“Азаттык”: Биометрикалык паспортко өтүү менен Сириядагы согушка азгырылып жаткан кыргызстандыктарга толук болбосо да, кандайдыр бир деңгээлде бөгөт койсо болобу?
Тайырбек Сарпашев: Албетте. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматты чогултуунун негизги максаттарынын бири – мамлекеттин коопсуздугун коргоо жана жарандардын документалдык эсебин тактоо. Анткени бүгүнкү күндө эки жарым миң жаран экиден паспорт алып жүргөнү тууралуу маалыматтар түшүүдө. Иликтей келгенде мындан да көп болушу мүмкүн.
Бирдиктүү биометрикалык маалымат чогулса, бир жаран бир гана паспорт алып жүрө алат. Ошондуктан бул сөзсүз түрдө эл аралык экстремисттер, уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө жаңы мүмкүнчүлүк берет.
“Азаттык”: Биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны канчага жетип калды?
Тайырбек Сарпашев: Кечээ кечки саат 4 менен 5тин ортосунда өлкөнүн эки миллионунчу жараны биометрикалык маалыматын тапшырды. Бул 16 жаштан жогору жарандардын жалпы санынын 52% ашты десек болот. Баткен, Талас, Нарын, Ош облустарынын көпчүлүк райондорунда биометрикалык маалымат тапшыруу иштери аяктап калды. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда, Бишкек шаарында, Чүйдө иштер кызуу жүрүүдө.
“Азаттык”: Буга чейин маалыматтарды топтоо кыргыз жарандары көп жүргөн өлкөлөрдө да жүргүзүлөрү айтылган эле. Чет өлкөлөрдө бул иштер кандай өтүүдө?
Тайырбек Сарпашев: Мигранттарыбыз эң көп жүргөн өлкө – Орусия. Үч айдан бери “Манас”, Ош аэропортторунан, мигранттар учуп кетип жаткан жерден биометрикалык маалыматтарды топтоп жатабыз. Мисалы, “Манас” аэропортунан күнүгө 300дөн ашуун адам өтүп келет. 5-6 жабдуу иштеп жатат.
Андан сырткары биз Орусияга тиешелүү жабдуу жөнөткөнбүз. Айдын соңунда Миграция министрлигинин өкүлдөрү менен кошо Орусияга бир аптага иш сапар менен барган жатам. Уюштуруу иштерин көзөмөлдөп, Орусиянын миграция министри менен жолугушуп, ал жерде топтолгон база тууралуу сүйлөшөбүз.
“Азаттык”: Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллиондон ашуун экени айтылып келген. Биометрикалык маалыматтарды топтоо менен бул санда канча айырма болушу мүмкүн? Бир аз мурда эки паспорт көтөрүп жүргөндөр аныкталып жатканын айтпадыңызбы.
Тайырбек Сарпашев: Мунун баары санды такташ үчүн болуп жаткан иш-чара. Биометрикалык маалыматты топтоп, апрель айында канча жаран бар экени жалпысынан такталып калат деген ойдобуз. Анткени январь, февраль, март айлары – активдүү фаза деп болжолдонууда.
2-3 айдын ичинде баарынан алып бүтөбүз деген план менен иштеп жатабыз. Апрелде так саны билинет. Себеби бүгүнкү күндө жалаң эле биометрикалык базаны топтобостон, шайлоочулар тизмесин да жыйноо жана буга чейинки тизмелерге салыштыруу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, тиешелүү органдарга жүктөлгөн.
“Азаттык”: Биометрикалык паспорттор качан бериле баштайт?
Тайырбек Сарпашев: Быйыл Сауд Арабиясынан эскертүү берилди, ажылыкка бара турган зыяратчыларды биометрикалык паспорт менен камсыздоо өтүнүчүн жөнөтүштү. Ошондуктан быйыл күзгө чейин биометрикалык паспортту талап кылган жаранга берүүгө милдеттүүбүз.