Бул маселеге өткөн апта этегинде уюштурулган Башкы прокуратурага караштуу Коррупцияга каршы аракеттер боюнча координациялык кеңеши да кайрылып, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушун берди. Анын алдында Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы жетекчи дайындалган.
Координациялык кеңеште маалым болгондой жарандыкты мыйзамсыз берген жетекчилердин көпчүлүгү административдик гана жоопкерчиликке тартылып, ал эми кылмыш иши козголгондордун бир тобу түркүн ыкма менен жазасыз калууда.
Маселен, Кызыл-Кыя паспорт столунун “Өзбекстандын төрт жаранына паспорт берди” деп кылмыш иши козголгон жетекчиси дагы эле иштеп жүрөт.
Дегеле калкты паспорт менен тейлөө кызматтарынын жоопкерчилигин кароо керектигин парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Жээнчороев сунуштады:
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?
- Каттоо кызматынын алдында “Инфоком” өңдүү компаниялар бар. Аларда иштеген адамдарда мамлекеттик кызматкер деген статус жок. Мисалы, Ош шаардык соту 40тан ашык жаранга мыйзамсыз паспорт берген адамга 120 миң сом эле айып салды. Аны башка берене менен соттоо мүмкүн эмес эле. Себеби, ал мамлекеттик кызматкер эмес. Ушундай адамдар паспорт системасында жүрүшөт. Жеңил жазанын айынан Өзгөн районунда жасалма паспорт жасаган бүтүндөй махалалар бар.
Жасалма паспорт Ошто көп жасалат
Мындай мисалдар көп экенин тартип кызматкерлери өздөрү да моюнга алып жатышат. Башкы прокуратуранын коррупцияга көзөмөл кылуу башкармалыгынын прокурору Арсланбек Хуршудовдун маалыматы боюнча прокуратура мыйзамсыз паспорт берүү жана паспорт жасоо жаатында 2012-2016-жылдар аралыгында 237 факт каттаган. Алардын көбү Ош облусуна таандык.
- Ош облусунан тышкары Чүй жана Жалал-Абадда мыйзамсыз паспорт берүү, паспорт жасоо фактылары катталып келет. Мыйзамсыз паспорт берүүдө 140 учур катталып, анын ичинде Кыргызстандын 88 жаранына мыйзамды бузуу менен паспорт берилген. Мындан башка Өзбекстандын 32 жараны, Тажикстандын төрт жана ошондой эле Орусия, Казакстан, Кытай өлкөлөрүнүн жарандарына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилип кеткен.
Ал эми Ички иштер министрлигинин паспорт берүүдөгү мыйзам бузуу боюнча айтканы сандары мындан да көп. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 2012-жылдан бери 6 миңден ашык адам эки пин код менен паспорт алган деп билдирди. Пин коддор кеминде 500 доллардан 1500 долларга чейин бааланган. Курсан Асанов пин код алмаштырган жарандардын көпчүлүгү Орусияда иштеп, “кара тизмеге” түшүп калгандар деди:
- Паспорттун пин коддорун өзгөртүүгө Каттоо кызматы менен Соцфонд кызматкерлеринин тиешеси болгон. Орусиянын “кара тизмесине” түшүп калган жарандар пин-кодду алмаштырып, андан соң паспортту да алмаштырып, кайра Орусияга кетүүнүн айласын көрүшкөн. Өзүңүздөр билгендей учурда деле 100 миңден ашык кыргызстандык “кара тизмеде” жүрөт.
Мыйзамды өзгөртүү сунушу
Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун айтымында, паспорт менен тейлөө кызматындагы мыйзам бузууларды "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү аркылуу гана тизгиндөө керек:
- Соттолгон адамдардан тышкары Каттоо кызматында жалданма кызматкерлер көп. Аларда мамлекеттик кызматкер деген статус жок. Биз булардын бардыгына паспорт системасындагы персоналдык маалыматтарды алууга уруксат бербешибиз керек.
Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн коррупцияга каршы координациялык кеңеш өз сунуштамаларын өкмөткө жөнөтүп, кыска убакта паспорт системасында иштеген адамдарга талапты күчөткөн мыйзам долбоорун жазуу тапшырмасын берди.
Анткен менен мамлекет канча мыйзам кабыл албасын, адам факторун жоймоюнча мыйзамсыз паспорт берүү көрүнүшүнөн арылбайбыз дейт Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Эмил Алиев:
- Азыр мыйзамсыз паспорт жасаткысы келген адамдар түптүз эле паспорт столдун башчысына кирет. Мыйзамды бузам деген адам оңой эле бузат. Ошондуктан кандай мыйзам болбосун адам факторун жоймоюнча терс көрүнүштөр боло берет. Биз адам баласы төрөлгөндө эле туулгандыгы тууралуу күбөлүктө бир пинди берип, аны өзгөртпөшүбүз керек. Бардык документтерди толтуруу автоматташтырылып, көзөмөлдү күчөтүү зарыл.
Өз кезегинде Мамлекеттик каттоо кызматы комплекстүү реформа жүрмөйүнчө айрым мыйзам бузган кызматкерлер сот аркылуу кайрадан иш ордуна кайтып келип жатканын айтууда. Андыктан Каттоо кызматы сот реформасыз кабыл алынган мыйзамдын эффективдүүлүгүн көрбөй жатканын жашырбайт.
Мамлекеттик каттоо кызматы май айынан тарта ID-кард үлгүсүндөгү ички паспорт берүүнү токтотуп, анын ордуна биометрикалык паспортторду бере баштаган. Аталган кызмат жаңы документтин коргоо белгилери эл аралык талаптарга жооп берет деп ишендирүүдө.
Өткөн жумада Каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев кызматынан кетип, ордуна орун басары Дастан Догоев дайындалды.