап жүрүү. Аларды ким айдайт десе, органдын кишилери дешет. Анан биз кантип ишенебиз? Өздөрү ресторанда мас болуп, курал-жарак колдонуп, уурдагандарга өздөрү кошулуп, автоунаа, мал уурдагандарды кошо колдоп, ошолор менен аралашып жүргөндөр күнү-түнү иштеген кызматыңарга бир эле сөз, бир эле кыймыл-аракет менен көө жаап коюп атат. Мындан арылышыбыз керек.

Премьер-министр айткан кымбат баалуу машинелер тууралуу сын ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровдун дарегине айтылган. Учурда ал "Манас" эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук дирекциясын жетектеп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 29 миң 718 кылмыш катталган. Анын 26 миңден ашыгын милиция иликтеп-тергеген, бул жалпы кылмыштын 89,3 пайызын түзгөн.

Өткөн жылы 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызынын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгону, Тогуз-Тородогу кен иштетүүгө каршы митингден кийинки тополоң жана башка бир топ чуулгандуу кылмыш иштери орун алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG