Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

ЖЭБдеги бузулуунун себептери айтыла баштады


Бишкек Жылуулук электр борбору, 29-январь, 2018-жыл
Бишкек Жылуулук электр борбору, 29-январь, 2018-жыл

Бишкек Жылуулук электр борбору шаардыктарга жакын арада жылуулук тийиштүү көлөмдө бериле баштайт деп ишендиргени менен, азыркыга чейин так мөөнөтүн айта албай жатат.

Учурда Жылуулук борбордун жетекчилиги от казандарда оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдап, бул иштер кыйынчылыктар менен коштолгонун моюнга алышты.

Насостук станция тоңуп калган

Бишкек Жылуулук борбору техникалык бузулуу эмнеден чыкканын азыркыга чейин ишеничтүү айта албай, атайын комиссиянын жыйынтыгы менен гана белгилүү болорун билдиришүүдө. Ошентсе да алдын ала жыйынтыктарга караганда 26-январда иштеп жаткан сегиз от казандын бири иштен чыккан. Аны менен чогуу башка от казандар жылуулук бербей калган.

Энергохолдингдин башчысынын орун басары Нурлан Садыков билдиргендей, от казандардын жылыбай жатышына насостук станциянын иштен чыгышы себеп болгон. Анткени насос иштебей от казандарга тийиштүү көлөмдө суу барган эмес.

Нурлан Садыков
Нурлан Садыков

​- Насостон чыккан суунун көрсөткүчү менен факт жүзүндө берген суунун көрсөткүчү ар башка болуп калды. Насостун көрсөткүчүндө от казандарга толтура суу берилип жатканы байкалганы менен, чындыгында жарым көлөмдө эле берип жатыптыр. Ошондон улам башка дагы от казандар иштен чыга баштады.

Жыйынтыгында 27-январдагы ызгаар суукта Бишкек Жылуулук борбору сегиздин ордуна эки от казанды гана иштетип жатты. Ушундан улам көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары арасында үй муздап, нааразычылыктар башталган.​

Бишкектеги суук бийлик менен элди сынады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

28-январга караган күнү насостук станцияны адистер ыкчам оңдоп, калган от казандарды суу менен толтуруп, ишке киргизүү орун алган. Бирок Бишкек ЖЭБинин директору Нурлан Өмүркул уулу 29-январга карата болгону алты от казан иштеп жатканын маалымдап, дагы экөөнү жылуулук борбордун адистери ишке киргизүү аракетин көрүп жатканын “Азаттыкка” айтты.

Нурлан Өмүркул уулу
Нурлан Өмүркул уулу

- ТЭЦ толук кандуу жылуулукту бериш үчүн дагы эки от казан жетпей жатат. Азыр дагы бир от казан жаңыдан жагыла баштады. Бирок ал жумушка кириш үчүн толук жылып, параметрлери чыгыш керек. Ошондой эле жакын арада дагы бир от казанды жага баштайбыз деп турабыз.

Бишкек Жылуулук электр борборунда жалпысынан 18 от казан бар. Адистерге аларды ишке киргизүү кыйынчылыктар менен коштолууда. Алсак, 29-январда эртең менен кошумча бир от казанды ишке киргизип жатканда түтүктөрдөн суу агып, ишти токтотту. Буга карабай Бишкек ТЭЦи жакынкы мөөнөттө борбор үчүн керектүү сегиз от казан толугу менен иштей баштайт деп убада берүүдө.

386 млн. доллардын изи менен

Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу былтыр жайында пайдаланууга берилген. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланып, кошумча эки энерго блок курулган.

Анткен менен ушул учурда бул эки энергоблоктун бири иштебей турганы маалым болду. “Электр станциялары” ААК директорунун орун басары Бердибек Боркоев экинчи энергоблок иштеген маалда деле тийиштүү жылуулукту бербейт дейт.

- Себеби экинчи энергоблок жылуулук эмес, электр энергиясын өндүрүүгө багытталган. Ошондой эле бул энергоблокту ишке киргизүү үчүн өтө көп көлөмдө суу керек. Ал үчүн 9-10 саат жөн эле суу толтурууга керектелет. Бирок биздин жылуулук борбордо кошумча от казандар болгондуктан, алар тез арада жылый турганын эске алып, ошолорду ишке киргизүүнү чечтик. Себеби биз бир учурда 5-6 от казанды катары менен киргизе албайбыз.

Ушундан улам азырынча 386 миллион доллар турган энергоблоктун экинчиси качан иштей турганы белгисиз калууда.

Бишкек ЖЭБи
Бишкек ЖЭБи

Муздаган Бишкек өкмөттү күнөөлөдү

Социалдык түйүндө Бишкек ТЭЦи жана тийиштүү бийлик өкүлдөрү катуу сынга кабылышууда. 28-январда эле борбор калаада жетиштүү деңгээлде жылуулук болот деп айтылып, бирок иш жүзүндө абал өзгөрбөгөндүктөн модернизацияга кеткен миллиондордун отчетун жарандык коом талап кыла баштады.

Энергетика жаатындагы эксперттер да Жылуулук борборго жумшалган кытай насыясынын изи белгисиз кеткенин айтышууда. Эксперт Жаныбек Оморов 386 миллион долларга Бишкекке жаңы ТЭЦ куруп койсо болмоктугун айтат.

- Ошол акча кошумча 300 мВт кубаттуулукка кетти. Эгерде салыштырып көрсөк бул акчага жаңы деле ТЭЦ салып койсок болмок. Ошол эле акчага кубаттуулугу андан да көбүрөөк электр энергия чыгара турган гидростанция курса болот. Бийлик андан көрө ошол жагын караса болмок.

Түзүлгөн кырдаалдан улам Бишкек ТЭЦинин жетекчилиги, өкмөт башчысы баш болгон тийиштүү кызматкерлер шаардыктардан кечирим сурап, чукул арада маселе оң жагына чечилерин билдиришүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалды талкуулады.

Ал арада Кыргызстандын УКМК баш болгон бир катар тергөө органдары жылуулук борбордогу абалды ар кандай иш-чаралардын алкагында текшерүүгө киришти.

Жылуулук борборунун бузулушунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG